Путиндин согушту колдобогон үзөңгүлөшү кызматтан кетүүдө

Сүрөттүн булагы, TASS
Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак кызматтан кетти. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Владимир Путин бийликке келгенден бери эле анын ишеничтүү адамы болгон Козак ачык билдирбегени менен Украинадагы согушка каршы чыгып келген.
Бейшемби күнү кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Козакты кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Мунун алдында Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Козак өз каалоосу менен иштен кетип жатканын айткан.
Бир күн мурда бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде РБК жана Forbes өз булактарына таянып, Козак кызматтан кетип жатканын жазышкан эле.
РБКнын булактарынын ырасташынча, Козак бизнеске өтүү боюнча ар кандай сунуштарды карап жатат. Бул мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлер арасында кеңири жайылган практика болуп калды.
"Интерфакстын" булактарынын бири Козактын талапкерлиги президенттин Түндүк-Батыш федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына каралып жатканын билдирди.
Учурдагы ыйгарым укуктуу өкүл Александр Гуцанды Владимир Путин бейшемби күнү башкы прокурордун кызматына сунуштаган. Бул кызмат Игорь Краснов Орусиянын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалгандан бери бош турган.
Козак Владимир Путиндин көп жылдардан берки ишеничтүү адамдардын бири болуп, жыйырма жылдан ашык убакыттан бери Кремлде жана Орусиянын өкмөтүндө өзөктүк кызматтарды аркалап келген.
Ал 1990-жылдардын башында Путин менен Санкт-Петербургдун мэриясында Анатолий Собчактын тушунда иштеген. 1996-жылдагы шайлоодо Собчак жеңилгенден кийин Путин Москвага багыт алган, ал эми Козак 1998-жылга чейин Смольныйда ишин уланткан.
1999-жылы Путин орус өкмөтүнүн төрагасы болуп дайындалганда Козак да Москвага көчүп келип, көп өтпөй Министрлер Кабинетин жетектей баштаган. 2000-жылы Путин Орусиянын президенти кызматына киришкенде, Козак анын администрация башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Сүрөттүн булагы, Vladimir Gerdo/TASS
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Андан кийин Козак Түштүк федералдык округунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган (жана Түндүк Кавказ республикаларындагы жаңжалдуу кырдаалдарды жөнгө салууга катышкан), ошондой эле регионалдык өнүктүрүү министри жана вице-премьер-министр болуп иштеп, Сочидеги Олимпиада оюндарына даярдыктарды көзөмөлдөгөн.
Ал 2020-жылы президенттин администрациясына Антон Вайнонун ордуна анын орун басары кызматына кайтып келген.
Козак ошондой эле чек ара кызматташтыгы жана чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыктардын ишин көзөмөлдөдү. Ошондой эле Украинадагы жаңжалды "Норманд төрттүгү" форматында (Орусия, Украина, Германия, Франция) жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө Орусиянын атынан катышкан.
Ушул жылдын август айынын этегинде Козак жетектеген Кремлдин эки башкармалыгы тең жоюлган. Алардын ордуна стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча бир башкармалык түзүлгөн, анын куратору президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Кириенко болгон.
Медиа каражаттары жазгандай, Украинанын Кировоград облусунда төрөлгөн Козак Путиндин айланасындагы Орусиянын Украинага кол салуусун колдобогон жалгыз жогорку даражалуу аткаминер болгон.
Атап айтканда, Forbes басылмасынын булагы Козак 2022-жылы "атайын аскердик операция" башталгандан кийин эле президенттик администрациядан кетүүгө даяр болгонун маалымдайт.
Reuters басылмасынын булактары ырастагандай, 2022-жылдын 21-февралында Коопсуздук кеңешинин журналисттер үчүн жабык жыйынында Козак Украинада согуштук аракеттерди баштоого каршы чыгып, 24-февралдан кийин Киев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Москва үчүн принципиалдуу маселелер боюнча (мисалы, НАТОго кирүүдөн баш тартуу) бир катар мунасаларга жетише алган. "Бирок, орус президенти акыр соңунда бүтүмдү четке кагып, согушту улантууну талап кылган" деп жазган эле 2022-жылдын августунда агенттик.

Сүрөттүн булагы, TASS/Alexei Druzhinin
Козак Украинадагы согуштук аракеттерге каршы чыгып келгенин үстүбүздөгү жылдын август айында "New York Times" гезити да жазган. Гезиттин булактарына караганда, бул жылы ал Путинге ок атышууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча дагы бир сунушун берген.
Натыйжада Козак Украинадагы согушка тиешелүү позициясынан улам "Путиндин көңүлүн калтыргандай" жана президентке болгон таасирин жоготкон сымал – ал соңку убактарда эл алдына дээрлик чыкпай калган жана "иш жүзүндө эч нерсеге жооп бербей калды" деп жазган эле New York Times.
Ошол эле маалда гезиттин бир катар булактарынын маалыматына ылайык, Козак "кандайдыр бир деңгээлде Путин менен байланышты сактап калган", себеби орус президенти "көптөн берки ишеничтүү адамдарга берилгендиги" менен айырмаланат.
Путин Козакты өзүнөн алыстатып койгонун 2022-жылдын жазында эле Би-Би-Синин Орус кызматынын булактары айтышкан.
"Козак бюрократ катары "Норманд төрттүгү форматында" ишти жана Минск макулдашууларын аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну жактап келген. Ал бул багытта кандайдыр бир ийгиликке жетүү үчүн дагы бир аз убакыт керек деп эсептечү. "Бирок "ата" бул мезгилде башка бир реалдуулукта жашап калган", - деп айткан Би-Би-Синин маектештеринин бири. Көптөгөн орус аткаминерлери Владимир Путинди адатта "ата" деп аташат.
Булактардын ырасташынча, формалдуу түрдө Козакка тапшырылган багыттардан 2022-жылы Украина гана эмес, Приднестровье да чыгарылган. Аны көзөмөлдөө милдети де-факто күч органдарына өткөрүлүп берилген.
Козак өзү ушул кезге чейин ачык билдирүүдөн карманып келди. Ал ошондой эле Кремлден кетүү тууралуу билдирүүсүнө комментарий бере элек.
Дмитрий Козак Путиндин ишеничтүү адамы катары Кыргызстандын расмий жетекчилери менен утур-утур жолугуп, өлкөгө да бир нече жолу келип кеткен. 2020-жылкы октябрь окуялары маалында өлкөдө саясий кризис өкүм сүрүп турганда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен көрүшкөнү, жолугушууга Садыр Жапаров да катышканы кабарланган.































