Украинадагы согуш жылдын аягына чейин бүтөт деген божомолдорго ишенүүгө болобу?

Орусия согуштук аракеттер жүргөн зонанын тышында Украинанын шаарларына күн сайын абадан чабуул коюуда. Сүрөттө: 19-октябрда Днепропетровск облусунун Шахтерское шаарына дрондор менен коюлган чабуулдардын кесепеттери

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия согуштук аракеттер жүргөн зонанын тышында Украинанын шаарларына күн сайын абадан чабуул коюуда. Сүрөттө: 19-октябрда Днепропетровск облусунун Шахтерское шаарына дрондор менен коюлган чабуулдардын кесепеттери
    • Author, Олег Черныш
    • Role, Би-Би-Си Украина кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

Дональд Трамп менен Володимир Зеленскийдин Ак үйдөгү жолугушуусунан кийин эки лидер орус-украин согушун жакын арада токтотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айта башташты. Ушул эле тезисти украиналык депутаттар да бир нече жумадан бери кайталап жатышат. Бирок мындай божомолдорго ишенүүгө болобу?

Күздүн башынан бери оппозициядан да, бийликчил партиядан да бир нече украин саясатчысы согуштук аракеттер жакынкы айларда, тагыраагы, ноябрдын этегинде же Рождество майрамына чейин бүтүп калышы ыктымал деген божомолдорду айта башташты.

"Биз согуш бүтүшү ыктымал деген учурга жакындап калдык. Мен сизге муну так айтам. Бул согуш сөзсүз бүтөт дегенди билдирбейт, бирок президент Трамп Жакынкы Чыгышта көп нерсеге жетишти жана ушул ыргак менен ал Орусиянын Украинага каршы согушун токтоткусу келет", - деди президент Зеленский Вашингтондогу сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып.

Америкалык Politico басылмасынын булактарынын ырасташынча, украин президенти орус армиясынын Украинанын чыгышындагы азыркы чабуулу бул согуштагы акыркысы болуп калышы мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу Зеленский сентябрдын орто ченинде өткөн жабык жолугушууда өз партиясынын депутаттарына айткан.

Жылдын аягына чейин согуштук аракеттерди токтотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов "жакшылыктан үмүт кыларын" гана айтты. Ал эки тарап тең бири-бирине ыңгайлашып, мамилени өзгөртүп жатканын кошумчалады.

Украин парламентинин депутаттары Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчисине салыштырмалуу өз божомолдорун чечкиндүүрөөк билдиришүүдө.

Депутаттардын үмүтү

Украинанын саясатчылары кеңири масштабдагы согуш 2022-жылдын февралында башталганда эле бүтөт деп болжолдошконун эске сала кетүү зарыл.

Анткен менен мындай сөздөр 2024-жылдын этегинде жана 2025-жылдын башында жанданды. Бул сөздөрдү АКШда бийликке Дональд Трамптын келиши да кызытты, себеби Трамп орус-украин согушун кыска убакыттын ичинде токтоторун бир нече жолу убада кылган. Иш жүзүндө болсо, бул мөөнөттөр эбак өттү жана согуштук аракеттердин жүрүшүнө анчалык деле таасирин тийгизе алган жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Февралда эле мурдагы президент жана ири оппозициялык "Европалык тилектештик" партиясынын лидери Петро Порошенко Украинада шайлоо 2025-жылдын 26-октябрында өтөрүн айткан. Согуш маалында шайлоону өткөрүү мүмкүн болбогондуктан, мындай сценарийди ишке ашыруу үчүн бул күнгө чейин согуштук аракеттерди токтотуу талап кылынмак.

Порошенко шайлоо октябрда өтөт деген маалыматты "тартип коргоо органдарындагы, Улуттук биримдик министрлигиндеги, Борбордук шайлоо комиссиясындагы жана канча бюллетень керек экенин азыртадан эле тактап жаткан "Украина" басмаканасындагы булактардан алганын айткан.

"Ошондуктан, шайлоо жылдын аягында өтөт деп ойлойм. Шайлоо эмнеге байланышы керек? Жылдын аягында Конституция боюнча парламенттик шайлоо өтүшү керек. Негизи шайлоо эки жыл мурда эле өтүшү керек болчу. Ал эми октябрдын аягында жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгиленген", - деди Порошенко "Цензор.Нет" басылмасына берген маегинде.

Бул божомол ишке ашып кетет деген мүмкүнчүлүгү жок экени айкын.

Петро Порошенко парламенттик шайлоо октябрдын аягында өтөрүн айткан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Петро Порошенко парламенттик шайлоо октябрдын аягында өтөрүн айткан

Октябрдын башында дагы бир тажрыйбалуу саясатчы, "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко согуш жакында бүтүп каларын айткан.

"Мисалы, маалыматтарды билип туруп, мен бул согуш жакында бүтөт деп эсептейм. Биз баарыбыз буга чындап үмүттөнөбүз жана мунун үстүнөн баарыбыз иштеп жатабыз", - деди Тимошенко "Украина радиосуна" берген маегинде.

"Европалык тилектештиктин" дагы бир өкүлү Алексей Гончаренко да "согуштун аягы чындап эле көрүнүп калды" деген инсайдерлик маалыматын жарыялады.

"Балким, азыр согуштук аракеттерди токтотуу үчүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси ачылып жатат", - деп эсептейт саясатчы.

Гончаренко кандай окуяларды мындай сценарийдин кыйыр белгилери деп эсептей турганын түшүндүрдү. Биринчиден, Путиндин Трампка 16-октябрдагы телефон чалуусу орус президентинин демилгеси менен болгон. Депутаттын баамында, буга Кремлдин Ак үй чындап эле Киевге алыс аралыкка учуучу Tomahawk ракеталарын жана алар үчүн Typhon жерден учуруу системаларын берет деген кооптонуусу себеп болушу мүмкүн.

Экинчиден, Гончаренко АКШнын маалыматы боюнча, Индия Вашингтондун басымы астында орус мунайын сатып алууну 50% кыскартып жатканына көңүл бурат. Бул Орусиянын мунайдан түшкөн кирешесинин азайышына алып келмекчи.

"Бул Путинди биротоло бурчка такоого мүмкүнчүлүк бар дегенди билдирет. Ошондо балким, акыры тынчтыкка жол ачат", - деп жыйынтыктайт Гончаренко.

Гончаренко азыр “тынчтыкка жол ачкан” мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт

Сүрөттүн булагы, Ukrinform/NurPhoto via Getty Images)

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гончаренко азыр "тынчтыкка жол ачкан" мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт

Канчалык кызыктай угулса да, оппозициялык депутаттардын "жакында тынчтык орнойт" деген тезисин Рададагы бийликчил фракциянын мүчөлөрү да кайталай башташты. Мисалы, "Элдин кызматчысы" партиясынан депутат, Зеленскийдин парламенттеги мурдагы өкүлү Федор Вениславский да согуш жылдын аягына чейин бүтөт деп болжолдойт.

"Ашып кетсе [согуштук аракеттердин аягына чейин] бир нече ай калды деп ойлойм. Мындай деп да айтсак болот: жылдын аягына чейин мунун баарын токтотууга реалдуу мүмкүнчүлүк бар", - деген эле ал сентябрда.

Анын фракциялашы Юрий Камельчук да эгерде алдыдагы айда Зеленскийдин, Путиндин жана Трамптын үч тараптуу жолугушуусу өтсө, Рождествого чейин (бул майрам Украинада 25-декабрда белгиленет) согуштук аракеттерди токтотуу мүмкүн экенин айтты.

"Эл кызматчысынын" дагы бир өкүлү, депутат Максим Бужанский салгылашуу кийинки айда бүтөрүн болжолдойт. "Ноябрдын аягына чейин согуштук аракеттер токтойт деп үмүттөнөм. Мен азыр тынчтык, согушту токтотуу, макулдашууларга кол коюу жөнүндө сөз кылган жокмун" деди ал "Телеграфка".

Согуштун аягы көрүнчүдөйбү?

20-октябрга карата абал боюнча, Орусия 2022-жылдын күзүндө Конституциясына киргизген Украинанын төрт облусунун бирин да (Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон) толук көзөмөлдөгөн жок.

Буга карабастан орус армиясы Кремль "буфердик" деп атаган башка региондордогу майда аймактарды басып ала алды. Сөз Харьков, Сумы, Днепропетровск жана Николаев облустарындагы тилкелер тууралуу болуп жатат.

Орус-украин согушунун жүрүшүнө көз салып келаткан аскерий аналитиктер менен серепчилер согуштук аракеттердин аяктап баратканынан чындап кабар берген белгилердин бар-жогу боюнча ар кандай пикирде.

Бирок алар бир нерседе орток пикирде: Владимир Путин чындап эле согуштук аракеттерди токтотууга кудуреттүүбү жана Дональд Трамп бул максатка жетүү үчүн кысым көрсөтүүгө даярбы деген суроо биринчи планга чыкты.

Мисалы, Разумков борборунун тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук боюнча программаларынын жетекчиси, запастагы подполковник Алексей Мельник бул учурга жакындап калганынын белгилери бар деп эсептейт.

"Бурулуш учур жакындап калды деген жүйөлүү сезим бар. Башкача айтканда, бул кандайдыр бир жеке деңгээлде пайда болгон сезим эмес, бул бурулуш учур жакындап калганынын белгилүү бир көрсөткүчтөрү бар", - деп белгиледи ал Би-Би-Си Украин кызматы менен болгон маегинде.

Мындай "көрсөткүчтөрдүн" мисалы катары ал Трамптын акыркы айларда орус армиясынын күчүнө жана согуш талаасындагы жетишкендиктерине тиешелүү бир нече билдирүүлөрүн келтирди. АКШнын президенти орус армиясын "кагаздан жасалган жолборс" деп атаганы маалым.

Мельниктин баамында, дагы бир маанилүү көрсөткүч – бронетехникага жана келишим менен согушка катышып жаткан ыктыярчыларга баа бергенде Кремлдин ресурстары түгөнүп баратат.

Орусиянын аскерлери оккупациялап алган Украинанын аймагы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын аскерлери оккупациялап алган Украинанын аймагы

"Орусия тез арада калыбына келтирилип, согуштук аймакка жөнөтүлүүчү советтик курал-жарактын запастарын, армияга мажбурлоосуз тартууга боло турган аскерлерди дээрлик түгөттү", - деп белгилейт талдоочу.

Ошол эле маалда талдоочу Орусия ушул тапта согуштук аракеттерди токтотууга "даяр эмес" экенин болушунча көрсөтүп жатканын айтат. Анын баамында, бул Владимир Путинге кол алдындагылар экономиканын абалы жана фронттогу жылыштар тууралуу ашыкча оптимисттик отчетторду берип жатканы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Орусияда бронетехниканын запастарынын азайышы жөнүндө тезиске кайрыла турган болсок, анда бир нерсени белгилей кетүү керек: OSINT талдоочулары Орусиянын базаларында жүрүп турган 100гө жакын гана танк калганын аныкташкан. Калган 2,5 миңи оңдоого муктаж же жараксыз.

Аскерге алуунун ыргагынын басаңдашына келсек, бул тенденция Орусиянын көпчүлүк аймактарында акыркы бир нече айда байкалууда.

Бирок аскердик-саясий эксперт, New Geopolitics Research Network платформасынын директору Михаил Самусь депутаттардын "согуштун аякташы" жөнүндөгү билдирүүлөрүндө эч кандай негиз жок деп эсептейт.

Биринчи кезекте Путин өзүнүн талаптарынан, мисалы, Донецк облусунун бүт аймагын Москванын карамагына өткөрүү боюнча талабынан баш тартууга даяр эмес экенин көрсөткөн жок. Бул украин бийликтери үчүн кабыл алынгыс талап, муну Зеленский да буга чейин бир нече жолу ачык айткан.

Самусь экономиканын жана армиянын абалы Орусияга жок дегенде бир жыл жигердүү согуштук аракеттерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенет. Анын маалыматына ылайык, орус армиясына келишимдин негизинде аскерлерди алуу дагы эле жетиштүү деңгээлде, экономикадагы көйгөйлөр Кремлди согушту токтотууга макул болууга мажбурлай тургандай олуттуу эмес.

"Экономикада көйгөйлөр бар экени айкын. Бирок Путин быйылкы кышта да, 2026-жылда да согуш жүргүзө аларына ишенип жатканы көрүнүп турат. Путинде согушту токтотууга эч кандай зарылчылык жок", - деди Самусь.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнө аскерлер жетпей жатат жана фронттун линиясын кармап туруу үчүн дрондорго көбүрөөк таянууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын Куралдуу күчтөрүнө аскерлер жетпей жатат жана фронттун линиясын кармап туруу үчүн дрондорго көбүрөөк таянууда

Самустун ырасташынча, окуялар эки нукта өнүккө учурда гана согуштук аракеттерди токтотуу мүмкүн болот. Алар: Украинанын капитуляциясы же Трамптын Орусияны тынчтыкка мажбурлоо үчүн чечкиндүү аракеттери.

"Трамп Путинге акыркы жолу реалдуу мүмкүнчүлүктү берип жатканын айтышы керек: "Же азыр ок атышууну токтотосуң же мен Украинага болгон куралдарды өткөрүп берем, анда мен өзүмдөн курал-жарактарды өткөрүү боюнча бардык чектөөлөрдү алып салам. Ошондо өзүңдөн көр! Бир жыл бою телефон чалсаң да жооп бербейм. Анан бир жылдан кийин байланышабыз" дегенде гана Путин кыжаалат боло баштайт", - деп эсептейт эксперт.

Украиналык тарыхчы жана аскерий серепчи Михаил Жирохов согуштун интенсивдүүлүгүн азайтпастан улантууга эки тараптын тең күчү да, каражаттары да жетиштүү деп ишенет. Анын айтымында, Орусия жыл башынан бери жалдаган ыктыярчылардын саны ага "карызга" согуш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бронетехниканын тартыштыгына келе турган болсок, талдоочунун айтымында, алар учурда согуш талаасында маанилүү ролду ойнобойт жана сейрек колдонулат: негизги ролду дрондор аткарууда. Жирохов кышында согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгү төмөндөйт деп күтсө болорун мойнуна алды, бирок бул ресурстардын түгөнүшүнө эмес, сезондук факторго байланыштуу болмокчу.

Украин депутаттарынын "согуштун бүтүшү" жөнүндөгү билдирүүлөрүнө келсек, аскерий серепчи муну "шайлоо алдындагы фальстарт" деп атайт. Анын айтымында, согуштук абалды узартуу үчүн добуш берүү депутаттардын позициясынын чыныгы көрсөткүчү болот.

Украинанын аскердик-саясий жетекчилиги элдешүүгө же согуштун аякташына аз калды деген маалыматты ачык айта элек.

Башкы командачы Александр Сырский 17-октябрда Украинанын Куралдуу күчтөрү Кремлдин "маанилүү райондорду жана калктуу конуштарды көзөмөлгө алуу" планын "ийгиликтүү талкалап" жатканын билдирди. Анын пикиринде, америкалык Tomahawk ракеталары Орусияны тынчтыкка мажбурлай алмак.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы 2025-жылы украин армиясы Орусиянын чабуул пландарын “ийгиликтүү жокко чыгара алганын” билдирди

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы 2025-жылы украин армиясы Орусиянын чабуул пландарын "ийгиликтүү жокко чыгара алганын" билдирди

"Бул ракеталарды колдонуу менен орус агрессорун согушту токтотууга жана адилеттүү тынчтыкты орнотууга мажбурласа болот", - деп айтылат Сырскийдин билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командачылыгындагы булак Би-Би-Синин Орус кызматына согуштук аракеттердин аякташынын белгилери чындап эле көрүнүп калганын белгилейт.

"Бокстогудай акыркы раунд болуп жаткандай сезим бар. Эки мушкер тең абдан чарчады, бирок алар жеңишке жетүү үчүн акыркы мүнөткө чейин чечүүчү соккудан үмүттөнүп, калган күчү менен бирин-бири "былчылдатып" жатышат", - атын атагысы келбеген офицер сезимдерин ушинтип түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул "акыркы раунд" жылдын аягына чейин же ашып кетсе, 2026-жылдын жазына чейин созулушу мүмкүн. (ZMa)