You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кезектеги кадрдык өзгөрүү: президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдун ордуна Бектур Зулпиев дайындалды
Кыргызстанда бийлик бутактарында кадрдык өзгөрүүлөр уланууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Алмасбек Абытов өзүнүн берген арызына байланыштуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды. Зулпиев буга чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген.
Парламенттин 12-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы да алмашып, Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна депутат Марлен Маматалиев спикер болуп шайланган. Анын талапкерлигин парламенттеги бардык беш депутаттык топ - "Адилет Кыргызстан", "Ала-Тоо", "Элдик", "Ата-Журт" жана "Мекенчил" биргеликте көрсөткөн.
Шайлангандан кийин сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев эл үчүн акыйкат иштөөгө, депутаттарды бөлбөй, аткаруу бийлиги менен тыгыз кызматташууга жана парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртууга убада берген.
Анын алдында бул чакырылышта төрагалык кызматты эки ай гана аркалаган Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын жарыялаган.
Бул кадрдык өзгөрүүлөр УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан кийинки саясий процесстердин уландысы катары мүнөздөлүүдө.
10-февралда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Германияда дарыланып жүргөн Ташиев 13-декабрдын таңында Кыргызстанга келди. Ал арада президент Ташиевди эмне үчүн кызматтан алганын түшүндүргөн маеги 13-февралда «Кабар» агентиттигине жарыяланды.