"Биз союздаштарды издеген жокпуз". Колумбия университетиндеги "Палестина менен тилектештик лагери"
Владимир Козловский, Би-Би-Си Орус кызматы үчүн, Нью-Йорк

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR KOZLOVSKY
АКШнын университеттериндеги ондогон кампустарды Газа согушуна нааразы болгон студенттер ээлеп алышты.
Полиция рейд жүргүзүп, Нью-Йорктогу Колумбия университетинде миңден ашуун демонстрантты кармады, анын ичинде ондогондору шаршемби күнү кечинде камакка алынды.
Ошол окуядан бир күн мурун журналист Владимир Козловский университеттин кампусуна келип, көргөн билгенин бизге жазып жөнөттү.
Өткөн дем алыш күндөрү Колумбия университетинин администрациясы менен Палестинаны жактаган кыймылдын активисттеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр акыры туюкка кептелди. Демонстранттардан алардын Американын атактуу университетинин газонундагы "Палестина менен тилектештик лагерин" дүйшөмбү күнү саат экиге чейин алып салууну талап кылышты. Жергиликтүү тапандар бул лагерди дароо эле Газа-Плаза деп атап жиберишти.
Дүйшөмбү күнү саат экиде мени акыры университеттин күзөтчүсү Колумбия университетинин испандык короосуна киргизди. Демейде, бул жак өтүп бара жаткандар үчүн ачык, бирок азыр сырттан келгендер кире албайт. Эки жума мурун шаардык полиция окуу жайдын администрациясынын уруксаты менен лагерге биринчи рейд жасаганда кармаган 108 демонстранттын ичинен жетимиши колумбиялык студенттер эмес, сырттан келген активисттер болуп чыкты.
Башкача айтканда, короого өтүп кетсе болот экен, бирок бардыгы эле эмес: мен үчүнчү аракет менен гана өттүм. Анткени дем алыш күндөрү жаш санк-кюлоттордун станына журналисттер киргизилбей калды.
Дүйшөмбү күнү ультиматумдун мөөнөтү бүттү, бирок жүздөгөн демонстранттар Колумбиянын короосун барабан кагып, кыдырып, ураан чакыра беришти, ал эми полиция жеке аймакка кире албай сыртта зеригип турду.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR KOZLOVSKY
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Колумбиянын бул короосуна мен акыркы жолу көп жыл мурун, 2003-жылы сентябрда Путин келгенде баргамын. Ошондо мен короонун канчалык чоң экенине анча маани бербепмин.
Анын маңдайында университеттин жыйырмага жакын китеп кампаларынын эң чоңу Батлер китепканасынын классикалык имараты турат.
Китепкананын этегинде эки чоң тик бурчтуу газон жайылып жатат. Сол жагында жашыл майсаң, ал эми оң жагында жашыл түстөгү 120га жакын кичинекей чатыр тигилген. Анын жашыл тосмосунда баннерлер илинген, алардын эң чоңу "Палестина элдик университетине кош келиңиз" деп жазылган.
Баннер кыйшайып калды эле, аны менин көзүмчө кытайлык жаш кыз оңдоп койду. Газондордун айланасында жүргөн жүздөгөн демонстранттардын баш-аягы жок колоннасында көптөгөн кытай жана бир нече жөөт бар экендиги таң калыштуу болду.
Эрмолка кийген бирөө гана келди, Нью-Йорк шаардык университетинин журналистика профессору, белгилүү либералдык публицист Питер Бейнарт. "Колумбиядагы эң атактуу израилдик (албетте, университетти айтып жатат)" деп аталган ак чачтуу мырза менен маектешти.
Мен Бейнарттан интервью сурап, анын ооз алдына микрофон такадым, бирок ал жөөтттөрдүн Пасхасы уруксат бербейт деп микрофонду колдонуудан баш тартты.
Демонстранттардын көбү арабдардын куфи жоолуктарын салынган, ал эми жарымынан көбү беткапчан жүрөт, бирөөлөрүнүкү кара, башкаларыныкы көгүш түстө.
Короодо Американын желеги түшүрүлгөн чоң такта орнотулган. Демонстранттар палестиналыктардын желегин жайнатып көтөрүп жүрүшөт.
Китепкана имаратынын жанында тепкичте отурган эки студент маал-маалы менен уюлдук телефондорун карап, ураандарды катуу-катуу кыйкырып жатты.
Ураандардын ассортименти стандарттуу болчу жана күндүн аягында мен алардын дээрлик бардыгын жатка билип калдым.
"Интифада, революция - бул жалгыз жол!", "Интифада, интифада, жашасын интифада!", "Ынтымактуу эл эч качан жеңилбейт!", "Палестина түбөлүк жашайт!", "Эркиндик, Палестинага эркиндик!"жана башкалар.
Израиль мамлекетинин мыйзамдуулугуна шек келтирген "Дарыядан деңизге чейин Палестина эркин болот!" деген ураан өзгөчө популярдуу болуп, Израилди жактагандардын кычыгына тийди.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR KOZLOVSKY
Менин жаныман адаттагыдай "Пэлестайн" дебей, "Палестина", "Вива, Вива, Палестина! Муча, Муча Палестина!» деп кыйкырган жаштардын тобу өттү.
- Оккупация - бул кылмыш! - бир демонстрант кыйкырып жатты. - Биз эмнени каалайбыз?
- Адилеттүүлүк! - студенттер хор менен жооп беришти.
— Биз аны качан каалайбыз?!
- Азыр!
Күн ансыз деле ысык болчу, көптөгөн демонстранттар чолок шым жана майка кийип, суу куюлган бөтөлкө көтөрүп жүрүштү. Бири бөтөлкөнү оң колуна кысып, аны сол алаканы менен барабандын үнүн ээрчип ургулап баратты.
Мен тепкичтеги кыздардан сүрөткө тартсам болобу деп сурасам, алар дароо эле беткаптарына чуркады, бири сумкасынан куфи издеп калды.
Жетип келген дагы бир кыз "Активдүү лесбиянкалар деколонизацияны жактайт"деген жазуусу картон коробканы кармап, кадрга толук илинди.
Бир студент кыз "Еврейлер Эркин Палестина үчүн" деген чоң плакатты көтөрүп жанымдан өттү.
"Мен [Советтер Союзунан] кичинекей кезимде кеткем жана ал жерден антисемитизмди көргөн жокмун" деди атын атагысы келбеген мурдагы москвалык шейшемби күнү мага. — Азыр мен ага өмүрүмдө биринчи жолу тынчсызданып жатам".
«Азыр бизде азыр антисемитизм күчөп кетти деп айтышат», -деди АКШдагы тең укуктар кыймылынын ардагери жана "Палестинадагы адилеттик үчүн эл аралык жөөт жамааты" прогрессивдүү уюмунун мүчөсү Дороти Зелнер кампустун тротуарында.
- Бул ойдон чыгарылган, бул жалган! Мен өзүм еврей улутундагы адаммын, бул жалган деп айтам! Жума күнү мен лагерге барып "жөөт студенттери кайда? Мен аларга урмат көрсөткүм келет" дедим. Алар: "ооба, бардык жерде бар!",-дешти.
"Эгерде жөөт студенттери өздөрү кошо жүрсө, каяктан антисемитизм болот?" Жөөт профессорлорунун колдоосу чоң экенин көрүп жатасызбы? Демек, бул жалган! Нетаньяху Германияда 1930-жылдардан кийинки эле антисемитизм жөнүндө айтты. Бүтүндөй, таптакыр калп!».
Түштөн кийин мен университеттин короосунан Бродвей тротуарына, бир нече саат бою Палестинаны жактаган митинг болуп жаткан университеттин негизги кире беришине бардым.
Анын жүз катышуучусу плакаттарды жана Палестинанын чоң желектерин булгалап, ураан чакырып, бөтөлкөдөгү суудан суусунун кандырып, ал эми конфеттер менен өзөк жалгап турушту. Бул тамактын баарын аларга кыймылдын активисттери бекер таратышты. Алардын каржы булагы консервативдүү ЖМКлардын кызыгуусун жаратууда.
Митингге чыккандардын ураандары мен университеттин короосунан уккандарга окшош эле болду, бирок бир жаңысын уктум: "Нью-Йорктун полициясы — Ку-клукс-клан, Израилдин коргоо армиясы — алар да ушундай". Мага өзүн Нью-Йорктун тургуну катары тааныштырган жигит Бродвейде тизилген полисмендерден бир нече кадам жакын жерде эле жаңырып жатканын баса белгиледи.
"Менин оюмча, нааразылык акциялары адамдарды ынандырыш керек, антпесе алардын мааниси эмнеде?" - деди ал мага. "Бирок африкалык-америкалык полиция кызматкерлерине алардын Ку-клукс-Кландан эч айырмасы жок экенин айтуу, менимче, туура эмес. Ынандыргыңыз келсе, башкача айтуу керек".
"Биз...бул демонстранттар жарым жылдан бери союздаш табууга аракет кылууда! -Саид деген палестин активисти жооп кылып сөзгө аралашты. Көрсө, биз аны менен Нью-Йорк шаардык университетинде чогуу окуган экенбиз.
"Биз Колумбия университетинин Президентинен союздаш тапкан жокпуз, Нью-Йорк шаардык университетинде союздаш тапкан жокпуз, Жо Байденден союздаш тапкан жокпуз, бир дагы америкалык конгрессменден союздаш тапкан жокпуз! Биз союздаштарды эмес - аракет издеп жатабыз!»
"Бирок бир нече америкалык конгрессмен силерди колдоду го!"- деп нью-йорктук бирөө Саидага каршы чыкты.
"Ооба, аларды террористтердин жактоочулары деп атышпайбы! – деп кыйкырды бир палестиндик. - Аларды Хамастын жактоочулары деп аташууда!»
"Рашида Тлаиб, Илхан Омар, АОК (Александрия Окасио-Кортес)!"- Саид Конгресстеги союздаштарын санап кирди, бирок тез арада латынамерикалыкты кокустан кошуп алганын дароо түшүндү жана аны андан ары айткан жок.
"Эгер сиз геноцидге каршы чыккан Конгресстин мүчөлөрүнүн арасынан эки гана мусулман аялды алып, аларды Хамастын тарапташтары деп атасаңыз, — деп улантты ал, — бул Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки… Дрейфустун окуясын эске салбайбы?!»
Америкада төрөлгөн Саид көп маалымат билет, бирок тарыхты так биле бербейт окшоду. Мисалы, "Вьетнамдагы советтик оккупацияны" айтат.
Акыр-аягы, мен чырак мамыга жөлөнүп, тротуардагы сөзүбүздү угуп жаткан улгайган еврейге барып, андан биздин эки кадам аралыкта Израилге каршы ураандар менен жүрүшкө чыккан балдар чоңойгондо ким болорун сурадым.
"Алар мендей болот", — деп жооп берди менин маектешим. Ал жаш кезинде нааразылык митингдерине барып жүрүп, кийин кыймылсыз мүлк сатуучу болуп жашоодон ордун тапкан экен.
"Демек, сиз Трамп турбайсызбы!",- мен бул иш либерализм менен атагы чыккан Манхэттендин батыш тарабында болуп жатканын эске албай айтып жибердим.
Трамп менен тамашалуу салыштыруу маектешимдин кычыгына тийди, бирок анча таарынган жок, коштошуп жатып ал менин колумду кысып койду. (МА)































