You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кырчын жайлоосунда каза тапкан жигиттин окуясы иликтенип жатат
Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда ат сүйрөп кетип каза болгон жыйырма жаштагы жигиттин сөөгү ата-энесине берилди. Жергиликтүү милициянын Би-Би-Сиге билдиришинче, бала жайлоого турист катары барган.
"Окуя Кырчындын өзүндө орун алган. Түштөрдө ат сүйрөп кеткен, күбөлөрдүн айтымында, ат күндө минилип жүргөн жоош эле ат болгон. Бул окуя азыр иликтенип жатат, себеби текшерүү, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен аныкталат. Тергөө дароо эле башталган",- деди Ысык-Көл облустук милиция кызматкери Арыстан Турдумамбетов.
Саламаттык сактоо министрлиги аттан кулап түшкөн жигит дароо Ананьево айылындагы ооруканага алып жеткирилгенин, бирок ал алган жарттарынан улам ага чейин эле каза болуп калганын тактады. Дарыгерлер ал баш-мээсинен жаракат алганын, ички органдары да жанчылып калганын аныкташкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча , маркум аттан жыгылган учурда буту үзөңгүгө илинип калган. Үрккөн жылкы аны бир нече метрге чейин сүйрөп барган.
Милиция бул кырсык Көчмөндөр оюндарына карата даярдык иш-чараларына тийешеси жоктугун билдирди.