"Ак ийилбейт дагы, сынбайт дагы". Ташиевдин соту кайра жабык өтөт

Видеонун түшүндүрмөсү, "Ак ийилбейт дагы, сынбайт дагы". Ташиевдин соту кайра жабык өтөт
"Ак ийилбейт дагы, сынбайт дагы". Ташиевдин соту кайра жабык өтөт
Published

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын сотун кайрадан жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.

22-июндагы соттук отурумда прокурорлор жараянды жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Буга алар журналисттердин катышуусу соттук отурумга тоскоолдук кылып жатканын негиз келтиришти. Жабык өткөрүүнү айрым айыпталуучулар колдосо, башкалары каршы чыкты. Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдой турганын айтышты. Ал эми айыпталуучу Курсан Асанов буга каршы экенин билдирип,ачык өткөрүүнү талап кылды. Судья аны тартип бузду деп, сот залынан чыгартып салды.