You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Индиядагы кыргыздар:"акча түгөндү, акыбалыбыз оор"
Ден-соолугуна байланыштуу Индияга барып, бирок карантин чараларынан улам мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдошту.
Учурда Дели шаарындагы “Камерон” мейманкасында кармалып жаткан кыргыз жарандарыны бири Үмүт Турдугүл кызы Би-Би-Си-ге буларды айтып берди.
Ү. Турдугул кызы: Индияга апамдын боорун алмаштырганы келгенбиз. Кудайга шүгүр, эжем донор болуп берип, операция ийгиликтүү аяктады. Анан эми үйгө кайталы десек бир айдан бери Бишкектен учактарыбыз оң келбей, карантин күч болуп кете албай жатабыз. Бул жерде биздей болгон алтымыштан ашык кыргызстандыктар бар. Бардыгы ден-соолугуна байланыштуу келгендер. Индияда коронавирус боюнча абал турукташты. Биз ар бир үч күндө ковидке ПЦР тест тапшырып жатабыз. Тазабыз.
Би-Би-Си: Индиядагы кыргыз элчилигине кайрылдыңызбы?
Ү. Турдугул кызы: Индиядан Кыргызстанга такыр рейс жок. Эптеп бул жердеги кыргыз элчилигинен суранып атып, чартердик рейс уюштуруп беришти эле. Эми Кыргызстан Индиядан чартердик рейстерди да кабыл албайбыз дегендей кылып жатышат. Биз бул жерге операция жасаталы деп келип, абдан чыгым болдук. Бардыгынын акчасы түгөнүп, оор акыбалда турушат. Кыргызстанга эптеп жетип алалы деп көздөрүбүз жалдырап отурабыз. Бул жерде мейманканада врачка келип көрүнөлү деп, ден соолугу айынан иши түшүп келген кишилер гана жатышат.
Би-Би-Си: Буга чейин да Индияда калып калып Мекенине келе албай калган кыргызстандыктар да болду эле. Анда маселе кандай чечилген?
Ү. Турдугул кызы: Май айында да так ушундай кырдаал түзүлүп, элчилик чертердик рейс уюштуруп берген экен. Бул жолу Кыргызстан кабыл албайбыз деген сөз болуп атат да. Биз мына билет алалы деп отурган элек. Кыргызстанда Индияда пайда болгон коронавирустун түрүнөн коркуп жатышыптыр. Бирок бул жакта абал тынчып, баары жайына эле келип калды. Эл кадимки турмушуна кирди. Биз кыргыздар “сактыкка кордук жок” деп мейманкадан ооруканага гана чыгып, кайра түз мейманкага келип жатабыз.
Би-Би-Си: Тикелей рейс менен келе албасаңыздар, башка жолдорду караштырсаңыздар болот бекен?
Ү. Турдугул кызы: Индиядан Өзбекстанга, Ташкентке аба каттамдар бар экен. Бирок билет жок болуп жатат. Алар биздей эле болуп бул жакка келип кете албай жаткан жарандарына камкордук көрүүдө. Өзбекстандан да бул жакка келген жарандар абдан көп экен. Жок дегенден Ташкент аркылуу кетели десек да, эч мүмкүнчүлүк болбой атат. (EKa)