Президентке кеңеш айтчу уюм түзүлдү
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда 50 чакты саясатчы жана коомдук ишмерлер бийликке кеңеш айтчу “Коомдук кеңеш” уюмун түптөштү. Анын башында экс-министр Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат Исмаил Исаков турат.

Сүрөттүн булагы, social media
“Садыр Жапаровду мактаган кишилери толтура, биз ачуу чындык айталы деген ниетибиз бар”, - деп билдирди Талгарбеков.
Уюмдун дагы бир лидери Исмаил Исаков, “жаңы уюм бийликтин кемчиликтерин көрсөтүп, кеңеш берүү менен алектенет. Бирок анын багыты оппозициялык болбойт, - деди.
““Коомдук кеңеш” деп аты айтып тургандай, өлкөдө болуп жаткан орчундуу маселер боюнча жыйынга чогулуп турабыз. Катарыбызда мыкты адистер көп. Элге же бийликке олуттуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеңешибизди беребиз. Бул жерде оппозиция-позиция деген эч багыт жок”, -дейт Исаков.
Уюмга Эсеп палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева, энергетика жаатында эксперт Расул Умбеталиев, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар мүчө болушту.
Исмаил Исаков жаңы уюм Жогорку Кеңешке альтернатива катары түзүлүп жатканын айтты:
“Жогорку Кеңештин курамын көрүп атасыздар, ага кандай адамдар келди? Тажрыйбасы жок, адистер эмес, жада калса өз оюн жеткире албай, кагаздан окуп жатканын көрүп жатабыз. Мыйзам демилгелерин эч окубай эле колдоп берип коюп жатышат. Биз аларды тактап, иликтеп, мамлекеттик кызыкчылыкка төп келеби көзөмөлдөп, кеңеш берип туралы деп атабыз”, -деди Би-Би-Сиге Исаков.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Коомдук кеңештин” түптөлүшү Кыргызстанда бириккен оппозициялык кыймыл түзүлүп, 2010-жылдагы Оштогу июнь окуялары боюнча иликтөө иштери кайрадан жанданган маалга туш келди.
Президент Садыр Жапаров жакында эле “Кабар” агенттигине курган маегинде өлкөдөгү оппозиция жөнүндө да токтолуп, "бийликти сындагандар керек, бирок алар такталбаган маалыматтарды таратып жатат" деди. Ошондой эле, “башаламандык кылам дегендерди жазага тартабыз” деп билдирген.
“Бириккен Демократиялык Кыймылы” пайда болгонуна бир айдай болду. Бул убакытта кыймыл Кумтөрдүн жаңы келишимин сындап, Апрель ыңкылабынын 12 жылдыгына карата өз анализин берди.
Жаңы кыймылга бириккен ондогон саясатчылардын катарында белгилүү саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башкалар бар. Кыймылга соңку шайлоодо парламентке өтпөй калган саясий күчтөр киришти.
“Бириккен демократиялык кыймылынын” координатору Мамбетжунус Абылов:
“Оппозициялык маанай менен келген “”Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламентте эмнени көтөрүп жатат? Бийлик артынан Баткен маселесин илип койду эле. Ошону менен “Бүтүн Кыргызстан” оппозиция болбой жатпайбы. Бул расмий оппозиция. Экинчи оппозиция бул көчө оппозициясы”.
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов аларды оппозиция эмес, активист деп атоого чакырып, бул коомдук сайттарда кызуу талаш-талкууга жем таштаган эле.
Ал эми президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев жаңы оппозициялык кыймыл түзүлгөнүн кубаттаган:
“Бийликти, албетте, сындаш керек. Бирок сын менен кошо өзүнүн сунуштарын бериш керек. Жалпысынан оппозициялык көз караш болуш керек. Оппозицияны биз душман катары көрбөшүбүз керек. Бирок оппозиция дегендер ошого татыктуу болушу керек. Ички таарынычын гана айтпастан, мамлекеттин кызыкчылыгына байланыштуу ири маселелерди көтөрүп чыгып, ошону чечүүнүн маселелерин көрсөтүп турса, ошондо оппозиция деп айтсак болот”.
Жаңы оппозициянын түзүлүшү Кыргызстанда соңку кезде бийликти сындаган журналисттер менен саясатчыларга кылмыш иши козголуп жаткан учурга туура келди.
Кыргызстан демократиялык индексте “жарым жартылай” эркин өлкөлөр тизмесинде болуп келсе, 2021-жыл үчүн сонку рейтингде “авторитардык” мамлекеттер катарына түштү.
Экс-президент Роза Отунбаева демократиялык коомдо оппозиция сөзсүз керек институт экенин айтат:

“Оппозиция бийлик Конституцияны карманып иш кылып атабы же жокпу тыкыр карап турганы өтө маанилүү. Оппозиция жасабаса бул ишти ким жасайт? Оппозиция жок болсо, өкмөт жоопкерчилиги да жок болот. Ал такыр эле катастрофага алып келет. Конструктивдүү реакция берип турганыңар өтө маанилүү. Ал өкмөттүн сапаттуу ишмердигине алып келет”.
Эксперттер Кыргызстанда оппозициялык саясий күчтөр системдүү иш алып барбай, көп жылдар бою ал ролду жарандык коом жана массалык маалымат каражаттары аткарып калганын айтып келишет.
Бул жылы, көп жылдар бою оппозициянын башында жүргөн Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болуп дайындалды. Ошондуктан жаңы оппозициялык кыймылда күчтүү лидер маселеси орчундуу болуп турат.































