Жөө күлүк Дарья Маслова эртең чуркайт

Published

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эртең Токио олимп оюндарында Дарья Маслова 42 чакырым аралыктагы жарышта чуркайт.

Дарья менен бирге жарышка 88 спортчу катышат. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 04:00дө башталат.

Дарья Маслова 26 жаштагы КР Жеңил атлетика боюнча спортчусу жана эл аралык спорт чебери Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

Маслова 2015-жылы Кытайда өткөн Азия чемпионатында 5000 метр аралыкка чуркоо боюнча улуттук рекордду жаңылаган.

Спортчу 5000 метр аралыкта Жайкы Универсиададагы коло медалдын ээси (Кванжу-2015) , жаштар арасында Азия чемпиону (Тайпей-2014) жана Азия чемпиондугунда коло байгеге (Ухань-2015) ээ болгон. 2017-жылы 5000 жана 10 000 метр аралыкка чуркап, Азия чемпионатында алтын тагынган. 2018-жылы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарды алган. Андан кийин 2019-жылы Кытайда өткөн марафонду жана Белорусияда өткөн кубокту да жеңип алган. Ал эми бул жылы Ташкентте жана Душанбеде өткөн марафондордо дагы баш байгени берген эмес.

Токио-2020 олимп оюндары Дарья Маслованын экинчи олимпиадасы. Ал 2016-жылы Рио-Де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышып, 10 000 метр аралыкты 31 мүнөттө чуркап өтүп, 19-орунду ээлеген.

Маслованын машыктыруучусу Виктор Борисов болгон. Ал былтыр 82 жаш курагында көз жумган. Учурда Борисовдун кызы Татьяна Борисова Дарья Маслованы машыктырып келет.

Кыргызстандан Олимпиада оюндарына жалпы 16 спортчу жолдомо алган. Алардын ичинен балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, Мээрим Жуманазарова коло медаль алышты. Медалдар рейтингинде Кыргызстан азыр 68-орунда турат. Орто Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 2 алтын, 2 коло медаль алды.

3-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта аяктайт.