You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда Министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалды
13-октябрь: Күндүн жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси
Жапаров Акылбек Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктарга ылайык:
- Кожошев Арзыбек Орозбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды;
- Аалиев Азиз Кубанычбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Байсалов Эдил Жолдубаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды
- Амангелдиев Данияр Жолдошевич экономика жана коммерция министри болуп дайындалды;
- Бакетаев Алмаз Кушбекович финансы министри болуп дайындалды;
- Казакбаев Руслан Айтбаевич тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Баетов Аяз Батыркулович юстиция министри болуп дайындалды;
- Осоев Эркинбек Арстанбекович транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович айыл чарба министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Кутманова Динара Асиевна жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттык сактоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Купешов Болотбек Дүшекович билим берүү жана илим министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Жаманкулов Азамат Капарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;
- Базарбаев Кудайберген Базарбаевич эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич коргоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Ниязбеков Улан Омоканович ички иштер министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Ажикеев Бообек Эргешевич өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Нидерланддын канбийкеси өз жынысына үйлөнсө дагы таажысын сактап кала алат
Өз жынысына үйлөнүү Нидерландда 2001-ж. бери мыйзамдуу. Бирок тактыга мураскор керек болгондуктан, королдук үй-бүлөгө бул мыйзам иштебейт деп эсептелип келген.
Учурдагы убактылуу премьер-министр Марк Рутте бардык королдор жана канышалар өз жынысындагы адамга үйлөнүүгө укугу бар экенин тактады.
Голландия тактысынын мураскору Амалия канбийке декабрда он сегизге чыгат.
Рутте мырза мурда мунун баары “теоретикалык жагдай” болгонун, бирок кийинки каныша аялга үйлөнө аларын айтты.
“Ошондуктан кабинет корол же мураскор өз жынысындагы кишиге үйлөнгүсү келсе, эмне үчүн тактыдан баш тартышы керектигин билбейт”, - деди ал парламентте жазылган суроого жооп берип жатып.
Амалия - корол Уиллем-Александардын улуу кызы, жайында эгер ал өз жынысындагы кишиге үйлөнсө тактынын тагдыры кандай болоруна ой жүгүрткөн китептен улам көңүл чордонунда.
Амалия эмки жылы университетке өтөт деп күтүлөт. Ал студенттик кезинде берилүүчү королдук кирешеден баш тарткан. (CS)
Дүйнөлүк экономика калыбына келүүдө
Эл аралык валюта кору быйылкы жылга карата экономикалык прогнозун берди. Ага ылайык, 2021-жылы дүйнөлүк экономикада өсүш 5,9% болушу мүмкүн. Бул быйыл июлда Эл аралык валюта кору берген божомолдон 0,1% аз.
Аталган фонддун экономисттери пандемиядан кийин дүйнөлүк экономиканын калыбына келүүсү жайлап жатканын айтышты. Дүйнөлүк экономиканын өнүгүш перпективасы тууралуу отчетто 2022-жылга карата дүйнөлүк Ички дүн проукттун өсүшү 4,9% түзөт деп белгиленет. Глобалдык экономика калыбына келип жатканы менен анын өсүү динамикасы пандемиядан улам алсызданганы айтылды.
Инфляция АКШ жана Британияда чоң тобокелчиликке айланды. Катаал карантин чаралары алынгандан кийин бул өлкөлөрдө сурам өстү, бирок сунуш болгон жок, андыктан баалар өсүп кетти. Бул өз кезегинде борбордук банкттандагы проценттик үлүштөрдүн жогорулашына алып келмекчи. Эл аралык валюта кору, ошондой эле, вакциналар жеткиликтүү болбой жатканын, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө сырье менен азык-түлүккө баалар өскөнүн белгиледи. Бул дагы глобалдык экономикага карата прогноздун азайышын шарттаган факторлордон. (EK)