Польша Орусия дрондорун атып түшүрүп, аба мейкиндигин бузган аракетти агрессия деп атады

Польшанын премьер-министр Дональд Туск

Сүрөттүн булагы, Artur Widak/NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Польшанын премьер-министр Дональд Туск
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

10-сентябрга оогон түнү Орусия Украинанын батышына дрондор менен ири чабуул жасаган учурда Польша биринчи жолу өз аймагынын үстүнөн бир нече орус учкучсуз учактарын атып түшүрдү. Польшанын аскерлери окуяны "агрессия актысы" деп атап, премьер-министр Дональд Туск өкмөттү чукул жыйынга чогултту.

Бул Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден бери НАТО өлкөсүнүн аймагында альянстын авиациясы дрондорду жок кылган биринчи учур. Бирок НАТО бул окуяны түздөн-түз кол салуу деп эсептеген жок.

Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгы Орусиянын Украинанын батышына жасаган соккусу учурунда дрондор өлкөнүн аба мейкиндигин бир нече жолу бузганын билдирди.

Радарлар ондон ашуун учкучсуз аппаратты аныктап, алардын арасынан кооптуу саналгандары "жок кылынганын" билдирди. Польша аба мейкиндигинин бузулушун "өлкө тарыхында болуп көрбөгөндөй масштабдуу окуя" деп атады.

"Биздин аба мейкиндигибизге кирген айрым учкучсуз учактар атып түшүрүлдү. Учурда алар кулаган жерлерди аныктоо иштери уланууда", — деп айтылат Куралдуу күчтөрдүн билдирүүсүндө.

Операция жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:30 чамасында аяктап, бирок кыйраган дрондорду издөө иштери уланууда.

Чек арага жакын жайгашкан Люблин аймагынын бийлиги полиция польша аскерлери атып түшүргөн дрондордун кеминде бирөөсүн тапканын билдирди.

Люблин аймагындагы Вырыки шаарында дрондун сыныктары турак үйдүн чатырын жана ошол жерде турган унааны жарактан чыгарганын Polsat News басылмасы Люблин шаардык полициясынын жетекчисинин орун басарына таянып билдирди.

Люблин облусунун прокуратурасынын маалыматына караганда, аймактан жалпы алты дрондун сыныктары табылды.

кыйроо

Сүрөттүн булагы, Polsat News, скриншот

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Премьер-министр Дональд Туск эртең менен Министрлер кеңешин чукул жыйынга чогултту. Кол салуудан бир нече саат өткөндөн кийин Туск Польшанын үстүнөн атып түшүрүлгөн дрондор Орусияга таандык экенин айтты. Ал түн ичинде "Польшанын аба мейкиндигин Орусиянын көп сандаган дрондору бузганын", учурда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана союздаштары менен "тынымсыз байланышта" болуп жатканын кошумчалады. Анын маалыматына ылайык, дрондордун саны 19 болгон.

Буга чейин Польша аскерлери жана расмийлери аба мейкиндигин бузган дрондор Орусияга таандык экенин ачык айтуудан карманып турган.

Польша бийлиги аймактык коргонуу аскерлерин шашылыш чакырууга даяр болгула деп эскертти.

Орусиянын Коргоо министрлиги окуя боюнча комментарий бере элек. Өлкөнүн Польшадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Ордаш Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Польшадагы эң чоң "Шопен" аэропорту белгисиз мөөнөткө жабыла турганын түн ичинде жарыялады. Flightradar24 агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн эртең менен Варшавага коно турган бир нече каттам Катовице, Вроцлав жана Познань аэропортторуна багытталды.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы буга чейин Польшанын төрт аэропорту убактылуу жабылганын кабарлаган. Алардын ичинде Украинага жүк жана жүргүнчү ташууда маанилүү түйүн болуп саналган түштүк-чыгыштагы Жешув-Ясьонка аэропорту да бар.

Варшава аэропорту бир нече сааттан кийин гана кайра иштей баштады. Бирок жетекчилик күн бою каттамдарда үзгүлтүктөр болушу мүмкүн деп эскертти.

Ошол эле учурда Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, түндө өлкөнүн дээрлик бардык аймагында, анын ичинде Польша менен чектеш Волынь жана Львов облустарында аба коопсуздугуна байланыштуу эскертүүлөр болуп турду.

"Москва канчалык алыска бара алат"

Украинанын президенти Володимир Зеленский окуяны "Европа үчүн өтө кооптуу прецедент" деп атап, анын маалыматы боюнча Польшанын аба мейкиндигинде кеминде сегиз дрон болгонун кошумчалады.

"Москва ар дайым мүмкүн болгон чектен ашып кетет жана катуу реакцияга туш болбосо, ал эскалациянын жаңы деңгээлине көтөрүлөт",- деди ал.

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон Орусиянын Польшанын аба мейкиндигин бузуусун "кабыл алынгыс иш" деп атады.

"Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушу бүткүл Европанын коопсуздугуна коркунуч келтирет. Польша өзүнүн аба мейкиндигин коргоого толук укуктуу. Биз Польшаны НАТОнун өнөктөшү жана Евробиримдиктин мүчөсү катары толук колдойбуз", - деди ал.

Латвиянын президенти Эдгар Ринкевич X социалдык тармагына Польшаны, анын союздаштарын толук колдой турганын жана тилектештигин жазды.

"Украинадагы Орусиянын агрессиясы бизге түздөн-түз таасир этүүдө жана ага тиешелүү чаралар көрүлүшү керек",- деди ал.

Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде да Орусиянын аракеттерин "өтө тынчсыздандыруучу жана таптакыр кабыл алынгыс" деп атады.

Шаршемби күнү Евробиримдиктин Коргоо боюнча комиссары Андрюс Кубилюс Евробиримдик өзүнүн жалпы чек арасынын чыгыш тарабына "дрондон дубал" түзүшү керек деди.

"Биз уюмга мүчө мамлекеттер, чектеш өлкөлөр жана Украина менен бирге иштейбиз. Орусияны токтотобуз", - деди ал.

Reuters агенттигинин НАТОдогу булагы билдиргендей, альянс Польша аймагына дрондордун киришин түздөн-түз кол салуу катары эсептеген жок.

Бирок алдын ала баалоого ылайык, Орусиянын учкучсуз аппараттары Польша аба мейкиндигин атайылап бузган. Агенттиктин маектешинин айтымында, ал жердеги дрондордун саны алтындан онго чейин болгон.

Булак Украинада согуш башталгандан бери биринчи жолу НАТОнун учактары союздаштын аба мейкиндигиндеги потенциалдуу коркунучка жооп кайтарууга катышканын белгиледи. Агенттиктин булагы НАТОнун Patriot абадан коргонуу системалары чабуулдун мизин кайтарууга катышпаганын ырастады, бирок алар пилотсуз учактарды радарлары менен аныкташкан.

АКШда демократ сенатор Дик Дурбин орус дрондорунун НАТО аба мейкиндигин кайра-кайра бузушу президент Владимир Путиндин "Польшаны жана Балтика өлкөлөрүн коргоо боюнча биздин чечкиндүүлүктү текшерип жатканын" көрсөтөт деп айтты.

"Путин Украинадагы кан төгүүнү улантып жаткандан кийин, бул басып кирүүнү көз жаздымда калтырууга болбойт", - деп жазган ал X социалдык тармагына.

Конгрессмен, республикачыл Жо Уилсон президент Дональд Трампты "орусиялык аскердик машинаны талкалай турган санкциялар" менен жооп кайтарууга чакырды.

"Путин жеңилип жатканын моюндабастан Украинада эне-баланы бомбалап, эми НАТО аймагында биздин чечкиндүүлүктү түздөн-түз текшерип жатат", — деп жазды Уилсон Х социалдык тармактагы баракчасына.