Россияда жашы жете электерге сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө жаза катаалданат

Published

Госдума депутаттары мурда зордуктоо үчүн кесилип, ошол кылмышка кайра барган жарандарга жазаны күчөтүп жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Госдума

Сүрөттүн булагы, SERGEY KARPUKHIN/TASS

Ага ылайык, бир же эки адамга сексуалдык ыдык көрсөткөн кылмышкерлерди өмүр бою жазага кесүү каралат.  

Буга чейинки мыйзамдарда бир эле жаран эки жолу 14 жаштан кичине балдарды зордуктоого барса, өмүр бою абакка камалышы каралган. Жаңы документте бул жаш курагы 18 жогорулатылды.

Мындай мүнөздөгү кылмыштарды алдын ала Тергөө комитети иликтейт. Ошондой эле соттор дагы бул кылмыштарды тергей алат.

"Коомчулукка коркунуч жараткан кылмыштарга санкцияларды кеңейтүү - өмүр бою абакка кесүү жазасын натыйжалуу колдонууга өбөлгө болот. Жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигин коргоодо кылмыш-укуктук механизмдерин күчөтөт", - делет мыйзам долбоорунда.

“Адам деп айтууга ооз барбайт”

Бул документтин демилгечилери болуп  Федерация кеңешинин биринчи вице-спикери,  "Единая Россиянын" генералдык кеңишинин катчысы Андрей Турчак, Госдуманын мамлекеттик курулуш боюнча комитет башчысы Павел Крашенинников жана маалыматтык саясат боюнча комитет төрагасы Александр Хинштейн чыкты.

"Өмүр бою абакка кесүү – адилеттүү чара, ал шумпайларды обочолонтот. Аларды адам деп айтууга ооз барбайт, адам кейиптенип турса дагы", - деп жазды спикер Вячеслав Володин өзүнүн телеграм-каналында.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мындай адамдарды түрмө дарылабайт. Бөөдө кырсык балдарыбызды торушун күтүп отурбашыбыз керек. Педофилдерди 15-20 жылга эле обочолоп койбой, такыр четтетиш керек. Алар эч качан эркиндикке чыкпагандай болушу керек, болбосо андай учурлар бар", - деген эле буга чейин Турчак.

Хинштейн мыйзам долбоорун кароого алып чыгып жатып, дагы бир документ иштелип жатканын, ага ылайык буга чейин ушундай кылмыштарга барып жазасын өтөп бүткөн жарандарга карата көзөмөл кылуу сунушталып жатканын айткан. Бул документ зомбулугу жок жана эки тараптын макулдугун менен ишке ашкан мындай мүнөздөгү кылмыштар менен абакка түшүп, бирок өмүр бою абакка түшүү жазасы каралбаган жарандар үчүн иштелип жатат.  

 "Новые люди" фракциясынын депутаты Олег Леонов бул мыйзам кабыл алынса, адам өлтүрүү жана зордуктоо кылмыштары ортосундагы тандоого алып келет, педофилдерди адам өлтүрүүгө түртөт деген оюн айтты.

Леонов экинчи окууга алып кирер алдында бул маселени иштеп чыгууну сунуштаганын "Право.ру" басылмасы жазды.

Хинштейн педофилдерди химиялык жактан бычуу сунушуна жооп кылып, бардык акыл-эстүү сунуштарга ачык экенин айткан.

Россия мыйзам

Сүрөттүн булагы, SK RF

Орус бийлиги педофилдерге жазаны катаалдантуу тууралуу сентябрдан тарта кирише башташты. Бул Кемеров обусунда 10 жаштагы эки кыз зордукталып, өлтүрүлгөндөн кийин орун алды.

Кыздардын дайынсыз кетишине шектелип 41 жаштагы Виктор Пестерников кармалган. Ал мурда жашы жете электерди зордуктоо айыбы менен кесилген. Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, кыздардын денелерин кайда жашырганын көрсөтүп берген.

Ага балдарды өлтүрүү, зордуктоого айыбын коюп, ошондой эле Пестерниковго көзөмөл салып, мындай кылмыштардын алдын алуучу орган кызматкерлерине дагы шалаакылык үчүн кылмыш ишин козгошуп, азыр тергөөсү уланууда. (EK)