Коронавирус: АКШда беткапсыз жүрүүгө уруксат берилди

Published

АКШнын бийлиги толугу менен эмдөөдөн өткөн жарандарга имараттын ичинде жана көчөдө беткапсыз жүрүүгө уруксат берди. Ошондой эле, коронавируска каршы вакцина алгандар социалдык аралыкты сактабай койсо дагы болот.

Толугу менен эмдөөдөн өтүү үчүн үч апта аралыгы менен вакцинанын эки дозасын алуу керек. АКШнын Жугуштуу ооруларды алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, өлкөдө 119 миллион адам толугу менен эмдөөдөн өттү. Бул болжолу менен калктын 35 пайызы. Ал эми 156 миллион адам вакцинанын биринчи дозасын алды.

Эксперттер болсо жаңы эрежелер бир гана мурдагы жашоо ыргагына кайтып барууга жол ачпастан, вакцина албай жүргөндөргө эмдөөдөн өтүүгө түрткү болот деп ишенет.

Беткапсыз жүрүү эрежеси тууралуу АКШнын президенти Жо Байден жарыялады.

“Бул өтө чоң жетишкендик жана мыкты күндөрдүн бири. Толугу менен эмдөөдөн өткөндөр коомдук жайларда беткапсыз жүрө алат, алар айланадагы кишилерге жылмаюуга укуктуу. Биздин жарк этип жылмайганыбызды дүйнө жакшы билет эмеспи”,-деп айтты Байден.

Ал эми толугу менен эмдөөдөн өтө элек жарандар дагы деле эл топтолгон жерлерде, оорукана, коомдук транспорт жана жайларда беткап кийип жүрүшү керек.

Айрым дүкөндөр болсо, жаңы эрежелерге карабастан кардарларын беткап кийип жүрүүгө жана социалдык аралыкты сактоого милдеттендире берет. Себеби толук эмдөөдөн өткөн жаранды текшерүү мүмкүн эмес.

 

Греция туристтерге эшигин ачты

Жума күндөн тарта Греция туристтерге эшигин ачты. Буга чейин өкмөт коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөлүктөрдү өлкө убактылуу кабыл албайт деп жарыялаган.

Бирок өлкөгө Греция тааныган вакцинаны алган жарандар же Covid-19 вирусу жок экенин тастыктай алган туристтер гана кире алат. Эми өлкөдөгү музейлер ачылып, кафе, ресторандар дагы ишин улантууда.

Өткөн жылдагы туристтик сезон үзгүлтүккө учурап, өлкөнүн экономикасы сегиз пайызга төмөндөгөн эле.