"Тамчы" АФИА алгачкы резиденттерин кабыл алды

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргыз өкмөтү Ысык-Көл жээгинде түзүп жаткан "Тамчы" атайын финансылык жана инвестициялык аймагы ишке кирди. Бийлик муну өлкөнү эл аралык капиталдын чордонуна айлантуу аракети катары бааласа, эксперттер анын ийгилиги бир катар факторлорго көз каранды экенин эскертишет.
Эмне үчүн "Тамчы" атайын финансылык жана инвестициялык аймагы түзүлүп жатат?
3-июлда президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында мамлекет башчысы алгачкы резиденттер болгон беш чет өлкөлүк инвесторго сертификаттарды тапшырды. Алар - Түштүк Кореянын, Швейцариянын, Гонконгдун компаниялары.
Дагы 14 эл аралык компания документтерин тапшырганы, арасында Кытай, Израил, Жаңы Зеландиянын ишканалары бар экени айтылды.
Аймакта катталып, иш жүргүзүү үчүн төлөмдөр 525 доллардан, ал эми инвестициялык фонддор үчүн 975 доллардан башталат. Ошондой эле ар түрдүү тармактардагы ишкердикке лицензия алуу үчүн төлөмдөр белгиленген. Мисалы, банктык лицензиялар 15 000 доллардан, ал эми финансылык жана криптоактивдер боюнча лицензиялар 2 500 доллардан жогору. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, бул тарифтер инвесторлор үчүн атаандаштыкка туруштук бере турган жагымдуу шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө.
6000 гектар аянтты ээлеген бул долбоорду Кыргызстан Борбор Азиядагы ири каржылык жана логистикалык хабга айландырууну көздөйт. Өкмөттүн планына ылайык, аймакка 2035-жылга чейин 3900дөн ашуун компанияны тартуу каралган.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун айтымында, "Тамчы" аркылуу кыргыз өкмөтү алдыдагы беш жылда миллиарддаган доллар инвестиция тартууну пландап жатат.
" 2031-жылга чейин жалпысынан 20 миллиард доллар бул жакка инвестиция болот деп ойлоп жатабыз. Азыр деле менин баалоом боюнча түзүк башталыш болуп атат. Баштапкы планга ылайык, 2026-жылдын аягына чейин 40ка чейин субъектилерди каттоодон өткөрүүнү максат кылып атканбыз. Мына 3-июлга карата беш чет элдик жаранга эмес, субъектиге резидент макамын ыйгарып жатабыз. Ушундай темп менен жыл соңуна дейре алдыга койгон планыбызды аткарабыз деп турабыз" - деди Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Би-Би-Сиге.
Аймактын функционалдык түзүмүндө каржылык компаниялар, офистик жана турак жай комплекстери, логистика жана өндүрүш секторлоруна артыкчылык берилет. Ошондой эле азыркы "Тамчы" эл аралык аэропорту да бул аймактын курамына кирет.
Инвесторлор үчүн кандай шарттар бар?
"Тамчы" резиденттер үчүн өзгөчө укуктук режимди сунуштайт:
- Салык жеңилдиктери: 49 жылга чейин киреше салыгы, кошумча нарк салыгы, дивиденддерге жана капиталдын өсүшүнө болгон салык 0% деп белгиленген.
- Эркиндик: Толук чет элдик капитал менен иштөө мүмкүнчүлүгү, кирешени тоскоолдуксуз сыртка чыгаруу жана каалаган валютада эсептешүү.
- Виза режими: Резиденттер жана келген инвесторлор үчүн 96 сааттык визасыз транзиттик режим каралган.
Аймакта банк, камсыздандыруу, инвестициялык компаниялар, виртуалдык активдер, туризм жана кумарканаларды кошкондо ишкерликтин 16 түрү жүргүзүлөт.
"Мында эң башкысы англис укугу иштейт. "Тамчыда" инвесторлорду жана алардын капиталын коргоого басым жасалат. Ысык-Көл Кытай жана Жакынкы Чыгыш өңдүү ири рыноктордун кесилишинде жайгашкан. Компаниялар ачык эрежелер, көз карандысыз арбитражы бар аймактарды тандашат. Биз азыр дал ошондой шартты заманбап инфраструктурасы менен нөлдөн баштап куруп жатабыз ",- дейт "Тамчы" АФИАнын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Али Ижаз Ахмад.
Анын айтымында А классындагы төрт бизнес борбордун биринчиси кыска мөөнөттө бүтүп, алгачкы резиденттер ошол жакка жайгаштырылды. Заманбап инфраструктура Ысык-Көлдүн уникалдуу табияты менен айкалышканы инвесторлор үчүн эл аралык ишкерликтин жаңы форматы катары сунушталып жатат.
Ким башкарат?
Мыйзамга ылайык, атайын аймак өз алдынча башкаруу системасына ээ. 15-майда түзүлгөн үч кишиден турган Башкаруучу кеңешти юстиция министри Аяз Баетов жетектейт.
"Президент "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагын түзүү боюнча жарлыкка кол койгондон кийин 27 мыйзамга Жогорк Кеңеш аркылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Минкаб тарабынан дагы ондогон токтомдор жана чечимдер кабыл алынды. 15 айдын ичинде заманбап, чет элдик укуктук базаны түздүк. "Тамчы" АФИАсы англис укугунун принциптерине негизделген борбор болот. Аймактын башкаруу органдары түптөлүп, эл аралык бизнести жүргүзүү үчүн Башкаруу кеңеши ички корпоративдик механизмдер да иштелип чыкты"- дейт Баетов.

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргыз өкмөтү "Тамчы" инвестициялык аймагынын узакка иштөөсүнө, инвесторлордун ишеними менен бул долбоорго катышуучулардын бардыгынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн толук кандуу укуктук институт түзүлгөнүн айтып жатат.
Дүйнөлүк моделге канчалык жакын?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, мындай борборлордун ийгилиги салык жеңилдиктери менен гана эмес, көз карандысыз сот системасы жана англиялык укуктун колдонулушу менен өлчөнөт.
"Дубайда эл аралык арбитраж иштейт, компаниялардын өзүнчө реестри бар. Ушунун эсебинен дүйнөлүк капитал тартылган. Кыргызстан дагы ушул моделдин айрым элементтерин киргизүүгө аракет кылууда", - дейт ал.
"Астана дагы ушундай каржы борборун ачкан. Аны ачыш үчүн Казакстан Конституциясына өзгөртүү киргизген. Экстерриториалдык укукту тааныйбыз жана ошол борбордун аймагында британдык укукка негизделген өзүнүн көз карандысыз укук системасы бар дегенди киргизишкен. Бизде экстерриториалдык укукту таануу үчүн Конституцияга өзгөртүү кире элек. Бирок SFIWT Tamchy ошонун кандайдыр бир элементтерин киргизип жатат өзүнө. Борбор иштесе мамлекетке пайдасы көп болуп, инвесторлорду тартканга жардам берет. Стратегиялык жана инновациялык инвестициялар тартылса, анда өлкөбүз өнүгөт",- дейт Искендер Шаршеев.
Эксперттин пикиринде, "Тамчынын" ийгилиги мыйзамдын үстөмдүгүнө, соттун көз карандысыздыгына жана инвесторлордун ишенимине түздөн-түз байланыштуу.
Тобокелдиктер жана талкуулар
Долбоор коомчулукта жана парламентте талаш-тартыштарды жараткан. Депутат Дастан Бекешев бул аймак офшордук зонага айланып кетиши мүмкүн экенин, ал эми акчаны адалдоо боюнча кооптонуулар күч экенин былтыр Жогорку Кеңеште айткан эле.
"Биз офшордук зона түзүп жатып, Кипр жана башка өлкөлөр менен атаандашууга аракет кылып жатканыбыз... Түшүнөм, биз эксперимент жасап, инвестиция табышыбыз керек. Бирок тобокелдиктер бар. Офшор "кир жуугуч машинага" айланып кетиши мүмкүн экенин түшүнүп жатасыздарбы?" - деген Дастан Бекешев былтыр мыйзам долбоору парламентте талкууланган кезде.
Ошондой эле ал мындай өзгөчө режимдин Конституцияга шайкештиги жана мамлекеттик бюджеттин жумшалышына парламенттик көзөмөлдүн жетишсиздиги боюнча да суроолор бар экенин белгилеген.
"Биздин Конституцияда сот адилеттигин жүзөгө ашырууга Кыргызстандын жарандары гана укуктуу деп жазылган. Анан сиздер бул борбордун (Эл аралык талаш-тартыштарды чечүүчү борбор) чечимин Кыргызстандын жалпы юрисдикциядагы сотторунда даттанууга болбойт деп жазып жатасыздар. Бул жерде дагы Баш мыйзамга каршы келип жатасыз. 61-беренеде эч ким адамдардын кандайдыр бир чечимдерди Кыргызстандын сотторунда даттануу укугун чектей албасы көрсөтүлгөн", - деп белгилеген Бекешов.
Серепчилер "Тамчыны" мамлекеттин санариптик экономикага өтүү саясатынын бир бөлүгү катары көрүшөт. 2025-жылы мартта президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгинде өзгөчө инвестициялык аймак түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Көп өтпөй Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлүп, анын жыйынына Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао да катышып, ал сапарында Чжао президенттин коомдук кеңешчиси макамын да алган.
Соңку жылдары Кыргызстан криптомайнингди, криптобиржаларды жана виртуалдык активдерди жөнгө салган мыйзамдарды кабыл алып, санариптик активдер үчүн укуктук негиз түздү.
Ошондуктан "Тамчы" жөн гана инвестициялык аймак эмес, өкмөт өлкөнү финтех жана санариптик каржы борборуна айландыруу аракетинин дагы бир этабы катары каралып жатат.
































