Сирия лагерлериндеги аялдар жана балдар мекенине кантип келет?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Акыркы жылдары Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймактардан жарандарын чыгарып кетүү маселеси Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын дагы мүшкүлү болуп калды.
Буга чейин Казакстан, Тажикстан менен Өзбекстан Жакынкы Чыгышка атайын учак жөнөтүп, экстремисттерге кошулган жарандарын жана алардын балдарын алып келишкен.
Ар кандай азгырыктар менен Сириядагы жаңжалга аралашып калган кыргыз жарандарынын жакындары кабатыр болуп, буга чейин кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылуу жолдошкон эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандык Нуржан Дөөлөтжанованын кызы 2014-жылы Түркияга иш издеп чыгып кеткен, апасы кызы андан ары Сирияга кеткенин кийин билди. Ошондон бери кызын көрө элек.
“Менин кызым Мекенин сүйгөн, элим деген кыз эле... Түркияга иштейм деп уулу мектепке бара электе кеткен, азыр эми баласы 7-класс болуп калды. Барса, жумуш берүүчүсү билет сатып бериптир, ошону менен Сирияга барып калыптыр...Башында аят, сүрөөлөрдү эле жибере берди, анан каякта экенин сурадым. Жооп берчү эмес. Мага ар кайсы убакта ар башка номер менен чалып жатты. Эптеп сүйлөшүп атып паспортун өрттөп салышканын билдим”.
Нуржан Сирияда анын кызы улам бир аскерге баш байлап, балалуу-чакалуу болгонун билет. Эми анын бир тилеги - кызын аман-эсен көрүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сирияга Борбор Азиядан барган жарандардын саны төрт-беш миңге чейин жетери айтылат. Алардын канчасы кыргызстандык так айтуу кыйын. Сирияга кеткен жарандардын жакындары соңку үч-төрт жылдан бери маал-маалы менен бийликке кайрылып, ал жактан жок дегенде аялдар менен балдарды алып келүүгө көмөк сурап келишет.
"Элет көйгөйү" коомдук уюмунун эсебинде, Сириядагы чет жердиктер кармалган "Рож" жана "Ал-Хол" лагерлеринде 140 чамалуу кыргызстандык аял жана 400гө чукул бала бар. Уюмдун төрайымы Марийпа Алыкулованын айтымында, балдардын көбү сегиз жашка чейинкилер.
“Азыр деле Сириядагы жарандар менен байланышып жатабыз. Мына кыш да келип калды. Ал жакта күндүзү ысык болгону менен, таң атарда аябай муздак дешти. Аба-ырайы жаанчыл болуп, ал эми алар жашаган палаткалар жайкы экен. Мурда соода кылганга мүмкүн эле дешти, ковидден кийин ал да токтоптур. "Ал-Хол" лагерлериндегилер тамак-ашын кадимкидей эле сатып жешет. Ал жакта кыргыз жарандары өтө кор болуп жашап жатканын жашыра албайбыз. Биз бул тууралуу мамлекеттик бийликке билдирип эле атабыз. Бирок ток абал ач бала менен ойнобойт болуп атат”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Быйыл 14-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сириядагы лагерлерде жана абактарда кармалган кыргыз жарандарын кайруу боюнча иш-аракеттер баштаган эле. Анын алкагында УКМК, ИИМ, Омбудсмен институтуту жетим калган балдардын туугандарын Кыргызстандан табуу тапшырылган. Мындан тышкары келгин балдар үчүн убактылуу жайгаштыруучу борборлорун ачуу, аларды каржылоо милдети да жүктөлгөн.
Кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүү боюнча андан бери ачык малымат бере элек. Бирок жакындары Сирияга кеткен айрым жарандар, балдарды алып келүү боюнча алар менен буга чейин сүйлөшүүлөр болгонун Би-Би-Сиге ырасташты.
Буга чейин Кыргызстандын атайын кызматы Сириянын абактарында 500 чакты аял балдары менен кармалып турганын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Башкы прокуратуранын былтыркы жылдагы иши тууралуу отчету угулган парламент жыйынына өлкөнүн күч органдарынын башчыларынын орун басарлары да катышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыков депутат Жалолидин Нурбаевдин Сириядагы кыргызстандыктар жөнүндө суроосуна деп жооп берди:
“Бул аябай көйгөйлүү маселелердин бири. ММКда да көп чыгат, бизге арзыдар да көп келип жатат. Сириядан былтыр 79 бала Кыргызстанга алынып келинген. Алар Кыргызстанга келгенден кийин убактылуу бир жерге жайгаштырылып, андан кийин туугандарына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күнү Сирия, Иракта көптөгөн жарандарыбыз түрмөдө. Алардын чинде 500 аял бар. ТИМ жана УКМК аркылуу аларды кайтаруу боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат”.
Казакстан 2019-жылы май айында Сириядан 231 казак жаранын алып келген, Өзбекстан дагы буга чейин 156 жаранын кайтарып келген. Тажикстан дагы 84 баланы согуш талаасынан мекенине кайтарган. Быйыл июлда расмий Душанбе дагы 164 жаранын - балдар менен аялдарды Сириядан алып келди. Ал эми Кыргызстан Сириядан азырынча бир да жаранын алып келе элек.
Бирок расмий Бишкек былтыр жазында Ирактан өмүрү жана ден соолугунан кооптуу жагдайга тушуккан 79 баланы алып келген.
































