You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Америкалык аскерлер Канада менен чек арадан төртүнчү “тыңчы” аппаратты атып түшүрдү
Америкалык аскерлер Канаданын чек арасына жакын жердеги Гурон көлүнүн жанында дагы бир белгисиз учуучу аппаратты атып түшүрдү. Бул февраль айынын башынан бери болуп жаткан мындай окуялардын төртүнчүсү.
Мичиган конгрессмени Элисса Слоткиндин айтымында, объект АКШ аба күчтөрүнүн жана Улуттук гвардиянын учкучтары тарабынан жекшембиде атып түшүрүлгөн. "Бул миссияга катышкан ар бир адам үчүн мыкты иш” деди ал Твиттерде.
Wall Street Journal гезитинин канадалык расмийлерге таянып жазганына караганда, табышмактуу аппарат АКШ чек арасынан 22,5 км алыстыкта атып түшүрүлгөн.
Конгресстин жардамчыларынын бири алты чакырымдан ашык бийиктикте учуп жүргөн бул объект октагон формасында болгон жана коммерциялык учактар үчүн коркунуч туудурганын билдирген.
Америкалык маалымат каражаттары АКШ администрациясынын атын атагысы келбеген өкүлүнө шилтеме жасап, аппаратта бир нече жип илинүү болгонун жазды.
Пентагон кулап түшкөн аппарат аскердик көз караштан алганда коркунуч туурдайрбай турганын, бирок америкалык аскерлер аны чалгындоо максатында колдонсо болорун маалымдады.
Түндүк Американын үстүнөн атып түшүрүлгөн аппараттар
4-февраль: Америкалык аскерлер Түштүк Каролина жээгинде тыңчы деп мүнөздөлгөн шарды атып түшүргөн. Америкалык расмийлердин айтымында, ал стратегиялык объектилерде эмне болуп жатканын байкоо үчүн Кытайдан келген жана бир нече күн учуп жүргөн.
10-февраль: Алясканын түндүгүнө жакын жерде дагы бир бута атып түшүрүлгөн. Анын эч кандай кыймылдаткычтары же башкаруу системасы болбогонун америкалык аткаминерлер кабарлады.
11-февраль: Американын чек арасынан 160 км алыстыкта Канаданын аба мейкиндигинде учуп жүргөн аппарат атып түшүрүлгөн. Анын көлөмү биринчи атылган шардан кичине, цилиндр формасындагы объект катары сүрөттөлгөн.
12-февраль: АКШнын аскердик учагы Гурон көлүнүн жанындагы төртүнчү бутаны атып түшүрдү.
Гурон көлүнүн үстүнөн атып түшүрүлгөн учкучсуз аппарат дем алыш күндөрү болгон башка окуялар менен байланышы бар-жогу азырынча белгисиз. Федералдык авиация башкармалыгы департаменттин операциясын колдоо үчүн адегенде Монтана штатынын, андан кийин Мичиган көлүнүн үстүнөн жарандык учактар үчүн аба мейкиндигин убактылуу жапкан. Кийинчерээк аба мейкиндиги кайра ачылган.
10-февралда президент Жо Байден Алясканын үстүндө учуп жүргөн, көлөмү "чакан унаадай" деп айтылган табышмактуу учуучу аппаратты атып түшүрүүнү буйруган. Учактын кайдан келип, эмне тапшырма аткарып жүргөнү расмий кабарланган жок.
11-февралда Канаданын аба мейкиндигинде учуп жүргөн белгисиз аппарат америкалык аскердик учактар тарабынан атып түшүрүлгөнүн Канаданын премьер-министр Жастин Трюдо билдирди.
Канаданын коргоо министри Анита Ананд ишемби күнкү брифингде аппарат болжол менен 12 км бийиктикте учуп жүргөнүн жана жарандык учактардын коопсуздугуна коркунуч туудурганын кабарлаган. Бул объекттин көлөмү кичинекей жана цилиндр формасында болгон.
4-февралда америкалык аскерлер кытайлык тыңчы деп мүнөздөлгөн шарды жок кылгандыктан, Вашингтон жогорку даярдык абалын жарыялады. Кытай бул адашып кеткен изилдөө аппараттары болгон деп ишендирүүдө.
Жекшемби күнү АКШ Сенатынагы демократтардын лидери Чак Шумер 10-11-февралда атып түшүрүлгөн объекттер чалгындоочу шарлар болгонун ABC телеканалына билдирди. (SA)