АКШда каза болгон кыргыз жараны, Индиянын тышкы иштер министри Кыргызстанда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз элчиси АКШда полиция атып өлтүргөн кыргыз жаранын ишин иликтөө зарылдыгын билдирди
Дем алышта Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Американын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Доналд Лу менен жолугушушту. Аманбаев 5-октябрда Пенсилвания штатында полиция атып өлтүргөн кыргызстандыктын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүү зарылдыгын билдирди.
Кыргызстандык Пенсилванияда жүк ташуучу болуп иштеген. Айрым маалыматтарга караганда, ал акча төлөнбөгөндүктөн, өзү иштеген фирманын жүк ташуучу унаасын уурдап кеткен.
Индиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди
Индиянын Тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар 10-октябрда иш сапар менен Кыргызстанга келди.
Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, эки тараптык кызматташуу талкууланып, айрым келишимдерге кол коюулушу күтүлөт.
Жайшанкар 11-октябрда Казакстанга, андан соң Арменияга барат.
Кабминдин жаңы экономикалык саясаты талкууга сунушталууда
Бишкекте экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлү Тигран Погосяндын катышуусу менен кабминдин жаңы экономикалык саясаты талкуулаган конференция өтүп жатат.
Анда дүйнөлүк экономикалык киризистин Кыргызстанга тийгизген таасири дагы каралмакчы.
Шайлоо-2021: Эң көп талапкерлер Жети-Өгүз менен Сузакта
28-ноябрга бегиленген парламенттик шайлоого жеке талапкер катары катышуу үчүн БШК 194 адам арызын берди. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга ылайык, өзүнүн талапкерлигин депутаттыкка жылдыруу шайлоого 45 күн калганда токтойт. Ал эми бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берүү мөөнөтү 18-октябрда токтойт.
Боршайком билдиргендей бүгүнкү күнгө эң көп талапкер катталган шайлоо округуна Жети-Өгүз (11 талапкер) району кирди. Андан кийинки эле орунда Сузак району (10 талапкер) турат.
Шайлоого партиялык тизме менен бара турган партиялар саны азырынча 16га жетти.
Боршайком алдын ала тактаган шайлоочулар тизмесине 3 686 921 жаран кирди, анын 47,92% - эркектер, 52,08%- аялдар. (EK)































