Баткен: селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Видеонун түшүндүрмөсү, Баткен: селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды
Баткен: селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды
Published

22-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда сел жүрдү. Селден улам турак үйлөрдү, административдик имараттарды, унааларды, ички жолдорду суу каптап, материалдык чыгым келтирди. Айрым жерлерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

23-июнга карата сел кесепеттерин жоюуга ӨКМден ондогон куткаруучу, ондогон техника тартылды.

Баткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, президент Садыр Жапаров сел кесепеттерин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды.