Орусия чек ара маселесин чечүүгө жардам береби?

Published

Президент Садыр Жапаров Орусияга болгон иш-сапары учурунда президент Владимир Путин менен жолукту. Андагы талкууланчу  негизги темалардын бири – чек арадагы соңку жаңжал.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров Орусия лидери Путин менен экинчи жолу бетме-бет жолугууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин бул жолугушуу орус президентинин демилгеси менен өтүп жатат.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек”, - деп айтты Владимир Путин.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бөлүп, кам санагандыгы жана Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз делегациясынын  чакан курамына Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев жана Орусиядагы кыргыз элчиси Гүлнара Клара-Самат кирди.

Күн тартибинде каралчу маселелерде басым экономикалык интеграцияга коюлганы менен бул жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларга Кремлдин мамилеси кызык болду.

Куралдуу кагылыш болгон күндөрү расмий Москва бул окуяларга көз салып жатканы тууралуу чакан жана формалдуу билдирүүлөр менен чектелип жатты.

Чек арадагы көп санда адам курмандыктарына алып келген окуядан кийин Кыргызстан тышкы саясатта кимге басым жасашы керектиги тууралуу талаш-тартуулар күчөдү.  Мындай маанай өзгөчө коомдук сайттарда байкалып турду.

Ошондой эле аймактагы коопсуздукка кепилдик катары ЖККУнун ролу тууралуу да суроолор да көтөрүлүп жатат. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов улуттук “Кабар” агенттигинде өткөн эксперттик талкууда:

“Отуз жыл ичинде Борбор Азия өлкөлөрү суу-энергетикалык, чек ара маселеси болобу  бир да курч маселе боюнча мунасага келише албаптырбыз. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар көп нерсеге көз ачты.  ЖККУ тууралуу токтоло турган болсок, биз Өзбекстан же Түркмөнстандай болуп эле ЖККУга мүчө болбой, тышкы саясатта башка багыттарга таянчу варианттар деле бар экен да”.

Кыргызстан КМШ, ЕАЭБга мүчө өлкөлөр ичинен соңку жылдары Орусияга көбүрөөк ыктаган мамлекет болуп жатат.  Айрым серепчилер Атамбаев, Жээнбековдун башкаруу тушунда  расмий Бишкек Кремлге "сателлит позициясына" өткөнүн да белгилеп  келишти.  Канттагы орусиялык авибазасынын макамын чыңдап берип,  ЕАЭБдеги экономикалык интеграцияны кош-колдоп, Кыргызстан Орусия менен кайчылаш маданий жыл белгилеген биринчи өлкө болду.

Кезинде Алмазбек Атамбаевдин Кант базасы аркылуу Москвага учуп кеткени да эгемендикке байланыштуу бир топ суроолорун башын ачкан.

Аракеттеги президент Садыр Жапаров  көп багыттуу тышкы саясат алып барарын айтып, бирок Орусиянын өзгөчө орду тууралуу  Би-Би-Сиге берген маегинде токтолгон:

“Орусия менен жүз жылдан бери эле стратегиялык өнөктөшпүз. Мамиле ошол бойдон калат, себеби бизди алар менен көп нерсе байланыштырып турат. Геосаясий акыбал, аскердик кызматташуу жана башка экономикилалык да өңүттөр бар. Калган өлкөлөр АКШ, Европа болобу же кошуна мамлекеттерби, баары менен иштешип кете беребиз. Эки тараптуу кызыкчылык болсо биз баары менен иштешебиз”.

Садыр Жапаров быйыл февралда Москвага болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында эки өлкө ортосунда 2025-жылга чейин аскердик  тармакта кызматташуу тууралуу программага жана Кыргызстан аймагында учкучсуз учуучу аппараттарга уруксат берүү протоколуна кол коюлган эле. Пандемия шартында Орусиядан арзан айыл-чарба продукцияларын ташып келүү тууралуу да макулдашылган. Бул жолку сапарда коронавируска каршы “Спутник -V” вакцинасынын жаңы партиясын Кыргызстанга бөлүп берүү туурасында да сүйлөшүүлөр өтүп жатат. (EKa)