Дары чөп өстүрүңүз, акча да, дары да болуп берет

Published

Тоо-ташка көк чыкканы сонун учур. Күн салкын, теребел жашыл тукабадай. Тоо-ташка ушинтип суктана баштаганда эле анан бир кыңыр иш башталат.

Чукулук эмес эле тинтүүрдөй болгон темирин көтөрүп, мүшөгүн жүктөнүп кайдагы бир “дыйкандар” эндик казып тоону томсорто баштайт. Көр чычкан бул жакта эле калсын, укмуш казат. Аң-чөнөк. Кен казды, тоону бузду деп башкаларды баарыбыз жети желмогуздай көрөбүз дагы, өзүбүз деле алардан  кем калбай казып киребиз.

Бир айырмасы: алар мыйзамдаштырдык деп тоодой трактор менен казат. А эндик казгандардын андайга "эби жок" болгондуктан “эптеп оокат кылып жатабыз, жыргагандан тамыр казып жүрөбүзбү, башка аргабыз жок” деп тамыр чукуп кирет. Урук чачканга жеткирбей кайра-кайра каза берсек ал такыр жок болуп кетээрин, аны кайра калыбына келтирүү тапкан каражаттан жүз эсе кымбат түшөрүн кантип түшүнбөйбүз?

Башка арга жок дегендер курулуш тармагы канча жумушчу жетпей миңдеп коңшу мамлекттен жумушчу жалдап келип, айласы кетип жүрөт го. Айлыктар 30 миң сомдон кемибейт экен. Кылам деген кишиге жумуш бар. Демек, эндик баштаган дары чөптөрдү казып жаткандарга баарлап түшүндүрүп, жакшылап көзөмөл кылбасак болбойт. Эндик деп укмуш тоолорду талкалабайлы. Жайы-кышы тоо-таштан түшпөгөн эко-активист эндиктин казылышына катуу кейип жүрөт.

“Дары-чөп дегендин өзү бизге табияттын белеги да. Демдеп ичсең чай, туура колдонсоң дары, жолун тапсан киреше. Аны терип жыйноонун өз жол-жобосу бар, бышкан учурда, уругун чачып үлгүргөндөй кылып, бир чарчы метр жерде өскөн дары чөптүн кайсы бир бөлүгүн гана алып, калганына кол тийгизбей дегендей. Азыр бизде кандай болуп жатат? Акчага алат экен деп эле эндикти тонналап казып, түп-тамырынан бери жоготубузбу? Өчүбүз барбы же ал биздин эле менчигибизби? Мынчалык суук колду салбашыбыз керек жер энеге. Казылган тамырлар кайда, канча тонна, эмне деп кимдер тарабынан чыгарылып жатканын тиешелүү мекемелер тыкыр көзөмөлдөш керек да. Кайсы тоого барба - эндик казып кеткен аң-чөнөк. Бооруң ооруйт”, - дейт эко-активист Гамал Сооронкулов.

Ушундай көйгөйдөн уламбы же буга чейинки эле планбы, айтоор, Ат-Башы районунда жакшы бир саамалыкка катыштым. Анда ошол сыяктуу эле дары чөптөрдүн уругун жыйнап, аны кадимкидей карап, өстүрүп анан дары чөп катары сатат экенсиз. Сатып алгандар аны атайын казандарында кайнатып, сыгып майын, дарылык касиетин алат экен. Эфир майынын экстракттарын кайра иштетүү жана кургатылган чөптөрдү өндүрүү боюнча чакан завод ишин баштады.

Бул идея кантип жүзөгө ашып калды деп кызыгып көрсөм Жапон өкмөтүнүн жана БУУнун "Азык-түлүк программасы" биргелешиптир. Бири каржылайт, бири окутуп үйрөтөт дегендей. Эми Ат-Башы, Нарын жана Ак-Талаа райондорунан миңден ашык киши цехти керектүү чөп-чар менен камсыз кылуу үчүн дары чөп (ромашка, валериана, календула, шалфей, жалбыз) эгүү боюнча окутулду. Алар баарылап өстүргөн чөпкө мен айткан чакан завод даяр кардар. Баарын сатып алат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аймактардагы жакырчылыкты жоюуга бул иш өбөлгө түзөт деп жатат.

“Башында ромашканы айдаганда өспөй калат го деп санаркап жүрдүм. Бирок жакшы караса эле сонун өсөт экен. Азыр бизге окуткан боюнча бардык эрежелерге ылайык өстүрүп жатабыз. Буюрса жакшы түшүм бергидей. Быйыл сынап көрөлү деп бир сотых жерге айдадык. Жеңил иш жок, ошол эле учурда колдон келбей турган дагы иш жок. Ат-Башы климаты суук келет. Биз жакка көп өсүмдүктөр өспөйт дейбиз. Азырынча ромашканы гана сыноо мөөнөтүнөн өткөрөлү деп чечтик. Он чакты күндөн кийин түшүмүн бере баштайт. Оруп алып, кургай электе эле килограммын 100 сомдон өткөрөбүз. Ишкана өздөрү кургатып алышат”, - дейт жергиликтүү тургун Бактыгүл Обукеева.

Көрдүңүзбү? Ушинтип иштегенге эмнеге болбосун? Эндикти кантип казып, кантип акча таап жатышат. Жаап-жашырынып, казганга болбойт дегенге карабай кылмышкердей болуп тоо-ташка чейин барып, анан табиятты талкалап, колго түшүп, жаманатты болуунун кажети барбы? Эң башкысы табият деген үйүбүздү талкалап жатпайбызбы? Чочугансып кээде “мыйзам бузду” деп кармап алышат. “Чындап тыйып салууга кызыкдарбы” деген суроомо жооп таппай келем.  

Эрмен эми акча болот...

Алыскы райондогу чакан завод көк ромашка, жалбыз, көкөмерен жана эрмен чөптөрүн кабыл алат. Бул чөптөр кайда гана өспөйт?

Бул чөптөр дары катары эле колдонулбастан косметологияга дагы колдонулат. Ар биринин өзүнчө касиети бар.

“Чөптөр салынып, 3 сааттан 6 саатка чейин кайнатылып, майды бөлүп чыгарат. Мындан чыккан эфир майын көп дартка дары катары колдонсо болот. Жада калса косметологияга дагы маска катары пайдаланылат. Мисалы, көк ромашкадан эфир май Кыргызстанда биринчи жолу алынып жатат. Бул дүйнө жүзүндө талап күчтүү дарылардын бири десем болот”, - дейт техникалык илимдеринин кандидаты Бермет Джурукова.

Келечекте ушул эле чөп-чардан өндүрүлгөн продукция Жапонияга жана башка өлкөлөргө сатылат экен. Эрмен дегенибиз өтө чөптөй эле каптап жаткан канча жер бар? Ага машакаттын деле кереги жок.

“Бул ишканада өндүрүлгөн дарылар “Бир айыл, бир азык” талаптарына дал келет. Келечекте бул өндүрүмдөрдү эл аралык деңгээлге чыгарып сатууну, анын ичинде Японияга экспортоо каралып жатат. Болжол менен бир жыл аралыгында экспорттолот”,- дейт Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэдо Сигеки.

Кептин кыскасы барып алып ушундай ойго баттым, дары чөп деп каза бербей жаныбыздагы чөптөн баштайлы. Ага укмуш чебер болуп кетсек эринбей барып, уругун терип, ошол эле эндикти өзүбүз айдайлы, өстүрөлү. Анан саталы.

Ошко банан, лимон, Нарынга жүзүм өсүп жатат. Албетте данегин ыргытып койсо эле өнүп кеткен жок. Кызылдай мээнет менен. Мээнет кылып, каалаган дары чөптү өстүрүп, андан киреше табалы. Жаратылышты сактайлы.  (ДШ)

Банан, лимон өстүргөн кыргыз багбандарын бул видеодон көрүңүз:

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: