Иранда мектепке жибербеш үчүн ууландырылган 650 кыз

Parents protesting outside the Qom governor's office

Сүрөттүн булагы, IRNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн коркуп, аларды он-лайнт окутууну талап кылышууда
    • Author, Мариям Афшанг
    • Role, Би-Би-Си Перси кызматы
  • Published

Би-Би-Си Иранда 650 окуучу кыздын ууландырылганын иликтеп чыкты. Өкмөттүн чоң кызматтагы чиновниги өзү дагы кыздар атайын эле бутага алынганын айтууда.

Бир да окуучу өлгөн жок, бирок ондогон кыздар деми кыстыгып, кусуп, башы айланып, шалдырап ооруканага жаткырылды.

"Бардык мектептердин, айрыкча кыздардын мектебинин жабылышын каалаган кээ бир адамдар бар экени ачыктан ачык билинип калды",-деди саламаттык сактоо министринин орун басары Юнес Панахи 26-февралдагы басма сөз жыйынында.

Ага чейин башкы прокурор ууландыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону жана анын атайын жасалышы мүмкүн экени тууралуу гана бир билдирүү болгон.

Окуучу кыздар ооруп калардан мурун мандарин менен бузулуп сасып кеткен балыктын жыты болуп жатканын кабарлашкан.

"Колдонулган химиялык зат аскердик класска кирбейт жана оңой эле табылат", - деди доктор Панахи. "Окуучулар кандайдыр бир инвазивдик дарыланууга муктаж эмес, бирок аларга тынчтык керек".

Доктур андан кийин өзүнүн билдирүүсүн "туура эмес чечмелеп" алышканын айтты - көрсө, бир да күнөөлүү адам табылбагандыктан коомдук нааразылыкты кантип басуу боюнча бийлик адамдарынын арасында кер-мур айтышуулар болгон экен.

A protest outside the governor's office in Qom

Сүрөттүн булагы, IRNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыжыры кайнаган ата-энелер Кума провинциясынын губернаторунун кеңсесинин жанына чогулуп, чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылышты

Биринчи уулануу 2022-жылдын 30-ноябрында болду, анда Кумдагы техникумдун 18 окуучуда уулануунун белгилери байкалганда алар ооруканага жеткирилген.

Андан бери провинцияда кеминде он мектептин кыздары ушундай коркунучка кабылды.

Февралдын орто ченинде кеминде жүз адам Кумдун губернаторунун кеңсесинин жанына келип, нааразылык билдиришти.

"Силер биздин балдарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыңар керек! Менин эки кызым бар",-деп бир адам кыйкырып жатканы тартылган видео социалдык тармакка тарады. "Эки кызым... мен эми аларды мектепке жибербей койгондон башка аргам жок".

"Бул согуш!",-деди дагы бир аял ошол жыйында. "Алар Кумдагы кыздардын орто мектебинде ушундай жаман иш кылып жатышат, бизди үйдө отурууга мажбурлашууда. Алар кыздардын үйдөн чыкпай отурушун каалашат!".

Кээ бир ата-энелер өздөрүнүн балдары уулангандан кийин бир нече апталап оорушканын айтууда.

Дагы бир видеодон энеси менен ооруканада эси чыгып жаткан өспүрүм кызды көрүүгө болот.

"Кымбаттуу энелер, мен энемин, менин балам ооруканада жатат, анын колу-буттары шалдырап, алы кетүүдө",-дейт буркураган эне.

"Мен аны чымчыласам да эч нерсе сезбей атат. Айланайындар балдарыңарды мектепке жибербегиле".

Диний чордон

Кыздардын өмүрүнө кол салуулар болгон Кум провинциясында Ислам Республикасынын өзөгүн түзгөн шиит исламынын диний лидерлери жашайт.

Өткөн жылы сентябрда башындагы жоолукту "талап кылайык" салынып жүрбөгөнү үчүн полиция кармап кеткен жаш күрд келин Махсы Амина камакта каза тапкандан кийин алардын бийлигине ишеним кете баштады.

Кээ бир ирандыктар өспүрүм кыздарга кол салуу алардын өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн "жазалоо" чарасы болуп жаткан жокпу деген суроо берип жатышат. Социалдык сайттарга жоолугун башынан алып ыргытып жаткан окуучулардын сүрөттөрү жайнап чыккан эле.

Schoolgirls protesting against their Islamic religious leaders last October at the height of the movement

Сүрөттүн булагы, Twitter

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Социалдык сайттарга жоолугун башынан алып ыргытып жаткан окуучулардын сүрөттөрү жайнап чыккан.

Көптөр, бул чабуул, балким, Афганистандагы талибдердин жана Нигериядагы "Боко Харам" тобунун жолун жолдоп, катаң тартипти киргизүүнү, аны менен ата-энелерге террор жасап, аларды кыздарын мектепке жибербей калсын деп жаткандардын жасаган ишиби деген ойдо болууда.

"Боко Харам Иранга келдиби?"- деп сурады Ирандын мурдагы вице-президенти Мохаммад Али Абтахи өзүнүн Instagram барагында.

Саясатчы-реформист ошондой эле "экстремисттер өлкөнүн чек арасы менен динди өздөрүнүн кызыкчылыгына ылайыктап чечмелей беришерин" эскертти.

Ирандын режими мурдагыдай эле аялдарга карата хиджабды милдеттүү кийүү сыяктуу талаптар таңууланган үчүн айтылып жаткан сындарды четке кагууда. Анын ордуна университеттерге барган кыз-келиндер көбөйүп жатканын айтып мактанууда.

Эгер жаш кыздар мектепти бүтпөсө, анда колледжге бара албайт.

Өзүнүн эки жолу ууландырылганын айтып жаткан бир окуучу кыздын Кумдун губернатору менен жолугушууда айткан сөзү бийликтегилердин кээ бир билдирүүлөрү канчалык чаржайыт жана жаңылыш болгонун көрсөтүп турат.

"Алар (чиновниктер) бизге баары жайында, иликтөө өткөрдүк деп айтышты. Менин атам биздин мектеп жөнүндө сураганда алар видеобайкоо бир аптадан бери иштебей тургандыктан иликтөө болгон жок деп кечирим сурап жатышпайбы",-деди ал.

"Жекшембиде мени экинчи жолу ууландырышканда, мектеп директору "анын жүрөгү ооруйт, ошондуктан аны ооруканага жеткирдик" деп айтыптыр. Бирок менин эч кандай жүрөк оорум жок". (КС)