Башкы прокуратурадагы жоголгон акча шалаакылыкты шардана кылдыбы?
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, official
Башкы прокуратура сейфтен жоголуп кайра ордуна коюлду делген 700 миң доллар чуусу боюнча билдирүү таратты.
Буга чейин бир нече маалымат каражаттары жоголгон акчаны Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Рустам Абдрасулов кумарканага уттуруп жибергенин жазып чыгышкан.
Көзөмөл органы Адырасуловдун каражатты кумарканага уттурганын четке кагууда. Мекеме ордуна коюлган каражат ээсине кайтарылып жатканын күбөлөндүргөн видео да таратты.
Башкы прокуратуранын түшүндүрмөсү
Маалыматта айтылгандай, Башкы прокуратура жасалма документтер аркылуу 1 млрд. 478 млн. рублди чыгарып кетүү фактысын тергеп жаткан. Бул ишке банк жана укуккоргоо органдарынын кызматкерлеринин катыштыгы болгону айтылды.
Мекеме тергөөнүн алкагында айыпталуучулардан өндүрүлгөн 20 млн. доллар каражат ээлери болгон орусиялык ишкерлерге кайтарылганын билдирүүдө. Сейфтен жоголгон 700 миң доллар жабырлануучулардын калган акчасы болгон.
"762 500 доллар жума күнү жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү аяктагандыктан акчаны Абдырасулов кызматтык сейфте убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүгө тийиш болчу. Бирок апта башында Абдырасулов үч күн жумушка чыкпагандыктан текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында прокурордун кызматтык сейфинде акча жок болуп чыккан", – деп жазылат маалыматта.
Мындан улам Абдырасулов акчаны кымырып алууга шектелип кармалган. Эртеси анын жакындары 762 500 долларды тергөөгө өткөрүп бергени айтылат. Башкы прокуратура өз кызматкери кумарканага барбаганын эки фактор менен ишендирүүдө.
Биринчиси, Кыргызстандын жарандары мыйзам боюнча кумарканалардын кардары боло албайт. Экинчиси, Абдырасулов акчаны уттуруп жибергенде кумаркана акчаны кайтарып бербейт болчу дешүүдө.

Сүрөттүн булагы, official
Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Комолдинов 1 млрд. 478 млн. рублди чыгарып кетүү фактысы боюнча башка маалымат берилбей турганын Би-Би-Сиге билдирди. Бирок ал тергөө жүргүзүлүп жаткан учурда кайтарылган каражаттарды ээлерине берүүгө мыйзам жол берерин ырастады.
Шалаакы мамиле адатка айландыбы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда тергөө үчүн далил катары алынган баңгизат, баалуу металдар же акча каражаттары укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан “жок болуп” кеткен мисалдар буга чейин да болуп келген.
Жыл башында Биринчи май райондук милиция кызматкери далил катары сакталып турган 30 кг баңгизатты кымырып алууга шектелип, аларга иш козголгон.
Башкы прокуратура тараткан маалыматта, тартип сакчылар кыңыр ишин жашыруу үчүн кымырып алган баңгизаттын ордун сапаты начар баңгизат менен алмаштырып, жетпей калганына таш салып койгону аныкталган. Бул иш сотко өткөнү менен аягы эмне менен аяктаганы али белгисиз.
2022-жылы Токтогулда милиция кызматкерлери далил катары сакталып турган баңгизатты уурдап алганы прокуратура тарабынан аныкталган.
Ушундай эле факты 2020-жылы Бишкекте катталган. Анда милициянын үч кызматкери үч килограммдай баалуу металды (маалымат каражаттары алтын экендигин жазган) кымырып алганы кабарланган.
2019-жылы УКМКдан 200 миң доллардын жоголушу мындай окуялардын эң эле чуулгандуусу болгон. Сөз болуп жаткан каражаттын жок болуп кетишине кайсы бир саясатчынын күйө баласынын тиешеси бар экендиги ошол учурда байма-бай айтылган. Акча мурдагы прокурор Улан Чалбаевдин пара менен кармалышындагы эң башкы далил болчу. Атайын кызмат акча мамлекетке киреше катары которулган деп кечигип билдирүү таратканы менен күмөндүү жагдайлар ачыкталбай кала берген.
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев далил заттардын уурдалып кетиши мурдатан болуп келген көрүнүш экенин четке какпайт.
“Биздин убакта дагы ушундай фактылар болуп, мындай ишке барган кызматкерлер жоопко тартылган учурлар болгон. Тергөөдөгү буюмдардын жоголушу кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып такалат. Мисалы сатып жиберүүнү көздөшү мүмкүн. Негизи алынган далил буюмдарга тергөөчү керт башы менен жоопту. Эгер ал жоголуп кеткен болсо анда ал тергөөчүнүн шалаакылыгы. Далил буюмдардын жоголушу эң эле жаман көрүнүш. Мындай болбошу керек. Эгер далил заттар жок болсо кылмыштын бетин ачуу кыйынга турат", - деди экс-министр.

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg
Адвокат Нурбек Токтакунов далил бумдарга шалаакы мамиле жасалып, тергөө учурунда жок болуп кетишине соттордун күнөөсү бар деген пикирде. Ал өзүнүн айткандарын мындайча чечмелеп берди.
“Бул соттор менен тергөөчү, айыптоочулар ортосундагы уюшма коррупциянын белгиси. Соттор тергөөчү менен айыптоочуладан далил буюмду алып келгиле деп талап кылышпайт. Экспертизанын корутундусунун негизинде чечим чыгарууга көнүп алышкан. Муну билген укук коргоочулар далил буюмдарды сотко чейин эле каалагандай колдонуп, жок кылып жиберишет. Далил зат жоголуп кеткен иште соттор шектүүнү акташы керек. Ошондо тергөөчүлөр менен айыптоочулар буга олуттуу мамиле кыла башташат”, - деди адвокат.
Далил буюмдарды сактоо жана аны сотто кароо жазык-процесстик кодекси менен аныкталат. Мыйзамда соттук иштер аяктагыча көпчүлүк далил заттар жок кылынып же мамлекетке өткөрүлбөшү керек.
Бирок акча каражаттары тергөөдөн кийин сүрөт же видеого тартылып, ээсине кайтарып берсе болору мыйзамдын 89-беренесинде жазылып турат.































