You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Афганистан: Кабулдагы аскердик ооруканага кол салуудан 20дан ашуун киши набыт болду
Афганистандын борбору Кабулдагы аскердик ооруканада куралдуу кол салуудан жана жардыруудан 20дан ашуун адам каза болуп, бери эле дегенде 16 киши жаракат алды.
Расмийлердин айтымында, кол салгандар 400 орундуу Сардар Дауд Хан ооруканасынын сыртында эки ири жардыруу уюштурушкан.
Күбөлөрдүн айтымында, андан кийин куралчан адамдар бейтапкананын ичине кирип барышкан.
Кийинчерээк “Ислам мамлекети” аттуу топтун шериги “ИМ-К” (Ислам мамлекети-Корасан аймагы) кол салууну уюштурганын айтып чыкты.
Кабулдан тартылган фото жана видеолордон көрүнгөндөй, аймактын үстүндө кара түтүн каптап турат жана видеолордон октун дабышын да угууга болот. Имараттын ичиндеги дарыгер AFP маалымат агенттигине билдиргендей, кол салуу учурунда ага баш калкалоо үчүн коопсуз бөлмө табуу айтылган жана атылган октордун дабышын уккан.
Саид Ахад EVN телеканалына жардыруунун бири жанкечти болгонун айткан.
“Афган жараны катары мен бул согуштан, адам өлтүрүүдөн жана жардыруудан чарчадым. Бул бактысыздыкка биз дагы канча чыдашыбыз керек?” - деген ал.
Талибандын өкүлү Билал Карими Би-Би-Сиге билдиргендей, ИМ-Кнын жоокерлери башкы дарбазанын жанында биринчи жардыруудан кийин оорукананын аймагына кирип барышкан.
Кариминин айтымында, Талибандын согушкерлери ИМ-Кнын төрт жоокерин атып өлтүрүп, бирин колго түшүргөн.
Ал ортдо Талибандын өкүлү Забихулла Мужахид “Рейтер” маалымат агенттигине билдиргендей, тик учак менен алынып келинген талибдердин атайын күчтөрү кол салгандарды кире бериште же имараттын короосунда өлтүрүп, оорукананын ичине киргизбей токтотуп калган. Анын айтымында, кол салгандардын баары 15 мүнөттө жок кылынган.
Күбөлөр “Рейтерге” кол салуу учурунда эки тик учакты көргөнүн айтып беришкен. Маалымат агенттигинин кабарлашынча, талибдер мурдагы, Батыш колдогон өкмөттөн тартып алган учакты операция учурунда колдонгон алгачкы учурлардын бири.
Талибан август айынын ортолорунда Афганистанда бийликке келген эле. Август айынын аягында АКШ аскерлерин чыгарып кеткен. Чет өлкөлүктөрдү жана өлкөдөн кеткиси келген афгандарды Кабул аэропортунан эвакуациялоо учурунда дагы ИМ-К жардыруу уюштуруп, анда 150дөн ашуун жай тургун жана 13 америкалык аскер каза болгон. (EA)
Октябрь окуялары боюнча сот уланууда
2-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму уланды. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков саламаттыгына байланыштуу катыша алган жок.
Бул иште айыпталуучу катары өтүп жатышкан президенттик администрациянын мурунку башчысы Фарид Ниязов жана “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов ооруп жаткан саясатчылар сакайгыча сотту кийинкиге жылдырууну суранып, сот бул өтүнүчтү канаттандырды. Кийинки сот отурум 23-ноябрга жылды.
Сот отуруму башталганга чейин октябрь окуялары боюнча жети айдан бери камакта жаткан оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов ал кармалып камерада тинтүү жүргөнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефондору тыңшоого алынып жатканын айтты.
“Мен отурган камерада тинтүү жүрдү, эч нерсе аныкталып же табылган жок. Бирок менин аялымдын жанан 11 жаштагы кызымдын телефону тыңшоодо экени аныкталды. Атайын текшерип менин атыман кызымдын телефонуна маалымат жөнөтүлгөн".
Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары өз булактарына таянып, ал отурган камера атайын кызмат тарабынан бат-бат тинтүүгө алынып, саясатчыга психологиялык басым болуп жатканын айтып жатышат.
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рыспаев кызматкерлери абакка кирип чыкканын, Молдокматовдон кыйноо, кармоо шарттары тууралуу арыздануу болбогонун билдирди. УКМК дагы мындай айыптоолорду четке кагууда.
2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча сот процесси башталганына бир айга чамалады. Кылмыш иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган жети кишинин иши тергелүүдө.
Алар өздөрүнө коюлган айыптарды негизсиз деп, саясий куугунтук деп жатышат. (EK)