You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия АКШга Кант базасын сунуш кылды
- Author, Акчолпон Койчиева
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Ушу күндөрү кыргыз коомчулугу орус президенти Владимир Путиндин АКШ президенти Жо Байденге Афганистан боюнча маалымат алып туруу үчүн Кыргызстандагы Кант аскер базасын колдонууга сунуш эткенин талкуулап жатат.
Талкуу, бул стратегиялык кадамды АКШ кабыл алабы, анын Кыргызстан үчүн кандайдыр таасири болобу деген нукта эмес, орус президентинин Кыргызстандагы базаны үчүнчү тарапка - такыр башка мамлекетке сунуш кылууга укугу барбы деген багытта жүрдү.
Президент Путин июнь айында АКШы президенти Жо Байден менен Женевада өткөн жеке жолугушуусунда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Канттагы аскердик авиа базасын АКШга эки өлкө ортосундагы мамилелер салкын болуп турган учурда сунуштаганы, айрым эксперттерди таң калдырды.
"Бирок мында Орусия, Америка Кошмо Штаттарынын Борбор Азиядагы өлкөлөрдө туруктуу аскер базасын орнотушун алдын алуу максатында, өз көзөмөлү алдындагы жайды сунуш кылды", - дейт аскер-саясий маселелер боюнча эксперт Токтогул Какчекеев. Анын үстүнө АКШ сунушту кабыл алса Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Канттагы авиабазасын убактылуу гана колдонот.
"Учурда "Талибан" кыймылы, "ИГИЛ", можахеддер баш көтөрүп, алар тараптан коркунуч күч алышы толук ыктымал, андыктан АКШнын антитеррордук аракеттерине колдоо көрсөтүлүүдө", - деп белгиледи Какчекеев.
Чынында, АКШ баш болгон аскер күчтөрү Афганистандан дээрлик чыгып кеткени талибдер күч алып, өлкөнүн бир катар маанилүү аймактарын каратып алды. Алардын чабуулунан качкан тургундар, арасында афган кыргыздары, Тажикстанга чейин кирип келишкен.
Бул жагдай Орусия үчүн коопсуздук көйгөйүн жаратат. Өлкөнүн түштүктөгү чегин бекемдеп турган Борбор Азияга Афганистандан качкындардын келиши аймактагы саясий туруктуулукка терс таасирин тийгизиши ыктымал.
Канттагы базаны колдонгула деген сунушка АКШ жооп бере элек. Бирок Америка Афганистан боюнча Борбор Азия өлкөлөрүн кызматташууга үндөп, адегенде НАТО күчтөрү менен иштешкен миңдеген афган котормочуларын кабыл алуу маселесин талкулап жатат. АКШ бул боюнча Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан менен сүйлөшүп жатканын Рейтер агенттиги билдирди. Азырынча бул мамлекеттер талибдердин жазалоо коркунучуна кабылган котормочуларды кабыл алууга даяр экендиги тууралуу да макулдашууга жетише элек.
Стратегиялык милдет
Канттагы Россиянын авиабазасы ЖККУнун Борбор Азия аймагындагы ыкчам жооп берүү компоненти катары бекер жайгаштырылган. 2012-жылдагы аскердик кызматташтык тууралуу келишимге ылайык, кыргыз тарап бул авиациялык базанын коммуналдык кызматтарын жана тиричилик акысын көтөрөт.
"Канттагы база ошол жерде база болсун үчүн эмес, аймактагы коопсуздук үчүн турат. Ал уникалдуу жайда орун алган. База Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтык алкагында иш алып барып, стратегиялык милдетти өтөйт", - деген болчу Мамлекеттик Думанын депутаты Заварзин 2018-жылы Бишкекте болгондо.
Кыргызстан менен Россия ортосунда аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 35 ашык документке кол коюлган. Анын ичинен эң эле маанилүү документ бул - 2012-жылдагы 20-сентябрында кол коюлган Россиянын Кыргызстандагы аскердик объектилеринин макамы тууралуу келишими.
Анын негизинде өлкөдө Россиянын төмөнкү аскердик объектилери жайгаштырылган, алар: Каракол шаарындагы аскердик сыноо базасы, Спартак жана Чалдыбардагы эки байланыш түйүнү.
Россиянын бириккен аскер базаларынын туруу шарттарын караган өзүнчө макулдашуу 2017-жылдын 29-январынан тартып күчүнө кирген. Ал 15 жылга кабыл алынган, андан кийин беш жылга узартылып турат.