Кыргыз-Америка мамилеси жаңы шартта

Published

23-майда Бишкекке келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишим даяр экенин, аны кыргыз бийлигине сунуштаганын билдирди. 2015-жылы бир тараптуу бузулган бул келишимди кайра түзүү неченчи ирет бизге сунушталууда. Вашингтондун Кыргызстанга мамилеси абдан жакшы деш кыйын. Ал эми Кыргызстан АКШга карата так мамилесин аныктай элек.

Албетте, бир кезде биздин өлкөдө элчи болгон, демек бизди жакшы билген Дональд Лу Бишкекке ушул келишим үчүн эле келбегени түшүнүктүү. Ошентсе да америкалык дипломат бул документке басым жасап отурат. “Биз даярдалган келишимге болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Кыргызстандын жаңы тышкы иштер министрин Вашингтонго чакырдык. Мамлекеттик катчы Блинкен ал жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат. Жакында Вашингтондо Борбор Азиянын бир нече министрлери менен жолугуштук жана сиздердин өкмөт менен жогорку деңгээлдеги алаканын болушун каалайбыз” - деди Дональд Лу журналисттерге.

Ангыча Москвага ыктаган орус тилдүү басылма дипломатиядан кабары азыраак саясат таануучунун келишимге карата текебер пикирин жарыялады. “Келишим тууралуу кеп кылыш эрте. Келишимди кайра түзүү ниетин билдирген Американын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары Кыргызстандын кызыкчылыктарына дал келет дегендик эмес” маанисинде терс кайрык чертилди. Бул орусиячыл медианын биринчи жолку каяшасы эмес. Эки апта мурда окурманы арбын “Комсомольскаая правда” гезити “кыргыз бийлигинин сересинде америкачыл саясатчылар тобунун таасири артууда, Россиядан алыстап, Америкага ыктоо аракети байкалууда” деген макала жарыялап, кийинчерээк анысын сайттан өчүрүп салган эле. Демек Бишкек менен Вашингтон ортосунда ар кандай контакттар көз жаздымында калбай, таасиринен ажырагысы келбеген Россиянын ар бир нерсеге реакциясы кыйыр болсо да сезилип турат.

Талашка түшкөн келишим

Айрым окурмандар, ал тургай саясатчылар арасында ушул келишимди натуура түшүнгөндөр, катардагы документти стратегиялык статуска чыгарып, эки өлкөсүнүн мамилесин аныктаган жападан жалгыз макулдашуу катары эсептегендер да жок эмес. А чындыгында эки тараптуу мамилеге байланыштуу жыйырмага чукул олуттуу документтер бар жана алар күчүндө. Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын ортосунда соода мамилелери жөнүндө (8-май, 1992-ж.); инвестицияларга түрткү берүү тууралуу (8-май, 1992-ж.); капиталдык салымдарды өз ара коргоо жөнүндө (19-январь, 1993-ж.) сыяктуу базалык келишимдерге кол коюлган. Бул документтердин соода-экономикалык алаканы чыңоого потенциалы жетиштүү, бирок, тилекке каршы, пайдаланыла элек.  

Бүйүр кызытып, талашка түшкөн документ “Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү тууралуу макулдашуу” деп аталат. 1993-жылы 19-майда Вашингтон шаарында кол коюлган ушул макулдашуу болгону алты чакан беренеден турат (караңыз: https://www.icnl.org/wp-content/uploads/Kyrgyzstan_coglashanne.pdf). Макулдашууда Американын Кыргызстанга социалдык-экономикалык жардам берүү программасы аркылуу өлкөгө келген товарларга, мүлккө жана башка нерселерге салык салынбайт, бажы жана башка төлөмдөрдөн бошотулат, Американын программасында иштеген аскерий жана башка жарандар дипломатиялык мамилелер тууралуу Вена конвенциясына ылайык административдик жана техникалык персонал статусуна ээ деген жоболор камтылган. Мындай келишимдерди Америка жаңы суверенитетке ээ болгон өлкөлөрдүн көбү менен түзгөн, кызматташуу долбоорлоруна шарт түзүү, анда иштегендерге жеңилдик берүүгө багытталган катардагы келишимдердин бири. Өзгөчө деле келишим эмес. Бекеринен АКШнын мамлекеттик департаменти ушул келишимди кыргыз тарап 2015-жылы денонсациялаганда “өкүнүчтүү, жардам берүү программасына зыяны тие турган чечимдин техникалык кесепеттерин жоюуну ойлонобуз” деп алгачкы реакциясын билдирген. Вашингтон ичинен эмнени ойлогонун ким билет, бирок сыртынан тим болгонсуган. Россиянын таасиринен чыга албаптыр, жооптуу өнөктөш болууга чамасы жетпеди деп өкүнүчүн элчи Памела Спратлен аркылуу кыйыткан.

Ошентип, талаштуу келишимде Кыргызстанда иштеген америкалык жардам берүү программасынын алкагында колдонулуучу оокаттарга жана анда иштеген адамдарга байланыштуу гана айрым жеңилдиктер берилери белгиленген. Болду. Дипломатиялык статус жөнүндө кеп жок. Америкалык капиталга, кызматтарга, товарларга, жарандарга өзгөчө статус ыйгаруу же ашыкча жеңилдик берүү жөнүндө да бир ооз сөз айтылган эмес. Американын эл аралык өнүктүүрүү программасы (ЮСАИД), маалыматтык өнүктүрүү программасы (ЮСИА) сыяктуу мамлекеттик долбоорлору Кыргызстанда бир кезде жигердүү иштеген. Кыргызстанга берилген гранттардын жана жардамдардын көбү ушул программалар аркылуу берилип келген жана жардамдын көлөмү азайганы менен улантылууда.

АКШ Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп таанып, дипломатиялык мамиле түзгөн жана 1992-жылы 1-февралда элчилигин ачкан. Кыргызстанда демократиялык институттардын ийгиликтүү өнүгүшүнө кызыкдар болгон. АКШ конгресси 2000-жылы Жексон-Вэник түзөтүүсүн Кыргызстанга карата колдонбоо боюнча чечим кабыл алган. Эмгиче Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанга карата соода алакасын чектеген, экономикалык жактан дискриминациялык мүнөзгө ээ бул мыйзам күчүн жогото элек. 1998-жылы Кыргызстандын Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмуна постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң биринчи болуп мүчө болушун Вашингтон кош колдоп кубаттаган. Евразия экономикалык бирлигине бизди жетелеп кирген Россия өзү араң 2012-жылы мүчөлүккө кабыл алынган. Кыргызстанды ар кандай эл аралык фонддор жана банктар аркылуу каржылап, укуктук мамлекеттин үлгүсү, советтик мурастан кутулган, демократиялык саясий түзүлүшкө жана либералдык экономикалык институттарга ээ өлкөнүн үлгүсү кылууга аракетттенген. Балким, бул модель ийгиликтүү ишке ашса, аны Борбордук Азиянын калган өлкөлөрүнө жайылтып, ушул стратегиялык аймактагы эзелки атаандашы Россиянын эски таасиринен биротоло арылтып, Кытайдын болочок кулачына киргизбей коюуга плацдарм жаралмак. Бирок андай болбоду. Кыргызстан гуманитардык жана техникалык жардамдан алыс узай албады, демократияны анархия менен диктатуранын симбиозуна айлантты, не Батыштан, не Чыгыштан инвестиция тартууга чамасы жетпеди, либералдык экономиканын ордуна байлыгы шектүү олигархия курду, жакырчылык терендеди. Мүлктүк теңсиздиктин масштабы кеңейди. Кыргыз бийлиги биз билбеген кайсы бир кызыкчылыктарды көздөп, стратегиялык өнөктөш деп эсептелинген Россиянын кысымы астында базаны айдап чыкты. Стратегиялык мааниси жок болсо да дипломатиялык демарш кылып, 1993-жылдагы макулдашууну кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу жокко чыгарды. Анын ордуна Кыргызстан мындай олдоксон чечимдерди бизге таңуулаган мамлекеттердин убадасына марыды, азыраак инвестициялык долбоорлордон майнап чыгара албады, карызга белчесинен батты.

АКШ президенттери Кыргызстанга бир да жолу келбеген. Алгачкы мезгилдеги Аскар Акаевди эске албаганда, 2000-жылдан соң биздин президенттерди деле кыйратып кабыл алган эмес. Соңку жылдары, тактап айтканда транзиттик авиабазаны чыгарып, келишимди денонсациялап салгандан тартып бери эки өлкөнүн ортосундагы мамиле салкын. Мамиле сууганы менен, Вашингтондун Борбор Азияга умтулуусу сууй элек. Борбор Азиядан эч качан үмүтүн үзгөн эмес, үзбөйт дагы. Кеткен эмес, кетпейт дагы. Регионду жана Кыргызстанды Россиянын орбитасынан чыгаруу ниетинен кайта турган түрү көрүнбөйт. Орус-Украин жаңжалы Вашингтондун саясий жана дипломатиялык аракеттерин тездетти. Айтмакчы, мамлекеттик катчынын жардамчысы Дональд Лу да Борбор Азияга ушул сапарында кенен интервью берип, бул региондун өзүндө энергетикалык ресурстар жана экономикалык потенциал жетиштүү, эмнеге башка жактын көзүн караш керек, ич ара соода-экономикалык алакасын чыңоого тийиш деп далай нерсенин башын кылтыйтты. Москва карамагынан Борбор Азияны жөн чыгарбай калсын. Ар кандай кадамга бара турганын Украинада кашкайта далилдеди. Борбор Азия мамлекеттерин түрдүү уюмдарга, бирикмелерге киргизип, бекем кучагынан чыгаргысы келбейт.

Борбордук Азиянын интеграциялык келечеги

Борбордук Азия республикаларынын ортосунда мамиле татаал. Балким аткезчилик соодасы гүлдөп, эки тарапта тең бир топ кызыл кулак байып жаткандыр, бирок чектеш туруп, соода-экономикалык байланыш ургалдуу эмес. Борбор Азиянын өлкөлөрүн эмне бириктирет, орток нерселери барбы, алакага кесепети тийчү жагдайлар кайсы, пайдасы тие турган шарттар кайсы экенин дурустап талдай элекпиз. Мамлекет башчылары да ийри отуруп, түз кеңеше элек. Тилекке каршы, биз коңшуларыбызды жакшы билбейбиз. Эң жакын, ирегелеш жашаган коңшуларыбызды сыры бизге беймаалым. “Базарыбыз да, мазарыбыз да бир” деген бир тууган элдер бизден улам алыстап, жатыркап баратканын сезгибиз жок. Биздин ата конушту ыйык журт эмес, базар катары, оокат катары эсептеген муунду өзүбүз өстүрүп жатсак, алардын кыйын чыкмалары карап турмак беле. Муну моюнга алгыбыз жок. Айтор, биз өзүбүздү жана коңшуларыбызды дурустап биле албадык, билгенге аракетибиз да жетишсиз.

Борбордук Азия республикаларында ислам динин туткандар басымдуу. Эки региондо тең “исламчыл” аталган, бирок прогрессивдүү исламдан алыс, радикалдуу топтор мамлекеттик түзүлүш, суверенитет жана коопсуздук үчүн коркунуч жарата баштады.

Борбор Азия мамлекеттери бир беткей эмес. Ар кимисинин экономикалык чама-чаркы ар башка. Ар бир өлкөнүн элита аталган башкаруучуларынын дарамети да бир кылка эмес. Тышкы саясий багыттары ар түрдүү. Маселен Өзбекстан Евразия экономикалык бирлигине кирбейт, кире турган ою жок. ЖККУга бир курдай кирип, кайра чыгып кеткен. Россияга эң жакын Беларусь президенти Лукашенконун Россия-Беларусь союздук мамлекетине Борбор Азия мамлекеттери да кошулушу ыктымал деген билдирүсүнө кескин жооп кайтарса, калгандары унчукпады. Ар кандай окуяларга карата позициялары, эң талылуу маселелерге, айталы тилге, динге, улут аралык мамилелерге, тарыхха, учурга жана келечекке карата мамилелери да түркүн. Борбордук Азия геосаясий түйүн, географиялык бирдик, постсоветтик мурастан али арыла элек, байлыгы мол, бирок жакыр калк жашаган, этномаданий, тарыхый окшоштуктарга ээ аймак катары гана жалпылыктары болбосо, ар бир өлкөнүн шарты ар башка.

Бирок баарынын башын кошкон тобокелчиликтер жана коркунучтар жетиштүү. Орток дөөлөттөр жана кызыкчылыктар арбын, тагдырлаш элдер жашаган аймак. Кептин баары ошол кызыкчылыктарды айкалыштырууга ниеттин, кубаттын жана эрктин шайкештиги жетпей тургандыгында. Албетте, региондун саясий элита аталган башкаруучуларынын мүдөөлөрү менен интеллектуалдык дарамети чечүүчү мааниге ээ. Эгер чындап киришсе, Борбордук Азия өлкөлөрү ири державалар ортосунда талаштын объектиси, кармашта курал эмес, бирдиктүү, күчтүү мамлекеттерге айланмагы талашсыз.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт