Орусиянын Киевге массалык чабуулу: Адам өмүрлөрү кыйылып, имараттар талкаланды

Чабуул

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бейшембиге караган түнү Орусиянын ракеталары жана дрондору Украинанын шаарларына сокку уруп, кесепетинен Киевде турак үйдүн бир бөлүгү кыйрады. Бийликтердин маалыматы боюнча, баш калаадагы кол салуудан кеминде жыйырмадан ашуун адам каза таап, ондогону жаракат алды.

Расмийлердин айтымында, каза болгондордун арасында төрт бала бар.

Мерт кеткендердин көбү шаардын Дарницкий районунун тургундары. Ал жерде түз сокку беш кабаттуу үйдүн бүтүндөй бөлүгүн талкалаган.

Кыйраган үйдүн айланасында куткаруучулар иштеп жатышат. Алар урандыларды тазалап, астында адамдар калып калышы мүмкүн болгон жерлерди текшерүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, дагы бир канча адам дайынсыз.

Окуя болгон жерге барган Би-Би-Синин кабарчысы бир нече өлгөн адамдын сөөгүн көргөн.

Уранды

Киев шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Тимур Ткаченконун айтымында, Киевге түнкү чабуулда куралдын бир нече түрү колдонулган: "Шахеддер", баллистикалык ракеталар, канаттуу ракеталар жана "Кинжалдар".

Соккулар шаардын Дарницкий, Днепровский, Соломянский, Шевченковский, Голосеевский, Оболонский жана Деснянский райондорунун 20дан ашык жеринде урулган.

Евробиримдиктин Киевдеги өкүлчүлүгүнүн имараты дагы жабыркады. Бул тууралуу X социалдык тармагында Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Марта Кос билдирди.

Уранды

Сүрөттүн булагы, Kostiantyn Liberov/Libkos/Getty Images

"Мен бул мыкаачылык чабуулдарды катуу айыптайм, бул Орусия тынчтыкты четке кагып, террорду тандаганынын ачык далили", - деп баса белгиледи ал.

Жакында эле Орусияда "каалабаган уюм" деп жарыяланган Британ кеңеши (British Council) жайгашкан имарат да жабыркаган.

Чабуул

Сүрөттүн булагы, Reuters

Шаардык аскерий башкармалыктын маалыматы боюнча, чабуул учурунда турак-жайлар, 25 кабаттуу имарат, кеңсе имараттары жана көптөгөн унаалар жабыркаган.

"Жалпысынан Киевде кайрадан жүздөгөн объектке зыян келди, сынган терезелердин саны миңге чамалап барат. Чабуулдун залакасы шаардын борборундагы соода борборуна дагы тийди. Шаардын ар кайсы жерлеринде сокку тийген объектилердин урандыларын көрүүгө болот, куткаруучулар ар бир жайды текшерип чыгууда",- деп жазган Ткаченко.

Дрон чабуулу учурунда "Интерсити" жүргүнчү поезди да жабыркаганын украиналык " "Укрзалізниця" компаниясы билдирди.

Автобазада чыккан өрт өчүрүлдү. Орусия соккусунан улам кээ бир жүргүнчү поезддерди багытын өзгөртүп, айрымдары кечигүүдө.

Чабуул
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Орусиянын бул ракеталары жана согуштук дрондору бүгүнкү күндө дүйнөдө апталар жана айлар бою ок атышууну токтотууга, чыныгы дипломатияга үндөп жаткандардын баарына ачык жооп. Орусия сүйлөшүү жолун эмес, баллистиканы тандайт", - деди Украинанын президенти Володимир Зеленский.

Зеленский чабуулга Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү менен жооп берүүгө чакырды.

"Орусиянын бул жоругунан кийин ага каршы жаңы катуу санкцияларды киргизүүнүн убактысы келди. Бардык мөөнөттөр өтүп кетти, дипломатиянын ондогон мүмкүнчүлүктөрү жок кылынды. Орусия ар бир сокку, бул согуштун ар бир күнү үчүн жоопкерчиликти сезиши керек", — деди ал.

Орусиянын Коргоо министрлиги бейшемби күнү түш ооп орус аскерлери түн ичинде Украинанын аскердик-өнөр жай ишканаларына жана аскердик авиабазаларына топтук сокку урганын билдирди.

Министрлик сокку учурунда "Кинжал" аэробаллистикалык ракеталары жана согуштук дрондор колдонулуп, алар "бардык белгиленген буталарды" атканын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги турак-жайларга болгон соккулар боюнча эч кандай комментарий берген жок.