You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Климат: АКШ менен Кытайдын майда бирок маанилүү кадамдары
Мэтт Макгрэт, Жаратылыш боюнча кабарчы
Биргелешкен билдирүүдө АКШ менен Кытай климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чаралары боюнча макулдашты, бирок күйүүчү майларды жок кылуу боюнча милдеттенме алган жок.
Дүйнөдөгү абага көмүртек бөлүп чыгарган эң ири өлкөлөр метанды ооздуктоо боюнча кызматташууну күчөтүп, 2030-жылга чейин кайра жаралуучу энергияны үч эсеге көбөйтүү тууралуу глобалдык аракеттерди колдошот.
Бирок документте көмүрдү пайдалануу жана казылып алынган отундун келечеги тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Ага карабай, байкоочулар бул чечимди БУУнун климат боюнча саммитинин алдындагы оң жышаан деп баалашты.
Биргелешкен билдирүү эки өлкөнүн президенттери Калифорнияда жолугушуу өткөрөөрдүн алдында жасалган эле. Климаттын өзгөрүшү потенциалдуу прогресстин бир нече багыттарынын бири болуп саналат.
АКШ спикери Нэнси Пелоси Тайванга баргандан кийин Бээжин климат боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Бир жылдан ашык убакыттан бери америкалык дипломаттар Кытай менен мамилелерди калыбына келтирүүнүн жолун табууга аракет кылып жатышкан.
Өткөн аптада бул аракеттер АКШнын климат боюнча чабарманы Жон Керри менен кытайлык кесиптеши Сие Чжэнхуа ортосунда үч күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийинки макулдашууга алып келди.
Эки өлкө тең мурда Индияда өткөн G20 жыйынында макулдашылгандай, ушул он жылдыкта кайра жаралуучу энергиянын глобалдык көлөмүн үч эсеге көбөйтүүгө милдеттенме алганын ырасташты.
Экөө тең ошондой эле 2030-жылга чейин "энергетикалык сектордун көмүр кычкылтекти абага бөлүп чыгаруусу олуттуу кыскарарын" айтышты.
Бирок, документте көмүрдү пайдаланууну кыскартуу тууралуу айтылган эмес жана казылып алынуучу отундарды токтотуу жөнүндө эч кандай талкуу жок. Ал эми COP28 деп аталган БУУнун климаттык конференциясынын президенти жолугушуу негизинен ушуга басым жасай турганын айткан.
"Булар бирок климаттын өзгөрүшү боюнча кичинекей, бирок маанилүү кадамдар", - деди Бернис Ли, Chatham House институтунун кадырлуу кызматкери жана Кытай боюнча эксперт.
"Бирок казылып алынган отундар боюнча прогресс мен күткөндөй болгон жок, анткени эки өлкөнүн тең бул жаатта чектөөлөрү бар," - деди ал Би-Би-Сиге.
"Менин оюмча, эки тарапка тең ылайыктуу орток пикир табуу кыйын болду. Бирок, алардын кайра жаралуучу энергия булактары жана метан тууралуу бирдиктүү билдирүүсүнүн чыкканы жакшы жышаан деп ойлойм.”
Метанга басым кылуу дүйнө үчүн абдан маанилүү, анткени аталган газдын кыска мөөнөттө күчтүү жылыта турган өзгөчөлүгү бар.
Өлкөлөр Глазгодо өткөн COP26да Глобалдык метан боюнча макулдашып, 2030-жылга чейин метандын эмиссиясын 30 пайызга кыскартууну максат кылганда, Кытай ага кол койгондордун арасында болгон эмес.
Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы БУУга берген билдирүүсүндө метанды абаны жылытуучу газ катары эсептебесин белгилеген.
Бирок эки өлкө жасаган билдирүүгө ылайык, алар эми бардык парник газдарын, анын ичинде метанды улуттук климаттык сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасына киргизет.
"Бул билдирүү маанилүү кадам, анткени Кытай абага метан чыгарган дүйнөдөгү эң ири өлкө. Аталган газды ооздуктоо боюнча олуттуу иш-аракеттер жакынкы келечекте глобалдык жылууланууну басаңдатуу үчүн абдан маанилүү," – деди, Дүйнөлүк ресурстар институтунан Дэвид Васков.
Эки өлкө COP28де метан жана СО2ни ооздуктоо боюнча саммитин чогуу өткөрө тургандыктарын билдиришти.
Бул билдирүү, албетте, 30-ноябрда Дубайда башталчу COP28ге катышууга даярданып жаткан делегаттардын маанайын көтөрөт.
2023-жыл тарыхтагы эң жылуу жыл болот деген окумуштуулардын билдирүүсү жана Газа, Украина жана башка көптөгөн маселелер боюнча саясий пикир келишпестиктерден улам, жыйында олуттуу жылыш болот деген үмүт үзүлгөн эле.
Кытай менен АКШнын ортосундагы чоң ажырымды планетанын кызыкчылыгы үчүн жоюга боло тургандыгы башкаларга да таасирин тийгизет.
"АКШ менен Кытай баарын чече албаса да, алардын биргелешип аракет кылууга жана кызматташууга бел байлаганы башка өлкөлөрдүн маселелерди супердержавалык атаандаштыкка шылтап коюусун кыйындатат," - деди Бернис Ли.
"Бул, албетте, COP28 үчүн мурункуга караганда жакшыраак маанайды түзөт."