Улуу Британия Кыргызстанды коронавирустун кара тизмесинен чыгарды

Published

Улуу Британия Кыргызстанды өзүнүн жарандары үчүн коронавирустан коркпой саякатка барганга ылайыктуу өлкө деп тааныды. Кыргызстан пандемия убагында Улуу Британия өзүнүн жарандарына саякатка барууга расмий ачкан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги 17-сентябрда Кыргызстанды пандемия убагындагы кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Тийиштүү чечим британ өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды. 

Пандемия башталгандан бери Улуу Британиянын бийликтери өзүнүн жарандарына саякатка баруу үчүн жарабайт деген бир катар өлкөлөрдү тизмеге алып, анын улам кеңейтип келатат. 

Улуу Британиянын бул чечими ишке чөйрө жана туризм тармагы үчүн абдан маанилүү маалымат, анткени өлкөнүн бийлиги саякат үчүн коопсуз деп тааныбаган өлкөлөрдө туристтер менен бир жаман иш болуп кетсе, аны эл аралык камсыздандыруу карабайт.  

Британиянын бийликтери кыргызстандыктардын келип-кетиши үчүн мурда салынган көп чектөөлөрдү да алып салышты. Мисалы, толук эмдөөдөн өткөн кыргыз жарандары Англияга бара алдында, өлкөгө келгенден кийин ПЦР тест тапшырууга жана карантинде отурууга тийиш эмес. 

Британияда чоң кишилердин 90% вакцинанын биринчи дозасын алышты, ал эми 81% толук эмдөөдөн өтүштү.

Коронавирустун инфекциясы жайылышы токтой элек болгонуна карабастан, эл ичинде өлүм-житим өзүнүн табигый нормасына түштү.

Кыргызстанда болсо коронавирустун жайылыш темпи барган сайын басаңдоонун үстүндө. 19-сентябрда вирус жугузуп алгандар 69 адам болду, каза тапкандар эки.

Пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккандар саны 177 миңден ашты. Ковидден каза болгондор эки жарым миң чамал адам. (КС)