"Мен эми сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмесмин". Трамп Орусияга койгон ультиматумдун мөөнөтүн кыскартты

Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Украинада ок атышпоо боюнча ультиматумун эки апта мурда айткан 50 күндөн 10-12 күнгө кыскартканын жарыялады. Ал президент Владимир Путинге "катуу капа болгонун" айтты.

"Мен эми сүйлөшүүгө кызыкдар эмесмин",- деди Трамп Британиянын премьер-министри Кейр Стармер менен Шотландияда болгон биргелешкен маалымат жыйынында. Бул журналисттин Путин менен жеке жолугушуу эки президенттин мамилесине жана Украинада ок атышууну токтотууга жардам бере алабы деген суроосуна жооп болду.

Трамп буга чейин Путин менен бир нече ирет сүйлөшкөнүн, бирок бул сүйлөшүүлөрдөн кийин деле Орусия Украинага чабуулун улантып жатканын айтты.

Ал ошондой эле орус президентине Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн 50 күн берүү менен Путинге "өтө берешен" болгонун кошумчалады.

Белгиленген мөөнөттө бул маселе боюнча эч кандай жылыш болбосо, Трамп Орусиянын соода өнөктөштөрүнө "өтө катаал тарифтерди" киргизем деп коркутту.

"Менимче, бүгүнтөн баштап 10-12 күн болот", - деп жооп берди Трамп журналисттин 50 күндү канчага кыскартууну көздөп жатканы тууралуу суроосуна.

Кремль АКШ президентинин жаңы билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Украина президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак Трампка "бекем позициясы жана күч аркылуу тынчтык тууралуу ачык билдирүүсү үчүн" ыраазычылык билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Путин күчкө гана баш ийет. Бул катуу жана ачык билдирүү",- деп жазды Ермак X социалдык тармагындагы баракчасына.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Путин менен Трамптын жолугушуусу үчүн атайын даярдык көрүлбөгөнүн, бирок алар бир шаарда болуп кала турган болсо жолугушуу уюштурулушу мүмкүн экенин айткан.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусия менен АКШ мамлекет башчыларынын Стамбулда жолугушуусун уюштурууга аракет кылуу ниетин билдирген.

Трамп менен Путин соңку ирет июлдун башында телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Ошондо АКШ президенти бул сүйлөшүүгө нааразы болуп, Путин чындап эле тынчтыкты тез орнотууга умтулуп жатканынан күмөн санаган.

Июлдун ортосунда Трамп Москвага 50 күн ичинде Украинадагы жаңжалды токтотууну сунуш кылып, болбосо Орусия менен соода кылган бардык өлкөлөрдүн АКШга экспорттолгон товарларына 100% бажы төлөмү киргизиле турганын эскерткен.

Ал билдирүүсүндө Путинге нааразы экенин жана Москванын жаңжалды жөнгө салууга болгон позициясына ичи чыкпай жатканын айткан.

Ошондой эле Трамп Украинага миллиарддаган долларлык аскердик техника берилерин кошумчалаган.

"Вашингтон эң сапаттуу куралды чыгарып, аны НАТОго жөнөтөт, альянс бул куралды кайсы жакка керек деп чечсе, ошол жакка жолдойт",- деп түшүндүргөн ал.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас АКШ президентинин Орусияга карата катаал позициясын кубаттап, бирок 50 күндүк ультиматум "абдан узун мөөнөт" экенин билдирген.

"АКШ президентинин Орусияга карата катуу позициясы - бул жакшы көрүнүш. Бирок 50 күн - бул өтө эле көп убакыт, анткени алар күн сайын күнөөсүз карапайым тургундарды өлтүрүп жатышат",- деген Каллас.

Май айында Франция, Германия, Улуу Британия жана Польшанын лидерлери Киевге барып, Москвага ок атышууну токтотуу боюнча ультиматум койгон, болбосо катуу санкциялар киргизилет деп эскерткен.

Ага жооп иретинде Путин Стамбулда Украина менен "түз сүйлөшүүгө" даяр экенин айткан, бирок өзү ал жолугушууга барган эмес. Володимир Зеленский болсо жолугушууга өзү келген. Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднердин айтуусунда, Трамп анын катышуусун талап кылган.

Бернд Дебусманн, Би-Би-Синин Вашингтондогу кабарчысы:

Соңку айларда Трамптын Орусия лидери тууралуу пикири акырындык менен өзгөрүп келе жатат.

Экинчи президенттик мөөнөтүнүн башында, сынчылар Трампты көп учурда Орусияны ачык сындагысы келбей жатат деп айыптаган.

Айрым учурда ал согуштун чыгышына Украина менен президент Володимир Зеленский дагы жооптуу дегендей таасир калтырган. Трамп буга чейин тынчтыкты орнотууга аз убакыт калганын айткан.

Бирок орусиялык ракеталар менен дрондор Украинанын шаарларына сокку урууну уланткандыктан анын чыдамы кете баштады.

Апрелдин аягында Трамп Truth Social платформасына Путинге "нааразы" экенин жазган. Кийинчерээк, эгер чабуулдар уланса, "анын кесепети болот" деп эскерткен.

"Владимир, токтот!"- деп кайрылган ал.

Жакында эле, жаңы администрациясы иштей баштагандан бери биринчи жолу Украинага курал-жарак берилерин убада кылды.

Айрым сынчылар, буга чейинки 50 күндүк мөөнөт реалдуу таасир бербегенин, тескерисинче, Орусияга согуштук максаттарына жетүүгө кошумча шарт түзгөнүн айтышууда.

Мындай ультиматумга карабастан, орус чабуулдары уланууда. Бирок бүгүнкү билдирүүлөр Трамптын чыдамы түгөнүп баратканын ачык көрсөттү.