You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Рахманкул хандын уулу: атам Американы эмес, Түркияны тандап тагдырыбызды чечти
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек
Памир кыргыздарынын жер которуп Түркияга барып отурукташып калышы Рахманкул хандын тарыхый жана туура чечими болгон. Буга байланыштуу Бишкекте “Рахманкул Хан жана Түркия / Улуу Памир кыргыздары” аталышта илимий конференция болду. Ага Түркиядан Рахманкул хандын уулу Мухаммед Ариф Кутлу жана Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коомунун төрагасы Абдулметин Кескин келип катышты. Би-Би-Си аларды кепке тартып, оогандык кыргыздардын Түркияга көчкөн тарыхый окуясынын таржымалын сурап, алардын кийинки жашоо турмушу тууралуу маектешти.
Абдулметин Кескин: “Рахманкул хан жана Улуу Памир кыргыздары” жөнүндө жыйынды өткөн жылы өткөрмөкпүз. Бирок убакыт жетишпей ушул жылга калган. Кыргыз Түрк Манас Университетинин ректору Алпаслан Жейлан менен ТҮРКСОЙ уюмнун жетекчиси Султан Раев Рахманкул хан атбыздын эмгектерин дагы да элге жеткирели деп сүйлөшкөн экен. Рахманкул ханды эл ичинде билген бар, билбеген бар. Билгендер кыргыздын акыркы ханы дешет. Түрк эли Рахманкул ханды бир эле кыргыздын эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн соңку ханы деп таанып, аты өчүп калбасын, эстеп жүргүлө деп атабыздын ысымын мечит, медреселерге ыйрашкан. Кыргыз элине ыраазыбыз, Рахманкул хандын урпагысыңар деп, бизди сыйлап, жакшы сөздөрүн айтып, ар дайым жылуу кабыл алышат. Рахманкул хан кыргыздын эң акыркы ханы деп айтылып, тарых китептеринде да жазылды. Эми көчөлөргө аты берилсе дейт элек. Президенттен суранып, депутат, министрлерге Бишкекте көчөгө же сейил бакка атабыздын аты берилсе деп айттык эле. Буюрса бу да ишке ашар. Биз Түркияда болсок да жүрөгүбүздүн жартысы Кыргызстанда.
"Атам биздин тагдырыбызды чечти"
Би-Би-Си: Мухаммед Ариф агай айтсаңыз, Ооргандан Түркияга журт которгон учурду өз көзүңүз менен көрсөңүз керек. Ошол күндөрдү сүрөттөп бере аласызбы?
Мухаммед Ариф Кутлу: Ооганда төңкөрүш болгондон кийин атам бизди Пакистанга баштап барды. Аанан атам Америкага кат жазып, бизди көчүрүп кеткиле деди. Алар макулдугун берди. 1981-жылы Кенан Эврен деген пааша (Түркиянын президенти) Пакистанга келип калды, Пешавар деген шаарга. Атамын жанында мен да бар элем. Кенан Эвренге жолугуп, жагдайды айтканда “хан, мен силерди алып кетем” деди. Мен Америкага кетели дедим. Атам “Америкага кетсек жашоо шартыңар жакшы болоттур, бирок 50-60 жылдан кийин балдар тилин унутат, анын убалы менин мойнумда болот, Түркияга баралы, каныбыз, тилибиз бир” деп туруп алды. Ошентип Түркияны тандадык. Кенан Эврен пааша атама “силер менен кете турган кимдер бар” дегенде атам Пакистандагы түркмөн, казак, өзбектерди да жаздырып, 4500 адамды Түкияга алып келген. Эң көбү биз, кыргыздар элек, 1331 адам. Бир-эки кыргыз пакикстандык кызга үйлөнгөн экен, аларды аялы менен кошо алып келишти. Эч кимди таштаган жок. Мына Ооганда 45 жылдан бери согуш. Биз калсак ар жерге тозуп жоголот белек? Ошентип менин атам Рахманкул хан Түркияны тандап, биздин тагдырыбызды чечти.
Рахманкул хан дайыма балдарды окуткула дечү...
Би-Би-Си: Учурда Ван көлүнүн жээгинде жашаган кыргыздар кандай жатышат, жашоолору жакшыбы?
Мухаммед Ариф Кутлу: Биздин турмушубуз жакшы. Азыр кой, уй, эчки сыяктуу мал-келибиз, айылбызды коргогон аскерлерибиз бар. Айылбызды коруп 200дөй адам пенсияга чыккан. Түркия давлати бизди коруучу дейт. 1978-жылдан бери айылыбызды кайтарабыз. Элдин турмушу жакшы. Бир үйдө үч-төрттөн киши айлык алат. Мен эсептеп көрдүм, айлык албаган киши жок экен. Балдарыбыз окуду. Биз менен барган казак, түркмөндөр балдарын окуткан жок, иш менен алектеништи. Биздин балдар-кыздарыбыздан дарыгер, сот болгондору, аскер болуп генералдыкка чейин жеткендери бар. Азыр ар жерде иштеп жүрүшөт. Башкалар кантип окуттуңар деп таң калышат. Атам Рахманкул хан дайыма балдарды окуткула дечү. Памирде 20-30 баланы топтоп алып өзү окутар эле. Анда кагаз, китеп табылбайт, көө менен тактага чийип окутчу.
"Тилиңерди, диниңерди эч убакта унутпагыла..."
Би-Би-Си: Рахманкул хан эл тилин-маданиятын сактап калсын деп Алясканы эмес Туркияны тандаган тура. Учурда жаш муун кыргыз тилин колдонобу?
Мухаммед Ариф Кутлу: Жарым жартылай. Кыргызча менен түркчө жакын тил да, мен дагы айрый албай калам. Үйдө кыргызча сүйлөйбүз. Мектебизбиз түркчө болгон үчүн айылдагыларга үйдө балдарыңар менен кыргызча сүйлөшкүлө деп айтам. Балдарыбыз кыргызча билет, түшүнөт бирок сүйлөгөнү жарым-жартылай болуп калды.
Би-Би-Си: Абдулметин агай, жаштарды тилин унутпашы үчүн эмне иштерди жасап келесиздер?
Абдулметин Кескин: Абалтан Мухаммед Ариф агайыбыз айыл башчы болуп турганда Кыргызстандан эки-үч мугалим барган. Алар жаштарга ариптерди, жазганды үйрөткөн. Ошолордун арты менен жазышты, окушту үйрөнгөнбүз. Биз Кыргызстандан эки-үч мугалим сурап келебиз. Эгер барып окутса жашы болор эле. Биринчи тилегибиз ушул. Экинчи тилегибиз, айылдагы жаштар өзүбүз билген Памир кыргыздарынын тилин сактап калса деп үйрөтүп жатабыз. Буюрса биздин ичибизден да тилчилер чыгып калар. Рахманкул хан атабыздын жанына барып сөзүн тыңшаганда, “тилиңерди, диниңерди эч убак унутпагыла” деп айтар эле. “Кыргыз элибиз бар, бир күнү ошо жерлерге барасыңар” дечү. Рахманкул хан атабыздын, айткандары дайыма кулагыбызда. Аны биз колубуздан келишинче балдарыбызга айтып жатабыз.
Би-Би-Си: Памирден журт которгонуңуздарга 50 жылга аяк басса да, Оогандагы Улуу Памирди унутпай жүргөнүңүздөрдү айтып келесиздер. Ал жактагы кыргыздар менен байланышып турасыздарбы?
Мухаммед Ариф Кутлу: Ооба, байланышып турабыз. Американын аскерлери Ооганга киргенден кийин Памырга мен 10 жолу бардым. Баарын көрдүм. Элдин жашоо туруму, оор. Доктур жок, төрөттөн өлгөн аялдар көп. Бу себептен алтымыштан ашса да кээ бир кишилердин катыны жок. Мындан алты жыл башта 1200дөй киши бар эле. Анын бир канчасы Кыргызстанга кетти. Мен аларга Кыргызстанга кеткиле, биз жашап жүргөн убактагы Памыр азыр жок, дүнүйө өзгөрдү деп айттым. Азыр суу жок, от чыкпайт. Кээ бир жерлерде таа алыстан эшек, аттарга суу артып келишет. Беш үйлүү байлары бар, алар кеткенге ынабайт. Азыр да Бадахшанда 11 үйлүү жыйырма-отуздай адам жатат. Көрүшкөнүмө эки апта болду.
Би-Би-Си: Оогандык кыргыздарды өлкөгө алып келүү тууралуу сөз болууда. Сиздер бир чөлкөмдөн башка жерге барып отурукташкан эл катары айтсаңыздар, памирлик кыргыздарды алып келип, коомго аралаштырууда эмнеге көңүл буруу керек?
Абдулметин Кескин: Мен Чоң-алайга да бардым. Чоң-Алайдын акими жакшы кабыл алып, президентибиздин демилгеси менен памирлик кыргыздарга деп бөлүнгөн жерлерди көрсөттү. Агайыбыз айткандай, памирликтерди шаарга алып келсе болбойт. Рахманкул атабыз да мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай элди шаарга жайгаштырган эмес. Түрк өкмөтү макул болуп, сураган жерин бермек. Бирок лидерибиз бизди түшүнүп, бириндеп чачылып кетпесин деп Ван көлүнүн аймагына жайгаштырган. Биз ал жерде окуп, Түркиянын жашоо шартын үйрөндүк. Биз үчүн Ван аймагындагы Улуу Памир айылы ар качан жүрөгүбүздө. Түркиянын башка аймактарына, Стамбулга, Анкара барсак да Улуу Памирди айылыбызды эстеп турабыз. Ошондуктан ооганда жашаган памирликтерди адегенде тоолуу аймакка, мал жандык менен жан бага турган жерге алып келиш керек.
Мухаммед Ариф Кутлу: Кыгыздар Вахан коридорунун аймагында калса деген пикирлерди окуп калам. Менин деле бул оюмда бар. Ал аймак кыргыздар Эне-Сайдан келгенден бери кыргыздын жери. Марко Поло Памырга барып, кыргыздар кулжаны атып жеп, топоз багып жашай турганын мындан 800 жыл мурун китабинда жазган. Өшол жер биздики экендиги менин да дилимде бар. Бирок аларды алып келип, бир жерге чогуу жайгаштыруу керек. Ар жерге чачырап кетсе кайра Памырга жөнөшөт. Келсе аларга өкмат дароо иш бере албайт да. Чоң-Алайга келип бир жерге жайгашып, мал чарбачылыгы менен күн көрүп, балдарын окутуш керек.
"Вандыктардын сагынычы бүтпөй өздөрү менен кетет"
Би-Би-Си: Ван көлүнүн жээгинде жашаган кыргыздардын сагынычы, салам дубайы болсо айтсаңыздар болот.
Мухаммед Ариф Кутлу: Сагыныч бүтпөйт. Жалпы беш миңге жакын кыргыз барбыз. Кыргызстанды бир көрсөк деген армандары бар. Азыр заман жакшы, телевизордон көрүп турушат. Келсек дешет, бирок баары келе албайт да, сагынычтары өздөрү менен кетет да эми.
Мухаммед Ариф Кутлу: Биз кыргыз эилине ыраазыбыз. Биздин кыргызстанга чакырган ТҮРКСОЙго, Кыргыз-Түрк Манас университетине ырахмат. Мына келгенден бери, бизди көргөндөр Фейсбуктан көргөндөр келип, бир суу ууртап кеткиле деп чакырып жатышат. Баарына ыраазыбыз. Рахманкул хандын уулу экен деп Маамед Ариф агайыбыздын колун кармап калалы, жакшы сөзүбүздү айталы деп телефон чалгандар болуп жатат. Улуу кишилер келип, учурашып кетип жатышат. Мунун баары биз үчүн чоң сыймык. Элибиздин көңүлү биз менен экен, аман болушсун. Түркияга барганда биздин айылга барып, элибиздин турмушу менен таанышып кетишсин дейбиз.