Кытай-Тайван тирешинин себеби эмнеде?

Published

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга сапар менен барып, чыңалууну ого бетер күчөтүп жиберди. Вашингтон менен Бээжиндин мамилеси курчуп кетти.

Кытай бийлиги Тайванды бөлүнүп кеткен провинция катары көрөт жана өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептейт.

Бирок көптөгөн тайвандыктар өз алдынча башкарууга ээ болгон аралды өзүнчө мамлекет деп санашат. Ал эми көз карандысыздык качандыр бир кезде расмий түрдө жарыяланабы же жокпу — өзүнчө маселе.

Кытай менен Тайвандын тарыхы кандай?

Тайванга биринчилерден болуп келип жашап калган адамдар австронезиялык уруулардын өкүлдөрү болгон. Алар азыркы Кытайдын түштүк аймагынан болгону айтылат.

Аталган арал Кытай жазма булактарында биздин замандын 239-жылы эскерилген. Ал кезде император аталган аймакты изилдөө үчүн экспедициялык күчтөрдү жиберген. Ушул фактыны Бээжин арал өзүнө караштуу экенин негиздөө үчүн колдонуп келет.

Тайван аз убакытка (1624-1661) Голландиянын колониясы болуп турган. Андан соң 1683-жылдан 1895-жылга чейин Кытайдын Цин династиясынын башкаруусуна өткөн.

17-кылымдан тарта баш аламандыктардан жана кыйынчылыктардан улам качып келген кытайлык мигранттардын саны көбөйө баштаган. Алардын көпчүлүгү Фуцзян (Фукиен) провинциясынан чыккан хокло кытайлары же Гуандун провинциясынан чыккан хакка кытайлары болгон. Алардын урпактары учурда аралдагы демографиялык көпчүлүктү түзөт.

1895-жылы Жапония биринчи кытай-жапан согушун жеңип алганда Цин өкмөтү Тайванды Жапонияга берүүгө аргасыз болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта Жапония багынып берип, Кытайдан тартып алган аймактын көзөмөлүнөн баш тарткан. Согушта жеңишке жеткен өлкөлөрдүн бири Кытай Республикасы шериктери АКШ жана Британиянын уруксаты менен Тайванды башкара баштаган. Бирок кийинки жылдары Кытайда жарандык согуш башталып кетип, ошол учурдагы лидер Чан Кайшинин күчтөрү Мао Цзэдундун коммунисттик армиясынан жеңилип калган.

Чан Кайши, анын Гоминдан өкмөтүнүн калдыктары жана тарапташтары, баары биригип болжолдуу 1,5 млн киши 1949-жылы Тайванга качып кеткен.

Ушул топ Тайван калкынын болгону 14% түзгөнүнө карабастан өлкө саясатында басымдуулук кылып келишти. Чан Кайши Тайванда качкын болуп жүргөн кезде өкмөтүн түптөп, аны 25 жыл жетектеген. Чан Кайшинин уулу Цзян Цзинго бийликке келери менен чоң демократиялык процесстерге жол ачкан. Ал авторитардык башкарууга нааразы болгон жергиликтүү жашоочулардын каршылыгына туш болгон. Ошондой эле өнүгүп жаткан демократиялык кыймылдын басымында кабылган.

Тайвандагы “демократиянын атасы” катары белгилүү болгон президент Ли Дэнхуэй конституциялык өзгөртүүлөрдү ишке ашырып, анын натыйжасында 2000-жылы аралда Гоминдандын мүчөсү болбогон алгачкы президент Чэн Шуйбян шайланган.

Тайванды кимдер тааныйт?

Тайвандын макамынын айланасында келишпестиктер жана чаташуу орун алып келет.

Арал өзүнүн баш мыйзамына ээ, президенттери демократиялык жол менен шайланат жана 300 миңдей куралдуу күчү бар.

Бозгундагы Чан Кайшинин өкмөтү башында бүтүндөй Кытайдын атынан бийлик жүргүзөрүн айтып келген. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинде Кытайдын ордун ээлеп турган жана Батыш мамлекеттери тарабынан Кытайдын жалгыз өкмөтү катары таанылган.

Бирок 1970-жылдары айрым мамлекеттер Тайпейдеги бийлик Кытайда жашаган жүз миллиондогон адамдардын чыныгы өкүлү боло албасын айта баштаган.

Ошондо 1971-жылы БУУ Бээжинди таанууга өтүп, Чан Кайшинин өкмөтүнөн баш тарткан. 1978-жылы Кытайдын экономикасы дүйнөгө ачыла баштаган. Соода мүмкүнчүлүктөрүнөн жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү муктаждыктарынан улам АКШ 1979-жылы Бээжин менен расмий түрдө дипломатиялык алакасын түптөгөн.

Андан бери Тайпейдеги бийликти расмий түрдө тааныган өлкөлөрдүн саны 15ке чейин түшүп кеткен.

Учурда көз карандысыз өлкөнүн бардык атрибуттарына жана Кытайдан айырмаланган саясий системага ээ болгонуна карабастан Тайвандын мыйзамдуу макамы белгисиз бойдон калууда.

Тайван менен Кытайдын мамилеси кандай?

1980-жылдары Тайван Кытайга баруу жана инвестиция жасоо боюнча эрежелерин жеңилдеткенде мамилелер жакшыра баштаган. 1991-жылы Тайван Кытай менен согуш аягына чыкты деп жар салган.

Кытай “бир өлкө, эки система” деп аталган жолду сунуштаган. Ага ылайык, Тайван эгерде Бээжиндин башкаруусуна өтө турган болсо, анда ал бир топ эле автономияга ээ болмок. Ушундай эле система Гонконгду 1997-жылы Кытайга кайтаруунун тамырында жаткан эле.

Тайван ал сунушту четке кагып, Бээжин Тайвандын бийлиги мыйзамсыз деп көшөрүп келген. Бирок Кытай менен Тайвандын бейрасмий өкүлдөрү ушул күнгө чейин чектелген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Кийин 2000-жылы тайвандыктар Чэн Шуйбянды президент кылып шайлашкан. Бул Бээжинге коңгуроо эле. Чэн Шуйбян жана анын Демократиялык прогрессивдик партиясы “эгемендүүлүктү” ачык эле колдоп чыгышкан.

Чэн Шуйбян 2004-жылы кайра шайлангандан кийин Кытай бөлүнүп кетүүгө каршы күрөшүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, эгерде Тайван Кытайдан “бөлүнүп кетүүгө” аракет кылса, анда Кытайга “тынчтык жолунан башка жолдорду” колдонуу укугу берилген.

2008-жылы Чэн Шуйбяндын ордуна Гоминдандан Ма Инцзю келип, Кытай менен мамилени экономикалык макулдашуулардын аркасы менен жакшыртууга аракет кылган.

Сегиз жылдан кийин 2016-жылы Тайвандын азыркы президенти Цай Инвен шайланган. Учурда ал эгемендик идеясын сүрөгөн Демократиялык прогрессивдик партияны жетектейт.

Эгемендик маселеси Тайванда канчалык маанилүү?

Бээжин менен Тайпейдин ортосундагы саясий мамиледе жылыш байкалбаса да ортодогу экономикалык байланыш өскөн. Тайвандын расмий маалыматы боюнча, 1991-жылдан тартып 2021-жылдын май айына чейин Тайвандын Кытайдагы инвестициясы $193,5 миллиардды түзгөн. Айрым тайвандыктар экономикасы эми Кытайга көз каранды болуп калды деп тынчсызданышат. Кээ бири болсо тыгыз экономикалык байланыштар Кытайдын аскердик аракеттерин ооздуктап турат деп ишенишет. Себеби, анын кесепети кайра эле барып Кытайдын экономикасына тиери бышык.

Расмий түрдө Демократиялык прогрессивдик партия Тайвандын эгемендигин колдосо, Гоминдан аралдын акыры барып Кытай менен биригишине көзү түз.

Бирок көптөгөн тайвандыктар орто жолдо калгандай. 2022-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн сурамжылоодо тайвандыктардын 5,2% гана тез арада эгемендик алуу керек дешсе, 1,3% аралды тез арада Кытайга кошуу керек деп жооп беришкен.

Калгандары болсо азыркы макамды сактап калуу идеясын колдошкон. Алардын көпчүлүгү Тайван эгемендикти көздөй да, биригүүнү көздөй да эч качан кадам таштабашы керек дешкен.

Кытай-Тайван тирешине АКШнын кандай тиешеси бар?

Вашингтон көптөн бери “стратегиялык бүдөмүк” саясатын жүргүзүп келет. Эгерде Кытай Тайванды басып ала турган болсо, анда АКШ аскердик жактан кийлигишүүгө даяр.

Расмий түрдө АКШ “Бир Кытай” саясатын карманат. Ага ылайык, Вашингтон Кытайдын бир эле өкмөтүн тааныйт. Ал Бээжинде. Ошондой эле Вашингтон Тайпейге караганда Бээжин менен расмий алакада.

Бирок АКШ Тайванга коргонуу курал-жарактарын жеткирүүгө да убада берген жана Кытайдын кол салуусу “олуттуу тынчсызданууга” себеп болорун белгилеген. 2022-жылдын майында АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон Тайванды согуштук жактан коргойбу деген суроого оң жооп берген. Көп өтпөй Ак үй ыкчам түрдө түшүндүрмө жарыялап, АКШнын Тайван боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн жана “Бир Кытай” саясатын карманарын ырастаган. Ошентип бул билдирүү Байдендин Тайван тууралуу мурдагы сөздөрүнө карама-каршы келип калды.

Тайван маселеси АКШ менен Кытайдын мамилесин курчутуп жиберди. Вашингтон тарабынан Тайпейге бериле турган кандай гана көмөк болбосун баарын Бээжин кескин түрдө сынга алды. Байден президент болуп шайлангандан бери ага жооп кылып Кытай Тайвандын аба коргонуу аймагына аскердик учактарды жиберип келет. (EA)