You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бучадагы кыргынгаЧыңгыз Атанаев катышканбы?
“Важные истории” басылмасы Украинанын Буча шаарында болгон кыргынга катыштыгы бар орус аскерлеринин биринин өздүгүн аныктаганын, ал орус жараны Магадан шаарынын 37 жаштагы тургуну Чыңгыз Атанаев экенин билдирди.
Журналисттер The New York Times гезитинин Бучадагы окуялар тууралуу макаласын изилдеп чыгышкан. Анын ичинде орус аскерлери Бучанын тогуз тургунун суракка алып, андан соң атып салганын көрсөткөн видео да болгон. Атылгандардын ичинен бир киши гана тирүү калган.
Бучадагы кыргын тууралуу мындан окуңуз:
“Атанаев Магадандын тургуну, бирок көп жылдан бери Псковдо жашайт. Так ошол шаарда 104 жана 234-чабуулчу-десант полку (№32515 жана №74268 аскердик бөлүмдөр) жайгашкан. The New York Times’тын маалыматы боюнча, бул бөлүмдөр Бучадагы кыргынга катышкан”, - деп маалымдайт “Важные истории”.
Басылма Атанаевдин Вконтакте соцтүйүнүндөгү баракчасын тапты. Ал армия, куралдар жана согуш өнөрлөрү тайпаларына катталган. Мындан сырткары, ал 2017-жылы аялынын жашы жете элек кызын “аскердин үй-бүлө мүчөсү” деп табуу үчүн Россиянын Коргоо министрлиги менен соттошкон.
Атанаевдин аялы Татьяна Чеснак журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Ошол эле учурда ал The New York Times’тын макаласын “фейк” деп атады.
The New York Times гезити жарыялаган видеодогу орус аскерлердин бири Чыңгыз Атанаев деген тыянакты Bellingcat’тин иликтөөчүлөрү да чыгарды.
Соцтармактагы талкууларда Чыңгыз Атанаевдин теги кыргыз же казак деген божомолдор айтылууда.
Орус аскерлери февралдын аягында Киев облусундагы Бучага бастырып кирип, шаарды бир айдан ашуун убакыт көзөмөлдөгөн. Украин аскерлери Бучаны бошоткондон кийин шаардын аймагынан жүздөгөн жай тургундардын сөөктөрү табылган. Өлкөнүн бийлигин бүгүнкү күнгө чейин каза тапкандардын сөөктөрүн табууда, жалпысынан Киев облусунда өлтүрүлгөн жай жарандардын саны 1300гө жетти.
Россия Бучадагы кыргынды жасалма, атайын каралоо үчүн жүргүзүлөн өнөктөштүк деп четке каккан. Бирок спутниктик сүрөттөр Россиянын жүйөөлөрүн жокко чыгарган:
Укук коргоочу уюмдар Киев облусунда жай тургундарды өлтүрүүдөн сырткары зордуктоо жана кыйноо фактыларын катташкан. Ал эми Эл аралык кылмыш сотунун тергөөчүлөрү Бучадагы кыргын боюнча көз карандысыз иликтөөнү баштаган. (EB)