"Маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүшүм керек эле". Аскат Жетиген абактан чыкты

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде отурган Аскат Жетиген бүгүн, 19-августта эркиндикке чыкты. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга соттолгон. Акын айыптоолорду четке кагып, ырайым сураган эмес. Ал жаза мөөнөтүн толук өтөп бүттү.
Ак көйнөк, ак калпак кийген Аскат Жетигенди абактын алдынан эмес, Чоң Чүй каналынын жээгинен жолуктурдук. Бүгүн таң атпай түрмө жетекчилиги аны колониядан чыгырып кетишкен.
Журналисттерге маек курган акын мунун себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:
Мен чыгаар маалда журналисттер келет экен дегенди угушуп, ресонанс болуп кетет дегенден коркуштубу, билбейм. Мени эртең мененки текшерүү баштала электе эле чыгарып жиберишти. Саат жетиден өтүп калган. Бул жерге мени отряд башчыларынын башчысы жеткирип койду.
Аскат Жетиген журналисттерге ат жалында маек куруп, күнөөлүү эмес экенин, эки жолу ырайым суроо өтүнүчү түшкөнүн, бирок баш тартканын билдирди.
"Мен кылмышты мойнума алган эмесмин. Азыр дагы бул кылмышты кылган эмесмин деп эсептейм. Экинчиден, мен кечиримди элден сурагам, ушуну баса белгилегим келет. Анткени мен маданияттын адамы болгондон кийин элге маданияттын үлгүсү болуп көрүнүшүм керек. Бирок ал учурда оош-кыйыш болуп, эмоцианалдык абалымдан улам ачуу сөздөр айтылды эле. Мындай нерсени негизи маданият кызматкерлери жасаганы туура эмес. Бирок болор иш болду",- деди ал.
Аскат Жетиген түрмөдө өзү менен чогуу отургандарга ырайымсыз мамиле жасалганын дагы бир жолу ырастады. Адвокаты Акынбек Ногоев болсо Аскат тергөө учурунда УКМКнын кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн, бул боюнча кылмыш иши ушул кезге чейин козголбой жатканын белгиледи:
"Кыйноо боюнча бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Ошого биз да кейип жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыга элек".
Аскат Жетиген маек учурунда түрмөдөгү жашоо-турмуш жөнүндө кеп кылып, абакта отургандарга комуз үйрөткөнүн, өзү да көп нерсени үйрөнүп чыкканын айтты:
"Түрмөдө отурганда жыйырма чакты адамга комуз үйрөттүм. Алды "Маш ботойду" черткенге жарап калды. Өзүм болсо аккордеон черткенди жакшылап өздөштүрдүм. Түзөтүү мекемесинин жашоосу менен бышырды, курчутту, бекемдеди".
Аскат Жетиген жакында басма сөз жыйынын өткөрүүнү, күздө калкында чоң концерт берүүнү пландап жатканын да айтты. Ага чейин акындын тергөө абакта жазган бир ырынан үзүндү окуп туралы:
Калкыма түшкөн караан түн,
Камактагы карантин.
Төрт тарабым төрт дубал,
Төбөлгө жетпес кайран үн…
"Бир саатка жакын ток менен кыйнашкан"

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2024-жылы камалган Аскат Жетиген сот отурумдарынын биринде көрсөтмө берип жатып, тергөө учурунда УКМК кызматкерлери анын башына баштык кийгизип, кыйноого алганын билдирген:
"Кыйноо УКМКда болгон. Дагы бир жолу угуп алыңыздар. УКМКнын шаардык мекемесинде бир саатка жакын ток менен кыйнашкан".
Убагында атайын кызмат бул боюнча түшүндүрмө берген эмес.
Быйыл, 2026-жылы мартта Аскат Жетиген түрмөдө отургандарга ырайымсыз мамиле жасалып жатканын айтып чыккан. Өзү болсо айып изоляторуна камалганын билдирген.
"Учурда ШИЗОдомун. Түшкү тамактанууга чыкпай, бир сааттан ашык сейилдөөчү бөлмөдө жаанда турдум", - деп жазган Аскат Жетиген.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы катта айтылган билдирүүлөрдүн баарын төгүндөп, акын Аскат Жетиген эрежеге моюн сунбаганы үчүн айып изоляторуна киргизилгенин кабарлаган.
Ал бул билдирүүдөн төрт ай өткөндөн кийин, 15-июлда адвокаттары аркылуу кайра кат жолдоп, колониянын кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанган:
"Ар-намыска, абройго шек келтирүү – кадимки көрүнүш. Оозго алгыс сөздөр менен ашатып сөгүп, өз таламын талашкан жана укугун коргогон жарандарга катаал чаралар көрүлүп, аёосуз ур-тепкиге алуу менен соттолгон жарандарды өз кулундай эзип келатышат!"
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 18-августта Фейсбуктагы баракчасына кыйноо фактылары боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартып келе жатканын жазды:
"2024-жылдын 12-апрелинде кыйноо жөнүндө арызды Аскер прокуратурасы өз алдынча иликтебестен, УКМКнын Өздүк коопсуздук кызматына жөнөткөн. Башкача айтканда, арызда сөз болгон кызматкерлердин өздөрү иштеген мекемеге текшерүү жүргүзүү үчүн тапшырган. 2024-жылдын 26-июлунда прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган. Ошондон бери Аскат жана анын адвокаты прокуратуранын кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимдерине үзгүлтүксүз даттанып келишет. Аскат СИЗОдо жана түрмөдө отурганда бир дагы прокурор ага барып, кыйноо фактысын өз оозунан тактаган жок".

Сүрөттүн булагы, courtesy
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди 2024-жылы 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомчулук анын бошотулушун талап кылган. Эки күндөн кийин,18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
Бирок 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге каршы дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.
Бишкектин Свердлов райондук соту акын жана композитор Аскат Жетигенди 2024-жылы 1-июлда "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыктарга чакыруу" беренеси боюнча актаган.
Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Акын айыптоолорду четке кагып келет.
Укук коргоочулар бийликтен акынды бошотууну жана актоону өтүнүшкөн. Аскат Жетиген күнөөсүз экенин айтып, ырайым суроодон баш тарткан. Президент Садыр Жапаров 13-июлда журналист Али Токтокунов менен курган маегинде акын элди көчөгө чыгууга чакырганы үчүн соттолгон болушу мүмкүн экенин айткан.
"Билбейм. Мени кимдер гана сөккөн жок. Бирине да көңүл бурган жокмун. Тим койгула деп коем. Бирок анын башка чакырыгы болушу мүмкүн, уюштуруп жаткан иши болушу мүмкүн, чакырыгы болушу мүмкүн да. Көчөгө чыккыла, анткиле-минткиле деп жатса, ал үчүн жооп бериши керек да", - деп жооп берген Садыр Жапаров.
Аскат Жетиген - акын жана композитор. Убагында "Ордо Сахна" фольклордук ансамблинин жетекчиси болгон. Акын 2022-жылдан тарта азыркы бийликтин саясатын сындап келген. Айрыкча, казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгелерине каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын, маданият тармагындагы иштерди айыптаган. Түз эфирде сөгүнгөн учурлары болгон. Бул үчүн кийин элден кечирим сураган.




























