Кадыровдун туугандары Чеченстанды кантип башкарат, бул алардын келечегине кепилдик бере алабы?

Чеченстанда бийлик системасы ата-бала Кадыровдордун керт башына сыйынууга негизделген. Рамзан Кадыров үчүн мунун оң да, терс да жактары бар: бир жагынан, баары ага баш ийет, экинчи жагынан, эгер ал көз жумса, анын айланасындагылардын эч кимисине кепилдик жок. Ар кыл булактардын билдиришинче, республика жетекчисинин ден соолугу жакшы эмес. Ушундай шартта Кадыров өз туугандарын бийлик түзүмдөрүнүн жетекчилик кызматтарына дайындоого аракеттенүүдө. Би-Би-Синин орус кызматынын эсеби боюнча, учурда Кадыровдун 80ден ашуун тууганы Чеченстанда жогорку кызматтарды ээлеп отурат.
Адам биринчи жолу үйлөндү
27-июнда Чеченстандын Ахмат-Юрт (мурунку аты — Центорой) айылында чоң үлпөт той өттү. Тойго чейин айылды жаап салышып, кирип-чыгууга конокторго гана уруксат берилген.
Күйөө бала өз үлпөтүнө чектелген сериядагы Mercedes-Benz G-Class унаасы менен келди. Дүйнөдө мындай үлгүдө болгону 460 гана машине чыгарылган, баштапкы баасы — 190 миң доллар. Санкциялардан улам мындай унааларды расмий түрдө Орусияга алып кирүүгө мүмкүн эмес. Бирок Кадыровдордун айылы Ахмат-Юртта өзүнчө "мыйзамдар" иштейт.
Соцтармактарга тараган кыска видеодо күйөө бала колуна тапанча кармап, бир нече жолу абага ок чыгарып жатат. Ошол учурда анын колунда баасы 2 миллион доллардан ашкан Jacob & Co. Billionaire ASHOKA үлгүсүндөгү сейрек саат көрүнөт.
2012-жылы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров үйлөнүү тойлору учурунда ок атууга тыюу салган эле:
"Бизде мурда үйлөнүү үлпөтү учурунда ок атылчу. Бул кортеждердин жүрүшүндө да болуп турчу. Биз буга катуу тыюу салганбыз, азыр мындай учур абдан сейрек болот", — деген ал ошол маалда.

Сүрөттүн булагы, Instagram
Бирок бул окуя өзгөчө "сейрек учур" катары бааланган көрүнөт. Анткени үйлөнгөн бала Рамзан Кадыровдун өз уулу болчу.
"Менин иним Адам үйлөнүп жатат", — деп жазды Рамзан Кадыровдун улуу кызы Айшат Орусияда тыюу салынган Инстаграм социалдык тармагында. Ал: "Адам биринчи жолу үйлөнүп жатат!" деп тактап өттү.
Бул сөз жөн жерден айтылган жок. "Новая газета Европа" 2024-жылдын июнунда жазгандай, Чеченстан башчысынын үчүнчү уулу Адам Кадыров бир жыл мурда, болгону 16 жашында диний нике кыйдырган. Ошол эле күнү анын 17 жаштагы агасы Зелимхан (Эли) да үйлөнгөнү кабарланган. Эгерде үйлөнүү кортежиндеги унаалардын бири жол кырсыгына учурабаса, балким, ал тойлор тууралуу коомчулук билбей да калмак.
Эмне үчүн Адам үчүн расмий той бир жылдан кийин гана уюштурулганы тууралуу так маалымат берилген жок. Бирок "Новая газета Европа" журналисттеринин айтымында, ага Владимир Путиндин "жаш өспүрүм менен" той алдында жолуккусу келбегени себеп болгон. Кремль Адамды өтө жаш деп эсептегени айтылган.
Быйыл болсо Путин Адам Кадыровду кабыл алып, жолугушуу жылуу маанайда өткөнү кабарланды. Дал ушул жолугушуудан кийин Чеченстанда расмий той өткөрүлдү.

Сүрөттүн булагы, RAMZAN KADYROV
Айшат Кадырова жазгандай, Адамдын жубайынын аты Медни. Би-Би-Синин булактарынын бири, колуктуну көргөн адамдын айтымында, ал Кадыровдордун эң жакын санаалашы болгон Адам Делимхановдун небереси.
"Агентство" басылмасынын билдиришинче, нике кыйылган учурда кыз болгону 14 жашта эле. Расмий түрдө Орусияда никеге турууга 18 жаштан баштап уруксат берилет, бирок "олуттуу себептер" болгон учурда жергиликтүү бийлик жашы жете электердин никесине жол ачып берет.
YouTube платформасында жети жыл мурда тартылган видео сакталып калган: анда кичинекей кыз — болжол менен Медни өзүнүн чоң атасын туулган күнү менен куттуктап жатат.
Ошентип, уулунун никеси аркылуу Рамзан Кадыров эң таасирдүү санаалаштарынын бири менен тууганчылык байланышын бекемдеди.
Ур-токмок үчүн сыйланды
Рамзан Кадыровдун балдарынын ичинен эң көп чуу жараткан — Адам. Ал эки жыл мурда Грозныйдагы тергөө абагында Никита Журавелди сабаган. Журавель башында Куранды өрттөгөнү үчүн "динге ишенгендердин сезимин мазактоо" айыбы менен соттолгон, кийинчерээк Украинанын Коопсуздук кызматы менен кызматташкан деген айып да кошулган.
Никита сабалган учур тартылган видеону алгач Чеченстан башчысы өз баракчасына жарыяланган. Анда Рамзан Кадыров уулунун аракетин ачык эле колдогон.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Адамга эч кандай айып тагылган жок, тескерисинче, марттык менен сыйланды. Ур-токмоктон бир нече күн өтпөй, ага "Чеченстандын Баатыры" наамы ыйгарылды. Наам ыйгарылганын жарыялаган Адам Делимханов Кадыровдун уулун "өзгөчө билимдүү, ар тараптуу өнүккөн жана максатка умтулган жаш адамдын жаркын үлгүсү" деп мүнөздөдү.
Көп өтпөй Адам Кадыров Чеченстан башчысынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Делимханов бул чечим "абдан мыйзам ченемдүү" болгонун, анткени Рамзан Кадыровдун сүйүктүү уулу үчүн "ар-намыс жана абийир түшүнүктөрү биринчи орунда турарын" айткан. Адам атүгүл "Орусиянын рекорддор китебине" кирип, 15 жашында аймак башчысынын коопсуздук кызматын жетектеген эң жаш жетекчи катары катталды. Бирок мындай дайындоо Орусиянын эмгек мыйзамдарына каршы келет.
2025-жылдын 31-мартында Рамзан Кадыров Адамды Чеченстандын ИИМ башкармалыгынын аймактык куратору кылып дайындады. Бул штаттык кызмат болбосо да, ага министрликтин оперативдик жыйындарына катышууга жана негизги кызматтарга талапкерлерди тандоого мүмкүнчүлүк берет.
Кадыровдун бул үй-бүлөлөр менен кандай байланышы бар?


Мындан бир ай өтпөй, Адам Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Адегенде жеке гвардияны, андан кийин ИИМди көзөмөлдөп, кийин Коопсуздук кеңешинде кызмат же өкмөттөн орун алган сыяктуу Адамдын карьералык жактан өсүшү атасы Рамзан Кадыровдун жолун эске салат.
Чеченстанда күч түзүмдөрүн көзөмөлдөө бийликтин эң жогорку тепкичине алып барчу негизги жол катары саналат. Ошондуктан эксперттер Рамзан Кадыров өзүнө мураскер катары так ушул Адамды даярдап жатат деп божомолдошот.
Ал эми шаан-шөкөт менен коштолгон үйлөнүү той мураскерди чечен коомчулугу менен Кремлге "чоңоюп, бышып жетилгенин" көрсөтүү үчүн өткөрүлгөндөй.
Убактылуу эмгекке жарамсыз
Чеченстандагы саясий өзгөрүүлөр, анын ичинде республика башчысынын балдарынын тез карьералык өсүшү, Рамзан Кадыров үчүн бурулуш болгон 2019-жылдан кийин башталды. Ал учурда Кадыров "убактылуу эмгекке жарамсыздыгын" айтып, өргүүгө чыккан. Ал муну сасык тумоого кабылганы менен түшүндүргөн.
Бир жылдан кийин, 2020-жылдын январында Кадыров кайрадан "убактылуу эмгекке жарамсыздыгынын" айынан өргүү алган. Ал эми 2023-жылы ал мындай "өргүүгө" үч жолу чыгып, Владимир Путиндин Москвадагы Федералдык жыйынга кайрылуу аземине катышкан эмес. 2024-жылы да президенттин кайрылуусуна барган жок. Кадыров соцтармакта трансляциядан алынган скриншотторду гана жарыялап, кайрылууну Чеченстандан көргөнү белгилүү болду. Ал эми Кремлде өткөн иш-чарага жакын санаалашы Адам Делимханов гана катышкан.

Сүрөттүн булагы, Vyacheslav Prokofyev/KREMLIN
Би-Би-Синин чечен өкмөтү менен байланышы бар маектеши ошол кезде Рамзан Кадыровдун олуттуу оорусу бар экенин билдирген.
"Новая газета Европанын" маалыматына ылайык, сөз уйку безинин некрозу тууралуу болгон. Бул басылманын журналисттери 2023-жылы Кадыровдун абалы кескин начарлап, анын ооруканага жаткырылганын жана дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын жазышкан. Анын "өргүүлөрү" дал ушул жагдай менен түшүндүрүлгөн. Ошол маалда чет өлкөдөн үн каткан айрым чечен блогерлери Кадыров өлүм алдында жатканын да айта башташкан.
Рамзан Кадыров коомчулук алдына ырааттуу чыкпай калган маалда, 2023-жылдын март айында Владимир Путин капысынан анын 17 жаштагы уулу Ахмат Кадыров менен жолукту. Бул Рамзан Кадыровдун тун уулу. Блогерлер бул жолугушууга өзгөчө маани беришкен. Себеби ал 2004-жылдагы окуяны эске салган. Анда Рамзан өз атасы өлтүрүлгөндөн кийин Кремлге барган эле.

Сүрөттүн булагы, RAMZAN KADYROV
Ал кезде өспүрүмдүн Чеченстандын башчысынын ролун талап кылып жатканына эч ким олуттуу түрдө ишенген эмес, бирок Рамзан Кадыровдун балдары чындап эле расмий маалыматтарда көбүрөөк чыга баштаган.
Спорт министри эч качан жеңилбейт
Эксперттердин айтымында, Рамзан Кадыров жакындарын республиканын ар кандай кызматтарына жайгаштырып, алардын таасирин бекемдөөгө аракет кылууда. Атын атагысы келбеген чечен саясат таануучу билдиргендей, бул кандайдыр бир кырдаалда өзү жок болсо да, туугандары анын ордун толуктап, таасирин сактап калуу үчүн жасалып жатат.
Маселен, Медни менен Рамзан Кадыровдордун уулу Ахмат 2022-жылдан тарта аймактагы жаштар саясатына активдүү аралашып, 16 жашында өзүн көрсөткөн. 2024-жылы болсо дене тарбия жана спорт министри кызматына дайындалып, кийинчерээк "Ахмат" футбол клубун жетектей баштаган. Мүмкүн, Рамзан Кадыровдун көз карашында бул логикалык чечим: Ахмат 10 жашынан тарта эрежесиз мушташ (ММА) турниринде мелдешип, спорттук карьерасында жеңилип көргөн эмес.
Рамзан Кадыров мураскер катары тун уулун даярдаса логикага туура келмек. Бирок чечен саясатында кимдин биринчи төрөлгөнү эмес, адамдын белгилүү бир функцияларды аткаруу жөндөмү чечүүчү ролду ойнойт. Ахматтын "жарандык" коомдук образы алгач анын спорттук мелдештерге катышуусу аркылуу жаралган. 2022-жылдан кийин ал көбүнчө жаштар, социалдык жана спорттук блоктордун өкүлү катары тааныла баштады. Ахмат зордук-зомбулукка байланышкан коомдук чыр-чатактарга аралашкан эмес, күч түзүмдөрү менен да байланышы жок. Анын министр катары коомдук образы көбүрөөк тынч мүнөздө. Чечен саясатынын контекстинде бул жумшактык катары бааланат. Ал эми мындай сапат аймактын лидери үчүн жараксыз нерсе.

Экинчи уулу — Зелимхан (Эли) "Ахмат" мушкерлер клубунун башкы директору жана Чеченстандын бокс федерациясынын президенти. Ахмат сыяктуу эле Эли да жаш кезинен тарта мушташ өнөрү менен тыгыз байланышта, бирок кийин иниси Адамдай мамлекеттик кызматтарга ээ болгон жок. Ал спорт тармагында гана калды. Бул болсо атасынын көзү өтсө ага жана Кадыровдорго саясий упай алып келбейт. Эли үй-бүлөгө башка жол менен, нике аркылуу жардам берди. Аны сенатор Сулейман Геремеевдин кызына үйлөндүрүшкөн, ошентип Кадыровдор дагы бир таасирдүү чечен үй-бүлөсү менен куда-сөөк болуп калышты.
Бирок маселе башкада: федералдык мыйзам боюнча аймактын башчысы болуп 30 жашка чыккан Орусиянын жараны гана шайланат. Ахмат азыр болгону 19 жашта, Эли 18де, ал эми Адам болгону 17 жашта. Азыркы мыйзамга ылайык, Адамда атасынын ордун ээлөө дымагы болсо, 2038-жылга чейин күтүшү керек болот.
Ошондуктан бул аймак үчүн күтүлбөгөндөй көрүнүш болуп, жок дегенде убактылуу болсо да, мураскер аял болушу мүмкүн деген пикир айтылып келген.
Париж подиумунан вице-премьердин креслосуна жеткирген жол
2020-жылдын февраль айы. Рамзан Кадыров Крымдын аннексиясын колдогону үчүн Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргенине алты жыл болуп калган учурда, анын 21 жаштагы кызы, Firdaws мода үйүнүн жетекчиси Айшат Кадырова Парижде өтө турган көргөзмө алдында Би-Би-Сиге маек берип:
"[Коллекцияны] негизин тоо, асман жана эдельвейс камтыйт. Бул гүл — сүйүүнүн жана берилгендиктин символу. Сегиз жыл мурун атам апама эдельвейстен гүлдесте тартуулаганын көргөм. Ал гүлдөрдү табыш үчүн үч күн тоодо жүрүүгө туура келген экен. Ошондо мен бул окуяны мода тили менен айтып берүүнү самагам", — деген эле.
Чеченстан башчысынын кызы Firdaws мода үйүн болгону 17 жашында жетектеп, modest fashion стилиндеги мусулмандардын кийим брендин активдүү жайылтып, медиада көп чыга баштаган. Ага чейин Айшат жалгыз жетишкендиги, 14 жашында Куранды толугу менен жаттап чыкканы менен белгилүү болчу.
Айшат журналисттер менен сүйлөшүүдөн тартынчу, жанында ага жоопторду шыбырап турган адамдар бар эле.

Сүрөттүн булагы, LUCAS BARIOULET/AFP via Getty Images
Сырттан караганда жоош көрүнгөн Айшат Парижге барганга чейин, 2017-жылы Грозныйда аялдардын эротикалык ич кийимдерин жана интимдик аксессуарларды саткан дүкөн ачкан. Бул тема республикада сөз кылууга болбой тургандыктан, чечен бийлиги расмий түрдө мындай дүкөн болгон эмес деп билдирген. Ошол эле учурда Айшат "руханий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сыйлаган коомдо кыз, эже же жубай кандай болушу керектигинин үлгүсү" катары сыпатталган.
Айшатты 21 жашында саясатка түртө башташты. Алгач ал маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалса, бир жылдан кийин министрликти өзү жетектеп калды.
"Тууганым болгону үчүн жөн эле эч качан эч кимди кызматка койгон эмесмин. […] Качан болбосун ал ишин алып кете албаса, мен дароо датасын белгилеп, кызматтан алам. Ошондо өмүр бою ага так калган болот. Ошондуктан бул кызмат анын чоң жоопкерчилиги", — деп түшүндүргөн атасы.
Рамзан Кадыровдун баамында, кызы өз милдетин жакшы аткарган. Акыркы бир нече жылда Айшат Чеченстанда бир катар сыйлыктарга ээ болду, алардын ичинде "Адам укуктарын коргоогону үчүн" медалы да бар. Бул сыйлык "жарандардын конституциялык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кошкон чоң салымы үчүн" берилет, бирок Айшат бул укуктарды кантип коргогону белгисиз. Мындан тышкары ал "Ата Мекен алдындагы эмгеги үчүн" сыйланып, өзүн-өзү Донецк элдик республикасы деп жарыялаган аймактын жетекчилиги ага "Достук орденин" тапшырган.

Сүрөттүн булагы, DENIS PUSHILIN
2023-жылдын октябрында 24 жаштагы Айшат Чеченстан өкмөтүнүн төрага орун басары болуп дайындалды. Бул Кадыровдор кланы үчүн эң маанилүү дайындоолордун бири болду. Натыйжада федералдык бюджеттен социалдык программаларга, курулушка, билим берүү тармагына, жөлөкпулдарга жана саламаттык сактоого кеткен каражаттардын олуттуу бөлүгү үчүн жоопкерчилик ага жүктөлдү.
Жогорку даражалуу кызматка карабай, Айшат көп маек берген эмес. Аны негизинен "Грозный ТВнын" сюжеттеринде көрсөтүшөт, бирок видеолордун көбүндө ал үн катпайт. Интернетте анын чечен үйлөнүү үлпөттөрүнө тиешелүү салттар жөнүндө же жаңы маданият министринин дайындалышы тууралуу бир нече гана кыска комментарийлери бар.
Жакырчылыктын чегинде
Айшат Кадырова вице-премьердик кызматта бир жылдан ашуун иштеген мезгилде мугалимдерди жана жазуучуларды сыйлык аркылуу колдоону сунуштап, Москвада вице-премьер Татьяна Голикова менен жолугушуп, Украинадагы согушта курман болгон чечен аскерлеринин балдарына Ахмат Кадыров атындагы фонддон 10 миң рублден акча тараткан. Расмий түрдө республика жетекчилиги бул фондду чечен ишкерлери ыктыярдуу түрдө каржылайт деп билдирген, бирок фондго каражат негизинен бюджеттик кызматкерлердин айлыктарынан мажбурлап кармалат деген далилдер көп.
Чеченстандын социалдык сектору оор учурду башынан кечирип жатат. Акыркы жылы жумушсуздук бир аз азайганы менен, жакырчылыктын деңгээли өтө жогору бойдон калууда. 2023-жылы, Айшат кызматка келген кезде, Чеченстандагы ар үчүнчү үй-бүлө айына 14 миң рублдан аз кирешеге жашап, жакырчылыктын чегинде калган. Өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөр эң аялуу катмарды түзөт: 107 миң үй-бүлөнүн ичинен 104 миңи үч же андан көп балалуу. Мындай үй-бүлөлөрдүн дээрлик жарымында ата-энелердин бири да расмий жумушка орношкон эмес.

Сүрөттүн булагы, Yelena Afonina/TASS
Айлык акынын динамикасы боюнча рейтингде Чеченстан Орусиядагы эң артта калган аймактардын бири болуп чыкты (бул статистикага аннексияланган Крым да киргизилген). Ал эми жашоо деңгээли боюнча 2024-жылы Чеченстан 85 аймактын ичинен 65-орунда турган.
Акыркы эки жылда Чеченстан саламаттык сактоого бөлүнгөн каражатты көбөйттү (мурда бул тармакта да аутсайдерлер катарында болчу). 2025-жылы республикалык бюджеттин 67,2% социалдык чөйрөгө багытталды. Бирок бул акчанын басымдуу бөлүгү социалдык саясат деп аталган беренеге кетет. Анын ичинде аскердик кызматын аткарып жатып каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү жана "тылдын эмгекчилерине" коммуналдык кызмат акысын төлөп берүү сыяктуу программалар бар. Ал эми жакыр үй-бүлөлөрдү түздөн-түз колдоого болгону 10,58 миллион рубль каралган. Бул 91,22 миллиард рубль болгон жалпы бюджеттин 0,012 пайызын түзөт.
2022-жылы Рамзан Кадыров аз камсыз үй-бүлөлөрдүн айрым эркектери Украинадагы согушка баруудан баш тартканын укканда, аларды "жатып ичерлер" деп атаган.
"Булар иштегиси келбеген адамдар. Алар адам эмес, эч ким эмес. Республика аларга миллиарддаган акча коротот, коммуналдык төлөмдөрүн төлөп берет, жардам көрсөтөт, ал эми алар иштегиси келбейт, курсагын сылап коюп жатышат. Мындайларды ишенбиликке чыгарып, бекер иштетүү керек", — деген Кадыров.

Сүрөттүн булагы, Vladimir Aleksandrov/Anadolu Agency via Getty Images
Кызматтык милдеттеринин алкагында Айшат Кадырова социалдык маселелер менен алектениши керек болчу. Бирок 2024-жылдын февраль айынын аягында ал күтүүсүздөн вице-премьердик кызматтан кетерин жарыялады. Бул иш "көбүрөөк күчтүү эркек кишиге ылайык" деп түшүндүргөн.
Эки жума өтпөй, "Верстка" басылмасы Айшат "Чечен минераллык суулар" компаниясынын жалгыз ээси болуп калганын аныктады. Буга чейин компания Ахмат Кадыров атындагы фондго таандык эле. 2023-жылы бул ишкананын кирешеси 1,4 млрд рублга жеткен.
Түндүк Кавказ боюнча эксперт Гарольд Чемберс мунун эки түшүндүрмөсү бар экенин айтат:
"Биринчиден, Айшаттын Ахмат Кадыров атындагы фонддо кызматка киришет. Улуу кызы катары апасы менен чоң энесинин жолун жолдой турганы логикалык жактан туура. Экинчиден, күчтүү патриархалдык түшүнүктөр бар. Анын бул кызматтан кетиши башкаларга, балким, келечекте жогорку кызматтарды ээлеши мүмкүн болгон инилерине жол ачат".
Чеченстанда вице-премьердин орду бүгүнкү күнгө чейин бош турат.
Кадыровдун 80ден ашуун тууганы жооптуу кызматта
Расмий маалыматка караганда, Рамзан Кадыровдун 14 баласы бар, анын жетөө жашы жете элек куракта. Алты бойго жеткен бала буга чейин аймактык башкарууга активдүү катышкан.
Экинчи кызы, 25 жаштагы Хадижат Кадырова Чеченстандын администрация башчысынын орун басары кызматына өткөн жылдын февраль айында дайындалган.
Ага чейин, 2020-жылдан тарта Грозныйдын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн жетектеген. Албетте, анын да "Чечен Республикасына сиңирген эмгеги үчүн" сыйлыгы жана Ахмат Кадыров ордени бар.

Сүрөттүн булагы, RAMZAN KADYROV
Рамзан Кадыров жакын туугандарын эмес, куда-сөөктөрүн да бийликке алып келди. Айшаттын күйөөсү Висхан Мацуев — Чеченстандын айыл чарба министри, ал эми Хадижаттын күйөөсү Адам Алханов саламаттык сактоо министри болуп саналат.
Ахмат Кадыров кызматтан кеткенден кийин жаштар иштери боюнча министрликти Кадыровдун төртүнчү кызы Табариктин күйөөсү Рамзан Висмурадов жетектей баштады.
Чеченстандагы "үй-бүлөлүк башкаруу" жаңылык деле эмес. Би-Би-Си 2018-жылы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, ошол убакта Рамзан Кадыровдун жок дегенде 45 тууганы республиканы башкарууга катышып турган. Азыр болсо балдары чоңоюп, өз үй-бүлөлөрүн кургандан кийин 80ден ашуун тууганы Чеченстандын бийлик структураларында орун алган.
Орусиянын "Коррупцияга каршы күрөш жөнүндөгү" мыйзамында мамлекеттик кызматкерлер жакын туугандарына (ата-эне, жубай, бала, бир тууган) түздөн-түз баш ийбеши керектиги көрсөтүлгөн.
Рамзан Кадыров өзүнүн туугандары менен досторунун расмий кызматтарды ээлеп турганын эч кандай эрөөн-төрөөн көрбөйт.

Сүрөттүн булагы, RAMZAN KADYROV
2020-жылы Рамзан Кадыров аталаш инилерин республикалык жетекчилик кызматтарга дайындаганда, туугандык эске алынганын моюнга алган, бирок аларды өзү эмес, атасы Ахмат менен байланыштырган.
"Кээ бирөөлөр мени туугандарын жана жакындарын кызматка дайындайт дешет. Чынын айтсам, ушул залга көз жүгүртсөңөр деле өкмөт менен администрацияда менин туугандарым канчалык аз экенин көрөсүңөр", — деп өкмөт жыйынында сүйлөгөнү күлкү келерлик болгон.
Бул "кемчиликти" Кадыров 2023–2024-жылдары ийгиликтүү "жойду": министрликтер анын балдары жана алардын жубайлары менен толукталды.
"Балким, Рамзан Ахматович өзү да ойлонуп жүргөндүр, жок дегенде анын туугандары, кудай сактасын, алардын улуу тууганы бул дүйнөдөн өтүп кетсе эмне болот деп ойлонушат болуш керек. Албетте, алар ар кандай кызматтарды ээлөө аркылуу өз позициясын бекемдегилери келет. Бул жерде кызмат деле маанилүү эмес, Кадыровдун тууганы болуу өзү эле абдан чоң артыкчылык. Бирок бул Кадыров бар кезде гана. Эгер бир күнү Кадыров болбой калсачы?" — дейт Чеченстанда көп жыл иштеген укук коргоочу Игорь Каляпин.
Балдардын башчысы
2018-жылы, Би-Би-Си Чеченстандын бийлик түзүлүшү тууралуу кеңири изилдөө жарыялаган маалда, чечим кабыл алган адамдардын арасынан Кадыровдор деген фамилияны алып жүргөн адамдар анчалык көп эмес экени белгилүү болгон.
"Досум, сиңирген эмгегиң болбосо, сенин фамилияң Кадыров болгону үчүн эле бир жерге жумушка орношо албайсың. Бизде, Кадыровдордо жумушка орноштуруш керек болгон адамдар көп. Аларды министр, депутат, жетекчи, генерал кылса болот, бирок алардын сиңирген эмгеги жок. Эмгек сиңирген адамдар гана көтөрүлө алат" — деген Кадыров.
Кадыровдун жакын чөйрөсүндө ар дайым бир нече маанилүү адам бар. Аларга Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов (айрым маалыматтарга караганда, ал Рамзан Кадыровдун аталаш агасы, бирок Би-Би-Си аны ырастай алган жок), Чеченстандын күч түзүмдөрү боюнча вице-премьери Абузайд Висмурадов (Кадыров менен бир мектепте окуган) жана Чеченстандын премьер-министри Магомед Даудов кирет.

Сүрөттүн булагы, Sergei Bulkin/TASS
Акыркы мезгилде Чеченстанда "Лорд" деген ат менен таанымал Магомед Даудовдун карьерасы гана өзгөрүүгө дуушар болду. Өткөн жылдын май айында, аймакта парламенттин төрагасы катары 9 жылдан ашык кызмат кылгандан кийин, Даудов күтүлбөгөн жерден отставкага кетти.
Ошол учурда Рамзан Кадыров " ага жумуш издеп жатабыз" деп кыска комментарий берген эле.
Жумуш табылды, бирок Кадыров күткөндөй болбой калды көрүнөт. Даудов Муслим Хучиевдин ордуна Чеченстан өкмөтүнүн төрагасы болуп дайындалды.
"Новая газета Европа" басылмасынын божомолу боюнча, башында Кадыровдун башка планы бар эле: ал "Лордду" республиканын чегинен сырткары жумушка орноштургусу келген. Даудовдун талапкерлиги Ингушетиянын башчысы кызматына көрсөтүлүүдө деген имиштер тараган. Бул Кадыров үчүн пайдалуу болмок. Гезиттин жазганына караганда, бирок Москва Кадыровдун күч түзүм кызматкеринин ушундай кызматка дайындалышына каршы чыккан. Ошондуктан азыр Даудов Кадыровдун көп сандагы туугандарына жетекчилик кылат.
Рамзан Кадыровдун жердештери да өздөрүнүн кызмат орундарын сактап калышты. Центарой (азыркы Ахмат-Юрт) айылы Кадыровдордун кланынын мекени. Ал жерден чыккандардын көпчүлүгү Рамзанга тууган, же аны менен чогуу өскөн, же Ахмат Кадыровго кызмат кылган адамдар. Демек, кенже Кадыров аларга ишенсе болот деп эсептейт.
Жеке керт башка сыйынуунун көйгөйү
Владимир Путин өз үй-бүлөсүн коомчулуктан катуу жашырып, алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурары белгилүү. Кээде ал мындай коргоону башка адамдарга да берип келген. Мисалы, бийликти ага өткөрүп берген Борис Ельциндин үй-бүлөсү толук кепилденген колдоого ээ болду. Ельцин отставкага кеткен күнү эле Путин ага жана анын жакындарына толук кол тийгис макам берген.
Ельциндин кызы Татьяна Дьяченко коррупцияга айыпталып келгенине карабастан, ал эч качан куугунтукка алынган эмес. Ал тургай ал "Нет войне" деген посту үчүн да жазаланган жок. Ал эми анын күйөөсү Валентин Юмашев 2018-жылга чейин Путиндин кеңешчиси болуп иштеген. Натыйжада Ельциндин мурдагы айрым чиновниктери да репрессияга туш болгон жок, ал эми үй-бүлө өз активдерин жана кол тийгис иммунитетин сактап калды.

Сүрөттүн булагы, VIKTOR DRACHEV/AFP via Getty Images
Ушундай эле жагдай Анатолий Собчактын үй-бүлөсүнө да тиешелүү. Путиндин саясий устаты болгон Собчактын жакындарына да атайын шарттар түзүлдү. Ксения Собчак кандай гана сөз айтпасын, олуттуу кысымга кабылган эмес. Ал эми анын апасы Людмила Нарусова бүгүнкү күнгө чейин Федерация кеңешиндеги ордун сактап калды.
Бирок Путинге каршы чыккан саясатчылардын балдары дайыма көйгөйлөргө туш болуп келген. Мисалы, Михаил Ходорковский камалгандан кийин анын уулу Павелге (АКШда жашап жатканда) адвокаттары аркылуу "өзүнүн коопсуздугу үчүн Орусиядан алыс болгон жакшы" деген кабар жеткен.
Киши колдуу болгон оппозициячы Борис Немцовдун кызы Жанна да анонимдүү коркутуулардан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Ал эми киши өлтүрүүгө айыпталган (өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес) Хабаровскинин мурдагы губернатору Сергей Фургалдын уулу да бийликтин басымына кабылганын айткан.
Эксперттердин пикиринде, Владимир Путин үчүн Рамзан Кадыровду колдоо — бул биринчи кезекте анын атасы Ахмат Кадыровго көрсөтүлгөн ыраазычылык. Анткени ал экинчи чечен согушунун башында Кремлди тандап, Путинди "чечен элинин куткаруучусу" деп атаган.
Ал эми Рамзан Кадыровдун өзүнө келсек, Путинди анын үй-бүлөсүнүн келечеги кызыктырары күмөн жаратат. Айрыкча регион башчылары үчүн белгиленген жаш курактык чектөөнү бузуп, анын уулу Адамга жол ачып берүүгө даяр эместей. Ошондуктан эгер Кадыров чындап эле бийликти уулуна өткөрүүнү кааласа, анда ага кыйла татаал план керек болот: креслону убактылуу, эл көзүнө гана кармап турууга даяр, ошол эле учурда Кремлди да канааттандыра турган адамды табуу зарыл.

Сүрөттүн булагы, ARTEM GEODAKYAN/POOL/AFP via Getty Images
Чеченстанда бийлик Кадыровдордун жеке керт башына сыйынууга негизделген, бул системаны көчүрүп алуу дээрлик мүмкүн эмес. Рамзан Кадыровдун ордуна ким келбесин (тактап айтканда, Кремль кимди жибербесин), ал адам чечен коомчулугунун алдында өзүнүн легитимдүүлүгүн далилдөөгө аргасыз болот. Бул жагынан алганда Кадыровдун көп сандаган туугандары жаңы лидерге тескерисинче тоскоолдук кылат.
"Аларды [туугандарды] башкаруу жеңилирээк.
Үй-бүлөлүк байланыштар теориялык жактан жогорку деңгээлдеги берилгендикти кепилдендирип, Кадыровго каршы ыктымал кутумдардын алдын алууну жеңилдетет. Акыр-аягы, бул дайындоолор чечен өкмөтү — бул Кадыровдордун үй-бүлөсүнүн синоними деген ойду бекемдөөгө жардам берет", – дейт Түндүк Кавказ боюнча талдоочу жана эксперт Гарольд Чемберс.
Рамзан Кадыров чечен маселесин чечти жана Кремлди толук канааттандырат. Бирок андан кийин жеке башка сыйынуу маселесин чечүү зарылчылыгы келип чыгат.
Атын атагысы келбеген Чеченстан боюнча эксперттин айтымында, Рамзан Кадыров өзү жакындарын коргоо үчүн үй-бүлөлүк корпорация түзүү натыйжалуу кадамды же жокпу, билбейт.
"Кадыров үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Анын колундагы ресурстар — туугандарын кызматтарга дайындоо, аларды кандайдыр бир деңгээлде Путинге көрсөтүү, жок дегенде анын коомдук колдоосуна ээ болууга аракеттенүү. Бирок Путин Кадыровдордун үй-бүлөсү жөнүндө ойлонобу — бул чоң суроо".
*Ошондой эле "Новая газета Европа" ачыктаган бир версия бар: ага ылайык, Адам Делимхановдун небереси Медни Адам Кадыровдун эмес, Эли Кадыровдун жубайы. Бирок Би-Би-Си бул маалыматты ырастаган далилдерди таба алган жок.
**"Верстка", "Кавказ.Реалии" жана "Агентство" басылмалары Орусияда "чет элдик агенттер" деп таанылган.
Редактор — Анастасия Лотарева. (Орусия бийлиги Анастасия Лотареваны да "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизген. Би-Би-Си бул чечимге каршы чыгып, сотко кайрылган.)































