Кытай Орусиянын жеңилүүсүнө жол бергиси келбейт. Мындан аркы кадамы кандай болот?

Сүрөттүн булагы, BBC/Getty Images/China Military Online
Ушул жайда Кытай Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта "бейтарап" түр көрсөтүүнү токтотуп, өзүнүн чыныгы артыкчылыктарын ачык билдире баштады.
Бул Би-Би-Синин Украин кызматынын сайтына жарыяланган макаланын котормосу. Түп нускасын бул жерден окусаңыз болот.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин 9-майда Москвадагы парадга катышкан. Бул символикалуу сапардан кийин эле, июль айында кытай медиасы Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Бээжин Орусиянын жеңилишин каалабай турганын айтканын жазып чыкты.
Гонконгдогу South China Morning Post гезити жашыруун булактарына таянып:
"Ван И Европа Биримдигинин башкы дипломатына Бээжин Украинадагы согушта Орусиянын утулушун каалабай турганын айтты. Себеби мындан соң АКШ болгон көңүлүн Кытайга бурат деп чочулайт", — деп жазды.
Кытай өкмөтү маалымат мейкиндигин катуу көзөмөлдөйт. Демек, мындай маалыматтар жөн жерден жарыяланбайт.
Ал эми расмий түрдө Кытайдын позициясы өзгөргөн жок. Бээжин дале "сүйлөшүүлөрдү, ок атышууну токтотууну жана тынчтыкты" жактай турганын кайталап келет.
Ошол эле маалда Ван Инин айткан сөздөрүн дагы төгүндөгөн жок.

Сүрөттүн булагы, China Military Online
Кийинчерээк Си Цзиньпин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда геосаясий жактан Кытайдын Орусияга карата мамилеси өтө жылуу экенин дагы бир жолу ырастап, "бардык тармактагы өнөктөштүктү жана стратегиялык өз ара кызматташтыкты тереңдетүү" жөнүндө сөз кылды. Ошондой эле Владимир Путинге "чын жүрөктөн чыккан саламын" жолдоду.
Бул Украина менен Батыш өлкөлөрү Кытай менен Орусиянын аскердик кызматташтыгы бекемделип жатканын айтып жаткан маалга туш келди.

Сүрөттүн булагы, Kadyrov 95
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украин чалгын кызматынын маалыматына ылайык, Кытай Орусияга 600гө жакын аскер жөнөткөн. Алардын максаты — Орусиянын танкисттеринен, артиллеристтеринен, инженерлеринен жана абадан коргонуу системалары боюнча адистеринен Батыш куралдарына каршы согуштагы тажрыйбасын үйрөнүү.
Буга чейин да Кытайдан Орусиянын аскердик заводдоруна станоктор, атайын химикаттар, ок-дарылар жана ар кандай тетиктер жеткирилгени тууралуу маалыматтар чыккан.
Ал эми апрель айында Украина президенти Володимир Зеленский Кытай Орусияга артиллерия өткөрүп бергени жөнүндө билдирген. Бирок кайсы үлгүдө экенин жана канча экенин тактаган эмес.
Кытай болсо Кремлге аскердик жардам көрсөтүп жатканын дайыма четке кагып, анын жалгыз максаты Украина менен Орусиянын ортосундагы тынч сүйлөшүүлөрдү колдоо экенин айтып келет.
Бирок Ван Инин сөзүндө эгер Бээжин Москвага чындап эле жардам берсе, бул согуш эбак аягына чыкмак жана Киев үчүн анча жакшы жыйынтык болмок эмес деген ачык эскертүү бардай.
Орусиянын жеңилишине Кытай каршы болуп жатканын эске алганда, Бээжиндин бул согушка аралашуусунун үч ыктымал сценарийи бар. Алар:
Орусияга көбүрөөк колдоо көсөтө баштоо, кво-статсусун сактоо, Москвага жардам берүүнү токтотуу.
Бул сценарийлердин ар биринин артында эмне турат жана кайсынысы реалдуу?
Эскалация
"Кытайдын мотивациясы — өзүн-өзү өнүктүрүү аркылуу глобалдык лидерликке жетүү жана АКШнын таасирин азайтуу. Бул согуш АКШны алсыратабы же күчтөндүрөбү? Кытайлыктар Орусия менен Украина ортосундагы согушту дал ушул призмадан карашат. Ал эми Орусия болсо Кытай үчүн аскердик прокси", — деди Би-Би-Сиге New Geopolitics Research Network уюмунун директору Михаил Самусь.

Сүрөттүн булагы, China Military Online
Анын айтымында, Кытай Орусияга аскердик колдоону алда канча көбөйтүшү мүмкүн, бирок бул Бээжин үчүн АКШга каршы күрөшүүдө зарыл жана натыйжалуу деп табылганда гана ишке ашат.
"Эгер Кытай орустарга берген жардамы кайсы бир деңгээлде АКШнын глобалдык кыйроосуна түрткү болоруна көзү жетсе, алар муну жасамак", — деп эсептейт Самусь.
Кытайдын Орусияга түз жана кеңири масштабдагы аскердик жардам көрсөтүү ыктымалдыгы 2022-жылдан бери эле Украина үчүн эң олуттуу коркунучтардын бири катары каралып келет.
"Кремль Түндүк Кореядан же Ирандан курал сатып алып жатат дегенде, анын тандоосу чектелүү болчу — снаряддар, дрондор, ракеталар. Бирок Кытайдын коргонуу өнөр жайы курал-жарактын бардык түрлөрүн чыгаруучу "ысык" линия болуп саналат. Алардын айрымдары советтик жана орусиялык системаларга түздөн-түз шайкеш келет", — деп жазган өткөн жылы украиналык Defence Express сайты.
XX кылымдын экинчи жарымында Кытай Советтер Союзунун үлгүлөрүн көчүрүп алган, же болбосо ага окшош куралдарды жапырт түрдө чыгарган.
Мисалы, Кытайдын 152 миллиметрлүү Type 66 гаубицасы 1950-жылдары СССРде жасалган Д-20 гаубицасынын көчүрмөсү болуп саналат. Бул куралды азыр да орусиялыктар жана Украинанын айрым бөлүктөрү активдүү колдонуп келишет.

Сүрөттүн булагы, China Military Online/Russian Defense Ministry
Дагы бир кытай гаубицасы — 122 миллиметрлүү
Type 96 советтик Д-30дун лицензияланган версиясы болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, China Military Online/Russian Defense Ministry
Ал эми 122 миллиметрлүү өз алдынча жүрүүчү Type 89 гаубицасы 1990-жылдардын башында Кытайда чыгарылган. Ал советтик 2С1 "Гвоздика" ртиллериялык түзүмдөрдүн аналогу болуп эсептелет.

Сүрөттүн булагы, China Military Online/Russian Defense Ministry
Кытайдын Элдик куткаруучулар армиясынын Type 81 үлгүсүндөгү жапырт ок атуучу реактивдүү системасы советтик БМ-21 "Граддын" көчүрмөсү болуп саналат. Бул система Кытай–Вьетнам согушу учурунда кытайлар вьетнамдыктардан бир нече "Градды" тартып алган соң иштелип чыккан. Вьетнам бул системаларды мурда СССРден алган болчу.
Type 81 башка шассиге орнотулганына карабастан, конструкциясы боюнча "Градга" дээрлик толук окшош.

Сүрөттүн булагы, China Military Online/Russian Defense Ministry
Албетте, кытай жана орус курал-жарактарынын окшош үлгүлөрүн мындан ары да санай берсе болот.
Бул кырдаал Орусия армиясынын Түндүк Кореянын армиясы менен шайкеш экенин эске салат. Анткени Пхеньян да өзүнүн аскердик-өнөр жай тармагын негизинен советтик үлгүлөргө таянып өнүктүргөн.
Болгон айырма — Кытай Элдик куткаруучулар армиясынын эки миллиондук курамына жараша курал-жарак запастары кыйла көп жана ок-дарыларды тез арада массалык түрдө өндүрө ала турган мүмкүнчүлүгү да кыйла жогору.
Ошондуктан Кытайдан Орусияга курал-жарактын түз жана массалык түрдө жеткирилиши Украина үчүн абдан олуттуу чакырык болуп калмак.
"XXI кылымдын стратегиясы" глобалистика борборунун коопсуздук программаларынын жетекчиси Павел Лакийчук Би-Би-Сиге:
"Эгер Кытай Украинадагы согушка түздөн түз аралашса, бул Орусия үчүн зор артыкчылык болот. Акыркы он жылда Кытай армиясын, аскер-деңиз күчтөрүн жана аскер-аба күчтөрүн жогорку деңгээлде өнүктүрдү", — деди.
Ошол эле учурда көпчүлүк байкоочулар Кытайдын мүмкүн болгон "эскалациясы" ачык түрдө эмес, жашыруун формада болушу ыктымал деп эсептешет.
Мисалы, Defense Express маалымдагандай, 1980-жылдардагы иран–ирак согушу маалында Кытай расмий түрдө бейтарап позицияны карманган, бирок жашыруун түрдө Иранга курал-жарак жеткирген. Ал куралдарды Түндүк Корея жөнөтүп жаткандай көрсөтүлгөн.
1980-жылдары америкалык изилдөөчү Кеннет Тиммерман жазгандай, Кытай курал-жарак жеткирүүлөрүн жашыруу максатында Түндүк Кореяны атайын ортомчу канал катары пайдаланган.
Мындан тышкары Түндүк Корея Кытайдын түндүк-чыгышындагы аскердик заводдорго жакын жайгашкандыктан, логистика да кыйла жеңил болгон.
Лакийчук да ушундай "жашыруун" сценарий мүмкүн экенин тастыктады:
"Чын эле Кытайдын катышуусу башка прокси аркылуу, мисалы, Түндүк Корея аркылуу ыктымал сыяктуу көрүнөт. Айрым деңгээлде бул азыр деле ишке ашып жатат деп болжолдоого болот. Түндүк Кореянын Орусияга экономикалык, аскерий, саясий жактан көрсөтүп жаткан жардам жөн гана Кытайдын күчтүү экономикасына таянбастан, Бээжиндин колдоосу жана белгилүү кепилдиктери менен камсыз болушу мүмкүн".

Сүрөттүн булагы, Russian Defense Ministry
Анткен менен Кытай согушка түздөн-түз катышып жатканын толугу менен жашырып кое албайт. Жардам логистика, курал жана согуш талаасынан эле билинип калат.
"Элестетип көрөлүчү, азыр АКШ менен Евробиримдик Украинага кандай масштабда жардам берип жатса, так ошол деңгээлде Кытай Орусияга жардам көрсөтө турган болсо, өтө чоң өзгөрүү болмок. Аны жашырууга эч мүмкүнчүлүк болмок эмес", — деп эскертет Лейпциг университетинин кытай таануучусу Алексей Чигадаев.
Статус-кво
Кытай аша чаппай, азыркыдай Орусияга чектелүү деңгээлде жардам көрсөтүүнү улантат деген сценарий мүмкүн сыяктуудай көрүнүп турат.
Бул жардам Орусияга согушту улантууга жана Украинадагы жай, бирок үзгүлтүксүз чабуулдарын жүргүзүүгө мүмкүндүк берип жатат.
"Эгер Кытай үчүн Орусияга көп көлөмдө түз курал жеткирүү пайдалуу болгондо, алар муну толук масштабдагы баскынчылык баштала электе эле жасап коймок. Бирок азырынча андай кадамга барыша элек", — деп белгилейт Михаил Самусь.

Сүрөттүн булагы, China Foreign Ministry
Акыр-аягы азыркы шартта Кытай Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан эң көп пайда таап жаткан өлкө катары эсептелет.
Кытай өзү бул жаңжалга түз аралашкан жок жана азырынча андан олуттуу экономикалык жоготууларга учураган эмес.
Тескерисинче, Орусиядан арзан ресурстарды алып жатат. Анткени Москва барган сайын Кытайга көбүрөөк көз каранды болууда. Ошону менен бирге Бээжин АКШ жана Евробиримдик менен болгон геосаясий оюндарда кошумча таасирге ээ болууда.
"Кытай Орусиянын өзүнөн күчтүү болбой турушуна жана согушта алсырашына кызыкдар. Ошондуктан Бээжин, сыягы, бардык жоопкерчилик Орусияда, ал эми Кытай болгону анын ресурстарын пайдаланып жатат деген тактиканы тандады", — дейт Павел Лакийчук.
"Кытайлар үчүн Орусиянын жеңилиши — анын кыйрашы. Ал эми жеңиши — Украинага болгон таасирин сактап калуу", — деп кошумчалайт ал.
Украинанын мурдагы коргоо министринин кеңешчиси, аскерий аналитик Алексей Копытько да бул согуштагы статус-кво Кытай үчүн пайдалуу экенин белгилейт.
"Император Си Москвада аскердик парад кабыл алган 9-майды эстейли. Ошондо көпчүлүк азыр бул согуштун тагдырын Кытай чече турганын байкаган. Белгилүү шарттарда Бээжин согушту бат эле токтото алмак. Бирок азырынча Кытайды бардык жагдайлар канааттандырып жатат деген бүтүм чыгат", — деп жазат ал.
Жардамды кыскартуу
Бирок Украина үчүн бир аз үмүт жараткан оптимисттик сценарий да бар. Бул вариантта Бээжин Орусияга колдоосун азайтат. Бул жерде чечүүчү ролду эки негизги фактор ойной алат.

Сүрөттүн булагы, Russian Foreign Ministry
Биринчиден, Евробиримдиктин позициясы — Кытай азыр Дональд Трамп менен болгон тарифтик чыңалуу шартында Европа менен экономикалык кызматташууну чыңдоого умтулуп жатат.
"Европа Кытай үчүн келечектеги технологиялык жана экономикалык өнүгүү үчүн маанилүү рынок. Маселе болгону товар сатууда эмес, европалык технологияларга жана инвестицияларга түздөн-түз жетүү", — деп баса белгилейт Михаил Самусь.
Кытай үчүн бул багыттагы эң маанилүү максаттардын бири — электромобилдерин европалык рынокко чыгаруу.
Европанын тышкы иштер башчысы Кая Каллас менен болгон жолугушууда Кытайдын ТИМ башчысы Ван Инин "Орусиянын жеңилишине кызыкдар эмеспиз" деген сөзүн көпчүлүк түз мааниде эмес, Евробиримдик менен болгон соодалашуунун элементи катары түшүнүшкөн.
Евробиримдик ага жооп кайтарган.
"Көпчүлүк байкабай калган маанилүү бир нерсе бар: Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен эгер Кытай Орусияга аскердик жардам берсе, анда Европа рыногун унута берсе болот деп ачык айткан", — дейт Самусь.
8-июлда Европарламентте өткөн "ЕБ жана Кытай мамилелери" аттуу дебаттарда Фон дер Ляйен мындай деп белгилеген:
"Кытай иш жүзүндө Орусиянын аскердик экономикасынын өнүгүшүнө көмөктөшүп жатат, биз муну кабыл ала албайбыз".
Ал Бээжиндин бул согуштагы аракеттери ЕБ менен Кытайдын келечектеги мамилесин аныктаган негизги фактор болорун кошумчалаган.
Михаил Самустун пикиринде, Кытайдын кызыкчылыгынан алып караганда, Европа рыногу менен Орусияга көрсөтүлө турган аскердик жардамды салыштырууга да болбойт. Булар такыр башка масштабдагы нерселер.
Таасир эте турган экинчи фактор — Трамп жана анын "50 күндүк жайкы" ультиматуму. Ал Орусиядан кандайдыр бир товар, айрыкча мунай жана газ сатып алган өлкөлөргө карата экинчи даражадагы санкцияларды киргизерин жарыялаган.
Теория жүзүндө бул Кытай, Индия, Бразилия, Түркия жана башка өлкөлөр үчүн абдан чоң экономикалык коркунуч. Бул өлкөлөр Орусия менен да, АКШ менен да активдүү соода жүргүзүшөт.
Айрым маалыматтарга ылайык, Индия орус мунайынын ордуна альтернатива издөөгө даяр экенин билдирген.
"Кытай үчүн АКШ менен болгон экономикалык тиреш — башкы маселе. Анткени эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү абдан чоң. Ошондуктан Бээжин үчүн Орусиянын айынан жапа чегүү пайдалуу эмес. Эгер Трамп өзүнүн катаал жана ачык жарыяланган принциптерине бекем турса, анда бул Кытай менен АКШнын ортосунда Генри Киссинжер жана Дэн Сяопиндин доорунан бери түзүлүп келген экономикалык моделди кыйратышы мүмкүн", — деп эсептейт Михаил Самусь.
Ошондуктан, эгер АКШ Кытай товарларына 100% тариф киргизсе, анда Бээжин үчүн Москвага жардам берүү экономикалык жактан пайдалуу болбой калат. Мындай шартта Кытай Орусияга колдоо көрсөтүүнү токтотууга мажбур болот.
Бул жагынан караганда, 3-сентябрь — Трамптын ультиматум жарыялагандан кийинки 51-күнү Орусия үчүн кайгылуу күн болуп калышы мүмкүн.
Албетте, бул теория жүзүндө.
Чыныгы маселе Дональд Трамп өзүнүн коркутууларын чын эле ишке ашырууга даярбы? Анткени бул кадам АКШ–Кытай соодасына гана эмес, мунай баасына да түз таасирин тийгизет. Анын кесепетин америкалыктардын өздөрү да тартат.
New York Times: "Аналитиктердин айтымында, Трамп Украинанын айынан дүйнөдөгү экинчи ири экономика — Кытай менен жаңжалды кайра күчөтүүгө батынары күмөн. Анткени, анын пикиринде, Украинанын тагдыры АКШ зарыл маселе болуп эсептелбейт", — деп жазган.
Мындан ары эмне болот?
Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта дагы бир ирет "тагдыр чечүүчү учур" жаралууда. Бул жолу ал 2025-жылдын август айына туура келиши мүмкүн.
Бул аралыкта Путин жайкы чабуулун улантат. Ошол эле маалда АКШ менен Бээжин, балким, Евробиримдиктин катышуусу менен кандайдыр бир келишимге жетүү жолун издешет деп божомолдонууда.

Сүрөттүн булагы, China Military Online
Ошондуктан Копытько "АКШ–Кытай–Евробиримдик" үчилтигиндеги өзгөрүүлөрдү тыкыр байкап турууну сунуштайт:
"Ван Инин сөзү иш жүзүндө Орусияны "жеңилбеген тарап" деп эсептөө үчүн кандайдыр бир шарттардын чегин аныктоо аракетине алып келиши мүмкүн. Бул шарттарды улуу агайындар өз ара сүйлөшүп, анан Москвага жеткиришет. Эгер Орусиянын фронтто жетишкен олуттуу ийгиликтери болбосо, Кремль коюлган шарттарга макул болууга аргасыз болот. Мындай кырдаалда Кытайдын алдында согушту улантуу керекпи же кандайдыр бир бонус алып, аны токтотуу пайдалуубу деген жаңы тандоо пайда болот", — деп жазат ал.
Лакийчук болсо Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы мамилелер олуттуу түрдө өзгөрмөйүнчө, Кытай азыркыдай көмүскө түрдө Орусияга жардам берүүнү уланта берет деп эсептейт.
"Эгер АКШ менен Кытайдын ортосунда ымала жакшырса, анда Бээжин Орусияны курмандыкка чалууга даяр болот. Ал эми тирешүү сакталса, анда Кытай Орусияны өз кызыкчылыгы үчүн инструмент катары пайдалана берет", — дейт аналитик.
Публицист Виталий Портников болсо Кытай лидери Си Цзиньпиндин жеке сапаттарына көңүл бурат:
"Ал Мао Цзэдундун өзүнө ишенген мүнөзүн Дэн Сяопиндин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштырган өзгөчө фигура. Ошондуктан андан баарын күтүүгө болот".
Ошол эле учурда британиялык Times басылмасы Си Цзиньпин, Путин жана Трамп Бээжинде жолугушары күтүлүп жатканын жазды. Бул ырастала элек, бирок ыктымалдыгы жогору тагдыр чечүүчү окуя.
Жолугушуу Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган параддын алкагында өтүшү мүмкүн.
Кызыгы, парад 3-сентябрга белгиленген. Бул Трамптын "50 күндүк" ультиматумундагы акыркы күн менен дал келген дата.































