You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Суу кечке чейин, жылуулук түшкө чейин берилип бүтөт
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
25-январдагы жарыктын масштабдуу өчүрүлүшүнөн кийин Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук менен суу бүгүн да бериле электигин шаар тургундары соцтармактарда жазууда.
Би-Би-Си өлкөдөгү электр жана жылуулук энергияларын камсыздаган “Электр станциялар” ишканасына кайрылды.
Жылуулук качан толук берилет?
Мекеменин басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева Бишкектин бардык бөлүгүндө жылуулукту калыбына келтирүү иштери уланууда деп билдирди.
“Учурда ЖЭБ берген жылуулуктун көрсөткүчү +58℃ жетти. Түшкө чейин шаардын бардык аймактарын жылуулук менен камсыздап, норма болгон +66℃ ге жеткиребиз деп турабыз”,-деди Тагжана Айдаралиева.
Айдаралиева ЖЭБ түнү менен иштеп, жалпы 1500 кызматкер ишке тартылганын кошумчалады.
Электр энергиясынын өчүрүлүшү менен, калаада суу менен интернет да үзгүлтүккө учурады.
Сууну бардык райондорго дароо берсе, түтүктөр жарылып кетиши мүмкүн
Бишкек мэриясы “Бишкексууканал” бардык насосторду ишке киргизгенин айтканы менен, шаар тургундары айрым райондордо дагы деле ысык же муздак суу бериле электигин айтышууда.
Мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева суу дагы жарык жана жылуулук сыяктуу эле этап-этабы менен берилип жатканын айтты.
“Температуралык режимди сактоо максатында кээ бир райондордун түтүктөрүнө суу кое бериле элек. Себеби, бардык түтүкчөгө бир убакта суу берилсе, гидравликалык толкун - суу агымынын ылдам өзгөрүшүнөн пайда болгон суюктук менен толтурулган системадагы басымдын көтөрүлүшү болуп, түтүкчөлөр көтөрө албай, жарылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, коопсуздук эрежелерин эске алуу менен, суу акырындап берилип жатат. Кечке чейин бардык райондорго жетип калат”,-деп түшүндүрду Жамгырчиева.
25-январь күнү Борбор Азиянын үч өлкөсүндө – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда электр энергиясы масштабдуу өчүрүлдү. Анын себеби бирдиктүү энергетикалык шакекчедеги авария деп айтылууда.
Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчеси
Борбор Азиянын өлкөлөрүн бириктирген энергетикалык шакекче 1980-жылдары долбоорлонуп баштап, 1997-жылы бүткөн. Анын максаты региондогу кайсы бир өлкөдө электр кубаты тартыш болуп калса, коңшулардын эсебинен оперативдүү түрдө алганга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле сугат маалында ГЭСтердин турбиналарынын иштешин координация кылганга да керек.
Энергетикалык бирдиктүү шакекчеде башында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан эле эмес, Түркмөнстан менен Тажикстан да бар болчу. 2003-жылы Түркмөнстан, 2009-жылы Тажикстан бирдиктүү энергетикалык системадан чыгып кеткен.
Аварияны өлкөлөр аралык комиссия иликтейт
Кыргызстандын бир топ аймагында саат он экилерден өтүп жарык өчтү. Энергетика министрлиги шакекчеден чыгып, Кыргызстан өз алдынча жарык берет деп билдирген соң, электр энергиясы аймактарда бир сааттан кийин бериле баштады.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев аварияны өлкөлөр аралык комиссия изилдейт деп билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп, иш алып барылат.