Украинанын коопсуздук кызматы полковник Вороничти ФСБ агенттери өлтүргөнүн айтты

10-июлда Воронич киши колду болордон аз мурун байкоо камерасына түшүп калган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 10-июлда Воронич киши колду болордон аз мурун байкоо камерасына түшүп калган
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

10-июлда Киевде Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) полковниги Иван Вороничти атып өлтүргөн Орусия ФСБсынын кызматкерлери жок кылынды. Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк билдирди.

СБУ тараткан видеодо Малюк орусиялык агенттер делген адамдарды кармоо операциясы тууралуу түшүндүрмө берген. Операцияны Украинанын Коопсуздук кызматы Улуттук полициясынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын жардамы менен жүргүзгөн.

"Бүгүн эртең менен Украинанын Коопсуздук кызматынын күчү менен Украинага алдын ала жөнөтүлгөн ФСБнын күжүрмөн тобун кармоо операциясы өттү. Алар үч күн мурун Украинанын коопсуздук кызматынын полковниги Иван Иванович Вороничти – биздин атактуу агабызды өлтүрүшкөн" , – деген Малюк.

Анын айтымында, кармоо учурунда шектүүлөр каршылык көрсөтүп, атышуу болуп, алар жок кылынган.

Видео кайрылуунун аягында жеке турак жайдын короосундагы унаанын жанында каза болгон эки адамдын сөөгү көрсөтүлгөн.

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк шектүүлөр өлтүрүлгөн жерден билдирүү жасады

Сүрөттүн булагы, УКРАИНАНЫН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк шектүүлөр өлтүрүлгөн жерден билдирүү жасады

Окуя тууралуу калган кеңири маалыматты СБУнун басма сөз кызматы таратты. Тергөөнүн версиясы боюнча, украиналык полковникти бир эркек жана бир аял өлтүргөн.

Маалыматка караганда, куратору аларга Вороничти аңдып, анын күнүмдүк иш тартибин аныктоону буюрган. Кийинчерээк киллерлерге үнү чыкпаган тапанча жана жашырына турган жердин координаттары берилген.

Коопсуздук кызматынын полковнигин өлтүргөндөн кийин ФСБнын кызматкерлери из жашырууга аракет кылышкан. Бирок СБУ жана Улуттук полиция кызматкерлери алардын жайгашкан жерин Киев облусунда аныкташкан.

Улуттук полиция шектүүлөр чет элдиктер экенин айтып, бирок алар кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Василий Малюк СБУ Орусия Украинанын аймагында жасоого аракет кылган кылмыштардын 85% алдын алып жатканын кошумчалады.

10-июль күнү эртең менен Киевдин Голосеевский районунда атып өлтүрүлгөн СБУ полковниги Иван Воронич атайын кызматта 1997-жылдан бери иштеп, "Альфа" атайын операциялар борборунун офицери болгон.

New York Times ал Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын Курск аймагындагы операциясында "негизги ролду" ойногон бөлүмдү жетектегенин жазды.

Воронич жөнүндө эмне белгилүү?

Украиналык аскер жана чалгынчы, мурда СБУда иштеген Роман Червинскийдин айтымында, Воронич атайын кызматта "азыр орустар үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып жаткан" бөлүмдү негиздегендердин бири болгон.

Иван Воронич өлтүрүлгөн жерден тартылган кадрлар

Сүрөттүн булагы, УКРАИНА ПОЛИЦИЯСЫ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иван Воронич өлтүрүлгөн жерден тартылган кадрлар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

NYT агенттигинин маалыматына караганда, мурда Воронич жетектеген департамент ЦРУнун техникалык колдоосуна таянып, белгилүү орусиячыл жикчилдерди, анын ичинде Арсен Павловду ("Моторола" каймана аты менен белгилүү) өлтүрүүнү уюштургандардын катарында болгон.

Иван Вороничти жакындан тааныган СБУнун мурдагы кызматкери Юрий Мыхалчыш Би-Би-Синин украин кызматына полковник тууралуу маек курган.

Анын айтымында, алар 2011-жылы Воронич СБУнун Львов облусундагы башкармалыгында мамлекеттүүлүктү коргоо бөлүмүндө иштеп, Юрий Мыхалчышин Львов шаардык кеңешинин депутаты болуп турганда таанышкан.

Украин күчтөрү Донбасстагы жикчилдерге жана орус аскерлерине каршы антитеррордук операция баштагандан кийин ал контрчалгын кызматына өткөн. Кийинчерээк Воронич биргелешкен топтордун курамында анитеррордук операцияларды аткаруу зонасына жөнөгөн.

Ал орусиялык "Ямал" диверсиялык тобун кармоого катышкандардын бири болгон.

Эске салсак, 2014-жылы СБУ кызматкерлери Луганск облусунун Северодонецк шаарынын аймагында орусиялык диверсанттардын лагерин аныктап, мүчөлөрүн жок кылган. Лагерди орус армиясынын ""Ямал" каймана аты бар аскери жетектеп турганы айтылган.