Өкмөт башчы Акылбек Жапаров эмнеге ооруканага түштү?
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн жүрөгү ооруп жана кан басымы түшүп, Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия боюнча улуттук терапия борборуна жеткирилди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.

Сүрөттүн булагы, Official
Жапаров электрокардиография жана коронографиядан өтүп, догдурлар өкмөт башчы миокард инфаркт болбогонун тастыктады. Бирок анын жүрөк булчуңдары тартылып калганы аныкталды.
Ушу убакытка карата Акылбек Жапаровдун саламаттыгы стабилдүү жана канаттандырарлык деп бааланып жатат.
Врачтардын консилиумунан кийин министрлер кабинетинин төрагасы толук сакайгыча аны ооруканада калтыруу чечими кабыл алынды.
Акылбек Жапаровдун ооруп калгандыгына байланыштуу Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелдеги Бишкектеги сапары башка күнгө жылды.
Алихан Смаилов жума күнү Бишкектеги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышмак.
25-апрелде президент Садыр Жапаров Акылбек Жапаров кызматтан кетери тууралуу сөздөргө Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берген.
"Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай", - деп жазган өлкө башчысы.
Акылбек Жапаров кызматтан кетери тууралуу коомдогу талаш-талкуулар быйыл февралдан тарта жандана баштады.
Анда Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөртүүлөр болот деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деп маалымат дагы тараткан.
Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп 2021-жылы октябрда тарта иштеп келет. (EK)































