You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Алты миң сомду жеп коюшту": "Түндүк электр" менен абоненттин чыры
“Түндүк электр” ишканасы шейшембиде карызы бар 2300 ашык абонентинин электр жарыгын өчүрдү. Булар негизинен коммерциялык субъектилер. Эмки кезек карызы көбөйүп кеткен үй-бүлөлөрдө. Өткөн айда эле эки жарым миңдей абонент өчүрүлгөн. Бирок алардын баарынын эле себеби окшош эмес. Көрсө, компаниянын койгон эсебине макул болбой, соттошуп жаткан дагы жарандар бар экен.
Бишкектик мугалим Нургүлдун “Түндүк электр” компаниясы менен кармашып келатканына көп болду. Компаниянын берген эсебине ал макул эмес, ал эми компания өзүнүкүн бербейт.
“Январда он миң ашыкча төлөндү деп макул болушуп, январда үч миңди бир айдыкы деп алышып, алты миң калган. Анан кийин алты миң жок болуп кетип атпайбы. Бул сиздин акчаңыз эмес, башка төлөгөн деп алты миңди жеп салып атат", - дейт Нургүл.
Бул жерде акылдуу деп аталган эсептегичтин иши боюнча дагы өзүнчө талаш бар:
“Булардын эсептегичинин жанына мен өзүмдүн эсептегичимди коюп койгом да. Меники менен булардыкынан эки башка айырма чыгып атат. Миң киловаттай көп чыгып атат”.
Ошентип карыздын топтолуп калышында дайым эле керектөөчү күнөөлүү боло бербеши мүмкүн. Керек болсо компаниянын акылдуу деп эсептеген счетчиктери да туура эмес иштеп жаткан болушу ыктымал.
Бирок компания дагы өзүнүкүн бербей келатат. Алардын жүйөсүн дагы угалы деп Бишкек шаарынын электр тармактар ишканасынын башчысы Максат Сагындыковго кайрылдык.
"Андай учурлар сейрек. Акылдуу счетчиктер туура эмес эсептеп жатат деп кайрылса, жеринде барып текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Андай арыздар азыр жокко эсе. Бирин-экин болсо, аны жеринде текшерип, реакция беребиз",-дейт Сагындыков.
Ал эми эсептегичтердин иштеши жөнүндө карапайым пенделердин оюна да келбеген өзүнчө сыры бар экен. Акылдуу эсептегич менен мурдагы эсептегичтердин эсебинде сөзсүз айырма чыгат дейт шаардын электр ишканасынын башчысы:
"Анткени, бул жерде класс точности деп коет. Индукциондук счетчиктики деген экиден үчкө чейин болушу керек. Азыркы коюлуп аткан акылдуу счетчик, анда кемчилик жок, бирок эсептегенде бир аз-бир аз айырма берет. Анткени акылдуу счетчик деген так эсептейт. Керек болсо, уюлдук телефонду зарядкага сайса, аны да эсептейт".
Ошентип эки жак ар кимиси өзүнүкүн бербей, талашып жаткан убагы. Бул чырга сот гана чекит коюшу мүмкүн. Азыр Нургүл электр компаниясы менен сотто кармашууга адвокаты менен даярданып жатат.
"Түндүк электр" компаниясына элдин карызы жыл башында 110 миллион сом экен. Азыр жарым жылдан кийин бул карыз 77 миллион сомго чейин азайыптыр.
Карызы барлардын электр жарыгын өчүрүү ар бир айда болуп турган иш. Мисалы, өткөн айда карызын төлөбөгөн эки жарым миңдей абонент өчүрүлгөн.
Ал эми коммерциялык субъектилер карызын беш күн төлөбөй койсо эле кара тизмеге кирип, электр жарыгы өчүрүлөт. (КС)