You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зеленский: "Биз 6000 чарчы км жерди бошотуп алдык".
Украинанын Куралдуу күчтөрү чечкиндүү түрдө контр чабуулга өтүп, бүтүндөй Харьков областын бошотуп алып, орус армиясын ири жеңилүүгө дуушар кылды, деп кабарлады АКШнын Согушту изилдөө институту. Ошол эле учурда Херсон тарапта дагы орус аскери чегинип, техникасын таштап, Днепрдин сол жээгине эвакуация болуп жатканы жөнүндө кабарлар келүүдө.
Украинанын аскерлери контр чабуулду улантып, Россия басып алган көп аймакты бошотуп алды деп билдирди өлкөнүн президенти.
Владимир Зеленский украин армиясы сентябрда чыгышта жана түштүктө 6000 чарчы км аймакты Россиядан бошотуп алганын айтууда.
Би-Би-Си согуш шартында бул сандарды текшерип алууга мүмкүнчүлүгү жок. Россия өз кезегинде Харьков областынын түндүк-чыгышындагы маанилүү шаарларды колдон чыгарганын мойнун алды. Кээ бир аскер эксперттери бул согуштун бурулуш учуру деп эсептешүүдө.
Москва региондон өзүнүн аскеринин чегинишин Луганск жана Донецк областына күч топтоо үчүн "которуштуруу" болуп жатат деп атоодо.
Бирок Россиянын өзүндө дагы бул чегинүүнү социалдык тармактын колдонуучулары тилдеп шылдыңдап жатышат.
Дүйшөмбүдө АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен украин күчтөрү контр чабуулда "орчундуу прогресске жетишкенин" белгиледи.
"Россиянын Украинада абдан көп күчтөрү бар, ошондой эле курал-жарак, ок-дарысы толтура. Алар биз көргөндөй, жалаң гана украин армиясын эмес, карапайым калкты, жарандык инфраструктураларды дагы аткылап жатышат".
Президент Путин Украинага басып кирүүгө 24-февралда буйрук берген. Россия аскери басып киргенден кийин Украинанын аймагынын бештен бирин ээлеп калган эле.
Согуш - символикалуу, маанилүү да болушу мүмкүн. Бүгүнкү күнү дал ошондой болууда.
Орустардын амбициясы кайрадан ишке ашпай калды. Москва тактикасын өзгөртүп жатканын айтканы менен шашылыш түрдө чегинип жаткандай.
Киев Харьков аймагын дээрлик толук кайтарып алганын билдирүүдө, орус расмийлери өздөрү дагы украиндер орус аскеринен сегиз эсе көп болгонун моюнга алышты.
"Изюм Украинаныкы болчу жана Украинаныкы бойдон калат",- дейт аскердик стратегиялык жагынан маанилүү болгон шаарга кирип келген украин жоокери.
Россия бул аймакты саналуу эле күндө алдырып койду, ал эми аны ээлеп алып жатканда көп күн бою катуу салгылашкан эле.
"Жоокерлерибизди тосуп алган учурда көзүбүзгө жаш алдык. Алар мындай күтүүсүз келет деп ойлогон эмеспиз. Бирок аларды дээрлик жарым жыл күттүк. Аябай кубанып турабыз",-деди жергиликтүү аял.
Россия ачуусу келгенде ракеталык соккулар менен жооп берип турчу. Бул ирет дагы алыстан ракета менен аткылап, бир топ шаарда электр жарыгы өчтү.
Ири электр станциясы талкаланып, Харьков метросунда поезддер токтоду. Айрымдары үчүн электр энергиясынан да олуттуу жоготуу болду.
Украина башка аймактарда да жылыш жасап жатат. Мунун баары Путиндин негизги союздашы саналган Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровду катуу кабатыр кылууда.
Ал интернет аркылуу кайрылуу жасап, "эгер өзгөртүү болбосо, анда өлкөнүн лидерине кайрылууга аргасыз болорун" билдирди.
Март айынын аягында Киевден аскерин чыгарып кеткенден бери бул Россиянын олуттуу чегинүүсү. Эки өлкө тең чоң жоготууларга учурап жатат. Украиндер үчүн мекенин коргоодон башка арга жок. Кеп аман калуу тууралуу жүрүүдө жана Россиянын кандайдыр бир эпке келиши түшүнүксүз бойдон калууда.
Кремль бир нече күндүн ичинде эле Украинаны басып алам деген. Мына, 201 күн өткөндөн кийин эми артка чегинүүдө.
Херсон тарапта дагы орус аскери чегинди
Украинанын түштүк жагында фронттун сызыгы дагы 12 чакырымга жылды. 13 калктуу пункт жана 500 чарчы км бошотулганын украин армиясынын генералы Дмитрий Марченко кабарлады.
"Соңку эки аптанын ичинде 1800 ашык орус аскери жок кылынды, эки учак, эки тик учак атып түшүрүлдү. 120 ашык танк, 130 артиллериялык система, 20 ашык реактивдүү жапырт ок атуу системасы, көпүрөлөр, 150 командалык пункт, 70 ашык ок-дары кампалары жок кылынды",-деди Марченко.
Согуштун шартында Би-Би-Си тараптардын жоготуулары жөнүндө маалыматты ыкчам текшере албайт.
Башкы чалгын башкармасынын баамында, Херсон багытында орус офицерлеринин моралдык духу түштү,- деди генерал.
"Биз билгендей, аларга ок атышпай, украин аскери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, оккупацияланган аймакты бошотуп берүү жөнүндө команда берилди".
Бошотулган аймактар жөнүндө "Түштүк" ыкчам командачылыгынын басма сөз катчысы Наталья Гуменюк дагы билдирди.
"Соңку эки аптадагы биздин ийгиликтер кашкайып көрүнүп турат. Биз ар башка участкаларда төрт километрден бир нече ондогон километрге чейин жылыш жасадык. Бошотулган аймактар бар - 500 чарчы км",-деди Гуменюк "Украина-Укринформ" медиа борборундагы брифингде.
Анын айтымында, украин армиясы Высокополья, Нововознесенское, Белогорка, Сухой пруд жана Миролюбовка калктуу пункттары бошотулду деп билдире алат.
Ал эми орус аскерлери техникасын Днепрдин оң жээгине таштап, сол жээкке көчүп жатышат.
Ошол эле убакта Россиянын Коргоо министрлиги Херсон областындагы жаңы ийгиликтерин жар салууда.
Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенковдун айтымында, украин аскерлери жүздөй адамын жоготту, ал эми Россиянын армиясы "жогорку таамайлыктагы ракеталык соккулар менен 63-механизациялашкан аскер бөлүгүн жана 46-аэромобил бригадасын Костромка жана Белогорка калктуу пункттарынын районунда талкалады".