Козодойдун “Эренек”: кыргыз тарыхчылары аны эмнеге жемелейт?

Published

Россиялык тарыхчы окумуштуу Виктор Козодойдун “Сибир кыргыздарынын беги Эренек” аттуу китеби кыргыз окурмандарына чоң кызыгуу жаратып жаткан учурда, кыргыз кесипкөй тарыхчыларынын бир тобу аны сындаган пикирлерди айтууда. Би-Би-Си Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу, тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошевди маекке тартып, орус тарыхчы окумуштуусу жазган китептин илимий салмагы кандай деп сурады.

Р. Жолдошев: Ал киши менен жеке тааныштыгым бар. Кыргызстанга биринчи келгенде ушул илимдер академиясына келип, сүйлөшкөнбүз. Ошондо ал өзү тарых илимдеринин доктору экенин, Россиянын 1980-жылдардагы саясий тарыхы боюнча иштегенин айткан. Азыркы учурда пенсияда бош болгондо ар кайсы архивдик документтерди карап кызыгаарын айткан.

Мурун башка тарых боюнча иштеп көрдүңүз беле деп суроо салганымда: “Ооба, казактардын Бөкейхандын тарыхынын документтери боюнча карагам" деп айткан.

Мен ага биздин тарых өтө оор, башка өлкөнүн адамдары жазган изилдөөлөр бар деп айттым. Биздин окумуштуулар да караган, натыйжада эки башка пикирлер жаралган. Сиз дагы кыргыздардын тарыхы боюнча жаза турган болсоңуз, окурмандарды ого бетер чаташтырбайсызбы десем, “жок, мен Кыргызстандын тарыхын терең изилдебейм, болгону 17-18 кылымдардагы Енисейдеги кыргыздардын документтерин окуп калдым, ошолор боюнча изилдегим келип жүрөт” деп калды.

Кыргыз тарых изилдөөчүлөрдүн бири Абдыкалыков деп анын эмгектеринин электрондук версиясын көрсөткөм.

Көрсө, кийин кыргыз тарыхчыларына катуу сын-пикир айтып, элге кыргыздын тарыхын мыкты билген инсан катары көрүнүп калган тура.

Бул кишинин ким экенин карап көрдүм. Кандидаттык диссертациясын дагы, доктурдук диссертациясын дагы 1970-1980-жылдардагы Россиядагы саясий өзгөрүүлөр боюнча жактаган экен.

Илимий мекемелерде аз эле иштеген. Көбүнчө саясатта, башкаруу системасында саясий технолог катары иш алып барыптыр. Бул киши күчтүү пиарщик, бош убактысында илимди өзүнө катуу пиар кылып, каражат таап жатат деп ойлойм.

Кыргыздардын меймандостугун билгенден кийин, ар кайсыл тарапта иштеген чоңдордон тартып сый көрүп, ошонун аркасында китебин бекер чыгарууда.

Би-Би-Си: Козодой жазган эмгектин Кыргызстан үчүн илимий мааниси канчалык?

Р. Жолдошев: Биринчи кезекте Кыргызстандын тарыхына таасын тийгизген таасирин белгилей кетсек. Кыргыз коомчулугун козутту. Аны тарыхчылар жамандайбы-жакшылайбы, соңунда кыргыз тарыхына көңүл буруу башталды.

Кандайдыр бир деңгээлде биздин тарыхты терең изилдеген эч ким жок турбайбы, бир орус келип изилдеп жазып атат деген пикир тароодо.

Бирок, толук окуп чыгып сын пикир айткан бир да кишини көргөн жокмун. Окуса да түшүнбөй калганбы.

Мурун мамлекет тарабынан илимге эч көңүл бурулбай калбады беле. Азыр сын көз менен болсо дагы көңүл бурула баштады. Пайдасы ушул болду.

Китептин өзүнүн жазылганы боюнча карай турган болсок, бул жерде эч кандай жаңылык жок. Эч кандай позитивдүү дагы, негативдүү дагы, пайда же зыян тийгизе тургандай эч нерсе жок. Кадимки эле ортодоксалдуу эмгек.

Бул эмгек негизинен Түштүк Сибирдеги Енисей боюндагы кыргыздардын начарлап кулап аткан оор мезгилин, орустар басып алгандан кийинки 16-кылымдын экинчи жарымындагы, 17-18-кылымдын башына чейинки эле кыргыздардын тарыхына арналган. Китепти өзүм окуп чыктым, мактай турган, тарых илимине салым кошо турган же мурун изилденбеген нерсени алып чыккан эмес.

Би-Би-Си: Бишкекте жогорку окуу жайында сабак берген силердин өзүңөрдүн эле кесиптешиңер, тарыхчы окумуштуу өзүн Эренектин тикелей урпагы экенин айтууда. Алтайдагы Төөлөс көлүнө Енисейден көчүп барышкан кыргыздардан экен. Эренектин урпактары Тянь-Шанга журт которгону жазылып атпайбы Козодойдун эмгегинде.

Р. Жолдошев: Кыргыздар Енисейден Тянь-Шанга көчүп жер которгону чоң маселе, көчүп келгенибиз чын, ал процесстин өзөгү орто кылымдагы кыргыздардан турат.

Келгиндер менен жергиликтүү элдердин аралашканынан жаңы этнос келип чыккан. Бул деген бир нече жүз жылдарды камтыган процесс.

Би-Би-Си: Эренектин бир баласы согушта Эренек менен кошо каза болду, экинчи баласы журт которуп, Тянь-Шанга келди деген маалыматтар бар, бул канчалык чындыкка жакын?

Р. Жолдошев: Бул карандай калп. Эренектин баласы болгон. Жунгар калмактары Енисей кыргыздарын 1703-жылы көчүргөндө алардын үч беги болгон. Алардын бири Эренектин уулу Корчун. Ал кыргыздардын башында турган. Корчун менен үч миңден үч жүз түтүн деп, он беш миңдей адамды көчүрүп келди деп калмактардын орустарга айтканы бар.

Калмактын ичине төрт миң кыргыз кеткен деп маалыматтарда жүрөт, ошолордун бири Эренектин уулу Корчун. Калмактын жайсаңдары барып, аларды, Енисейден күчтөп көчүрүшкөн. Көчүрүп келе жатып Алтайга келгенде Котун суусу менен Чүй суусу кошулган жерге келип тыныгышкан деген маалыматтар бар.

Алтайды ашып Иртышка түшкөндө бизге буруттар кол салды деген маалымат бар. Бирок бурут деп жаңылышат, алар казактар болгон. Казактарды кыргыз деп ойлошкон.

Иртыштан өткөндөн кийин Иле дарыясына келишкен. Иле дарыясынын боюнда калмактардын хан ордосу болгон. Ошол жерге алып келип, төрт миң кыргыз жердеп жашап турат деген маалыматтар бар. Калмактар алардан аскер алып, алар калмакка кошулуп, кыргыз менен казакка каршы согушкан.

Алар Цеван Равдандын маалында келген. Ал калмактар кыргыздарга күчтүү чабуулдарды жасап турган убак болгон. Калмактардын арасында бир гана калмактар эмес, башка да көп элдер болгон. Алардын бири сибирдик кыргыздар. Ошолор кошулуп келип түндүк кыргыздарды чапканда, алар жерин таштап Ферганага, Каратегинге, Гисарга чейин качып барышкан. "Казак кайың саап, кыргыз Ысарга качканда" деген сөз ошондон калган. Алар менен кырк жылдай согушкандан кийин Түндүк Кыргызстанды кайра калмактан бошотуп алышкан.

Ошол кыргыздарга каршы согушкан калмактардын ичинде Эренектин баласы баштаган кыргыздар да болгон. Сөзүбүз кургак болбосун десек, алар жөнүндө факты бар. Валихановдун чыгармаларында 18-кылымдын ортосунда орус архивинде калган документтерде айтылат. Усть-Каменогорскиде он эки енисейлик кыргыз орустардын колуна түшүп калган. Аларды орустар калмак-кыргыз деп аташкан. Силер кайсыл жактан келатасыңар дегенде, алар мындан элүү жыл мурун чоң аталарын Жуңгар хандыгы көчүрүп кетишкенин, калмактардын кол астында малай болуп, аскер болуп жүрүп, буруттар менен, казактар менен согушканын айтып беришкен.

Талас суусунун боюнда Миңкат деген уруу менен кошо турганбыз, ошол жерге кыргыздар кол салып талкалап, быт-чытыбыз чыккандан кийин, кайра калмактын ханына барбай, чоң атабыздын айтканы боюнча өзүбүздүн мекенибизге кетип бара жатып силерге туш келип калдык, деп Енисей кыргыздарынын айтканы бар.

Козодой жазып атпайбы, Эренектин баласы көчүп келип эле Тянь-Шань кыргыздарына кирип кетти деп. Бул жөн гана мифология, фальсификация.

Бир жума мурун Хакасиянын өтүп кеткен белгилүү тарыхчысы, этнографы Виктор Бутанаевдин аялы биздин тышкы иштер министрлигине, өкмөткө, илимдер академиясына кат жазыптыр. Ал киши “күйөөмдүн толук мураскери менмин, менден кат жүзүндө уруксат албай туруп жолдошумдун материалдарын жарыялай турган болсоңор, жооптошом. Силер Енисей кыргыздарын эмне үчүн кыргыз деп тарыхыңарга жазып жатасыңар, эмне үчүн силер тарыхты фальсификациялап бурмалап жатасыңар, 17-18 кылымдагы кыргыздардын силерге кандайча тиешеси бар, хакас элине каршы иш жасап жатасыңар” деп жазыптыр катында.

Анын мындай сөзү Козодойдун жазганынан чыгып жатат. Козодойду кыргыздар жалдап жаздырып атат деп ойлоп алса керек. Биз жооп бердик: “Козодой россиялык окумуштуу, биз менен эч кандай байланышта эмес. Ал өзү каалагандай жазып жатат, кыргыз окумуштуулары тарыхты эч кандай фальсификация кылган жок” деп жооп кайтардык.

P.S. Окумуштуу Виктор Козодой өз кезегинде кыргыз тарыхчылары айткан сындардын баарын негизсиз деп четке кагып, кайра алардын өзүн илимий даярдыгы, кесипкөй көз карашы жок, тарых илиминде компетенттүү эмес деп сынга алууда. Фейсбуктагы баракчасында ал Сибир кыргыздарынын 19 кылымга созулган мамлекеттүүлүк тарыхын жазып жатканын жана мурда каралбаган архивдик булактарды, жаңы түшүнүктөрдү илимий жүгүртүүгө киргизгенин, Сибир кыргыздарынын тарыхын өзүнчө мезгилдүү этаптарга бөлгөнүн, Алтын ханды талкалоодо Эренектин маанилүү ролун, кыргыздардын партизандык согушунун стратегия менен тактикасын жана башка жаңы илимий табылгалары бар экенин жазууда.

Маектешкен Кубат Чекиров