COP-26 саммити: Садыр Жапаровдун кайрылуусу

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Президент Садыр Жапаров быйыл Борбор Азия лидерлери ичинен БУУнун COP-26 климаттык саммитине катышып жаткан жалгыз лидер болууда.

Кыргыз президенти саммитте кайрылуу жасап, климаттын өзгөрүүсүнө ылайык иш алып баруу үчүн көмөк сурары күтүлүүдө.

“Садыр Жапаров саммитте мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердиктен дагы сактап калуу манилүү экенине көңүл буруп, айланы-чөйрөнү коргоо маселелерине токтолот. Президенттин сөз сүйлөөсү саммиттин экинчи күнүнө пландашылган”,- деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Буга чейин 2100-жылга карата Кыргызстанда абанын температурасы 5 °C жогорулашы мүмкүн деген прогноздор берилген. Бирок жаңы изилдөөлөр мындай пессимисттик прогноздор ишке ашпай калышы мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Андрей Подрезов, КРСУнун метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын жетекчиси:

“Биздин эсептөөлөр боюнча абанын температурасы жогорулай берет, бирок  2,5 - 3°C ашпайт. Андан жогору көтөрүлбөшү мүмкүн. Кыргызстанда абанын температурасы негизинен суук мезгилде: күз, кыш жана эрте жазда жогорулайт. Мындай климат калк үчүн жакшы болгону менен, мөңгүлөрдүн эришине алып келет”.

Эксперт Андрей Подрезов Борбор Азияда мөңгүлөрдүн эриши суу тартыштыгына алып келет, бул маселе эмитен эле калктын жашоо-тирлигине таасирин бере баштады, дейт:

“Климаттын өзгөрүүсүнөн келип чыкчу биринчи эле маселе бул -  суу тартыштыгы болот. Быйыл Чүй өрөөнүндө сугат суулары тартыш болду, фермерлердин бунтун көрдүк. Бул бизди жакынкы келечекте эмне күтөрүн сүрөттөйт. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакка кандай гана саясий себептер келтиришпесин, бирок ал суу бөлүштүрүүдөн башталды да”.

Борбор Азиядагы суулардын жарымы Кыргызстанга тийиштүү мөңгүлөрдүн эсебинен камсыздалат. Бул жерден чыккан суу Казакстан, Өзбекстан, Түрмөнстанга чейин барат.

“Климаттын өзгөрүүсүнөн улам соңку элүү жылда мөңгүлөрүбүздүн 20% эрип, жок болуп кетти. Илимпоздор ушул кылымдын аягына чейин эң начар сценарий боюнча мөңгүлөрүбүздүн 80% чейини жок болуп кетет деп коркутуп жатышат. Борбор Азияда эң өнүккөн экономикалык тармак бул – айыл-чарба. Жер айдоого абдан көп суу керек, андыктан бул экономикалык да ресурс”,- дейт саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркулов.

Кыргызстан 2019-жылы Париж келишимин ратификациялап, климаттын өзгөрүүсүнө каршы иш-чаралар баштоого милдеттенме алган.

БУУнун  бул жолу Глазгодо өтүп жаткан климаттык саммитинде Кыргызстан 2030-жылга чейинки стратегиясын тааныштырып жатат.  

Кыргызстан, дүйнө коомчулугунун абанын температурасынын 1,5 градуска гана жылуулануусун кармап калуу аракетин колдойт.

Ага ылайык, өлкө парник газдарынын абага бүркүлүшүн 16% кыскартууга, эгер сырттан каржылык колдоо болсо  аны 43,62% азайтууга аракет кылат.