Орусия Балаклея шаарына эки ирет сокку урду. Набыт болгондор жана жаракат алгандар бар

Согуш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Харьков облусунун Балаклея шаарынын борборуна Орусиянын аскер күчтөрү эки ирет ракеталык сокку урганын шаар администрациясынын башчысы Виталий Карабанов билдирди. Айтымында, ракета көп кабаттуу үйлөрдүн жанына келип жарылган.

Кийинчерээк Карабанов, чабуулдун кесепетинен үч адам набыт болгонун кошумчалады. Соккудан 10 адам жаракат алган, алардын арасында 2007, 2010 жана 2011-жылы туулган үч бала бар экени кабарланды.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, жаракат алгандардын тогузу ооруканага жаткырылды, бир адамга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлигинин күн сайын жарыяланган билдирүүсүндө, дүйшөмбүгө караган түнү өлкө аймагына 36 дрон кол салгандыгы айтылат.

Маалыматка ылайык, алардын 14ү Брянск облусунан, 8и Тамбовск облусунан атып түшүрүлгөн. Тула жана Төмөнкү Новгород облустарынын үстүнөн бирден дрон жок кылынган.

Ал ортодо АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге маек берип жатып, республикачы конгрессмендер Орусия менен соода жүргүзгөн өлкөлөргө катуу санкция киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатканын айтты. Трамп Иран да бул тизмеге кириши мүмкүн экенин четке каккан жок.

"Мындай демилгени мен сунуштаганымды билесиздер. Ошондуктан Орусия менен бизнес жүргүзгөн ар бир өлкө өтө катуу санкцияларга кабылышы мүмкүн",- деди Трамп Reuters агенттигине берген маегинде.

Bloomberg агенттиги жазгандай, Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Жон Тун октябрда сенатор Линдси Грэм көптөн бери илгерилетип жүргөн, Орусияга каршы санкцияларды караган мыйзам долбоорун добушка чыгарууга даяр экенин билдирген. Бирок ал "так мөөнөт менен бирге жоопкерчилигин алгысы келбей турганын" кошумчалаган.

Бул мыйзам долбоору Трампка Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алып, ошол эле учурда Украинага активдүү колдоо көрсөтпөгөн өлкөлөрдөн келчү импортко 500 пайызга чейин бажы төлөмдөрүн киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Трамп Сенатта сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоого алды. Бул анын Москваны каржылоону токтотуу боюнча бир нече айдан бери жүрүп жаткан аракеттерди жактаган эң ачык билдирүүсү болуп калды.