"Кишини бактерия сиңирилген кебездей эле колдонот". Навальныйдын камерасына камалган кишинин окуясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Наталия Зотова, Анастасия Платонова, Би-Би-Си
Учурда абакта жаткан Андрей Татарченкого гигиеналык каражаттар атайын берилбей, адам чыдагыс абалга жеткирип, Навальныйдын камерасына киргизишкен. Татарченко ким жана ал кандай шартта абакта кармалып отурганын Би-Би-Си кенен айтып берет.
ИК-6 колониясынын администрациясы Алексей Навальныйга кийимин топчулабай койду же тосмону жуубай койду деген сыяктуу күнөө коюп, дайыма жаза камерасына (ШИЗО) киргизип турган. Бул саясатчыга кысым көрсөтүүнүн жакшы жолу болгон. Навальный өлгөнгө чейин 27 жолу жазалоочу камерага ташталган.
Бирок колониянын жетекчилиги үчүн бул изолятор жетишсиз болгон окшойт. Саясатчы отурган ансыз да кичинекей жаза камерасына өтө кирдеп кеткен, сасып кеткен башка кишини күч менен киргизип турушкан.
"Эгерде сен өтө тар бөлмөдө отурсаң, ага кошуп дагы бир соттолгон адамды жаныңа киргизсе, даараткана полдогу бир тешик болсо, демек эки адам тең гигиенаны сакташы керек. Бирок андай болбойт, көйгөй жараткан бирөө келип, сенин жашооңду адам чыдагыс абалга жеткирет", - деп Навальныйдын айтканы бар.
Адвокаттардын айтымында, Навальный камералашы менен чыр-чатак чыгаруу үчүн атайын провокация жасалган. Абак эрежелери боюнча, мындай учурда бир камерада отургандарды башка камерага которушат. Андан тышкары жанындагы кишини сабаганы үчүн Навальныйга дагы бир кылмыш ишин козгошмок.
"Анын үстүнө араң эле турган оорулуу, аксак, аракеч кишини сабап салуу кишиликке жатпайт", - деген Алексейдин түрмөдөн жазган каты анын телеграм каналына жарыяланган.
Навальный ал кишиге гигиенаны үйрөтүп жатканын айткан эле:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Жакшы-жаман сөздөр, коркутуу, кыйкырыктардан кийин ал бети-башын, тишин жууганга аргасыз болду. Мен ага кир жуугуч порошок бердим, ал кийимдерин жууду. Биз азыр колубузду күнүнө бир нече жолу самындап жууп жатабыз. Мен өзүмдү бала бакчадагы тарбиячыдай сезип жатам. Бирок балдардын ордуна үй-жайсыз, көчөдө калган кишилер менен иштеген тарбиячыдаймын".
Навальный сүрөттөгөн киши саясатчы жазган каттардын каарманына айланып калган. Анткени Навальный жаза камерасына түшкөн сайын бул кишини жанына кошо киргизишет эле. Анын фамилиясы Татарченко экенин алгачкы жолу 2023-жылдын апрель айында Навальныйдын адвокаты Вадим Кобзев атады. Андан кийин "Можем объяснить" телеграм каналы (орус бийлиги тарабынан "чет элдик агент" катары таанылган) бул кишинин өмүр баянын жарыялады. Ал эми 2024-жылдын октябрында "Медуза" (орус бийлиги тарабынан "чет элдик агент" деп таанылган) басылмасы Навальныйга СИЗОдо атайылап адам чыдагыс шарттар түзүлгөнүн көрсөткөн документтерди жарыялады.
Андрей Татарченко да аталган абактын администрациясынын ырайымсыз мамилесинин курмандыгы болду.
Түрмөдө Татарченкого кандай мамиле жасалган?

Сүрөттүн булагы, FSIN Sverdlovskaya oblast
Татарченкону Навальныйдын жанына киргизгенге чейин аны "айбандын деңгээлине" жеткирүү үчүн анын гигиеналык каражаттырын тартып алышкан. Бул тууралуу Навальныйдын адвокаты Ольга Михайлованын арызында айтылат. Аны жуунтуу үчүн алып барышкан эмес, соттолгондор үчүн керектүү гигиеналык комплект, анын ичинде самын, 30 грамм тиш пастасы, даарат кагазы жана устара да берилген эмес. Ага абак дүкөнүнөн самын сатып алууга да уруксат беришкен эмес.
"Татарченко А.А. даарат кагазынын жоктугунан улам туугандарына кат жазган дептерди, даярдалган каттарды айрып, колдонууга аргасыз болгонун айтты", - деп айтылат Навальныйдын адвокаттарынын арызында.
Жактоочулардын айтымында, Татарченкону түрмөнүн медициналык бөлүмүнө инфекция жуктуруу үчүн киргизип, андан соң Навальныйдын камерасына жөнөтүшкөн. Чынында эле 2023-жылдын январындагы жаңы жылдык майрамдарда ал инфекция жуктуруп, сасык тумоого окшош нерсе менен ооруп калган.
Дене табы көтөрүлгөн саясатчы керебетке да жата албай турган жаза камерасында отурууга аргасыз болгон. Бул тууралуу Навальныйдын адвокаттары да, өзү да айткан. Оппозициячыл саясатчы 2023-жылдын январь айында өзүнүн телеграм каналындагы билдирүүлөрүнүн биринде "алар кишини бактерия сиңирилген кебездей эле колдонот", - деп жазган.
Курал катары колдонулган Татарченко

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Навальныйды ШИЗОго жөнөткөн сайын Татарченкону да ошол жерге киргизишкен, башка камерага которуудан баш тартышкан.
Түрмөнүн эрежеси боюнча, эгер абактагы соттолуучу башка соттолгондор тарабынан зомбулукка кабылса, ал башка камерага которулат.
Андыктан Навальный Татарченкого күч колдоном деп коркутууга аргасыз болгон. Бирок колониянын кызматкерлери ага көңүл бурган эмес.
"Навальный Татарченкого карата күч колдонушум мүмкүн деп мекеменин кызматкерлерине бир нече жолу айткан. Анын жүйөөсү жеке гигиена эрежелери сакталбаганына байланыштуу эле. Ошол эле учурда иштин материалдарына Татарченконун да, Навальныйдын да коопсуздугуна реалдуу коркунуч бар экендиги тууралуу маалымат киргизилген эмес", - деп айтылат Тергөө комитетинин апелляциялык чечиминде.
"ИК-6 колониясынын башчысынын орун басары Татарченко менен сүйлөшүү учурунда "Навальный камерада сынып, чөгүшү керек" деп айтканын Навальныйдын адвокаты Ольга Михайлова жазды.
Дагы бир жактоочу Вадим Кобзев өзүнүн коомдук сайттардагы баракчасына кырдаалды мындайча баяндаган:
"Навальныйды өзүнүн камерасына алып келишкенде Татарченко отурган экен. Анын абалы айбандыкынан айырмаланбайт. Камерадагы жытка адам чыдай албайт. Ошондо Навальный кирүүдөн баш тартты".
Би-Би-Си Навальныйга каршы "физикалык күч колдонуу" тууралуу баяндаманы окуду, анда абактын кызматкери ошол эле жагдайды сүрөттөп жатат. Анда айтылгандай, Навальный сол колу артына кайрылган абалда сол санына сокку алган. Ал камерага киргенде бошогонго аракет кылып, №11 жаза камерасында отурган Татарченконун бош турган колу менен жакасынан кармап, үстөлгө түрткөн".
Андан кийин абактын кызматкерлери Навальныйга саясий туткундар үчүн сейрек кездешкен берене боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Абак жайдын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу деген сыяктуу берене менен беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү айтылган.
"Биз ал кылмыш иштин жыйынтыгы тууралуу эч нерсе билбейбиз, бирок окуядан кийин Татарченкону Навальныйдын камерасына жаткырышкан жок", - деди Би-Би-Сиге адвокат Ольга Михайлова.
Навальный камералашынын көйгөйлөрү тууралуу
Навальный өзүнүн адвокаты Ольга Михайловага Татарченко тууралуу бир нече окуяларды айтып берген. Бир жолу Татарченко Навальныйдан Москвадагы барга барган же барбаганын сураптыр. Алексей баргам дептир.
"Татарченко үчүн Москвада барда отуруу кол жеткис нерсе болсо керек да", - деп эскерет адвокат.
"2022-жылдын 2-декабрында абактын кызматкерлери жана кароолчулары Татарченкону жазалоочу камерага киргизүүдө мыйзамдуу негиз болсун үчүн анын чөнтөгүнө атайын лезвие салышканын Татарченко айтып бериптир. Мына ошондо алар биринчи жолу жолугушкан. Навальныйдын камерасында Татарченконун пайда болгону тууралуу биринчи билдирүү 2022-жылдын 12-декабрында коомдук сайттарга жарыяланган.
Навальный анын буту ооруп жатканын билген, бутунун байламталары үзүлгөнүн айткан. Ошого карабастан Татарченко бийик керебетке мажбурлап жаткырылган.
"Жата турган жердин бийиктиги 180 см., ага Татарченко чыгып, түшүп жатканда чоң кыйынчылыкты жана азапты башынан өткөрүптүр. Түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринин 47-бөлүмүндө жазылган тепкичтер жана коопсуз нерселер ал жерде жок", - деп айтылат адвокаттын арызында.
ШИЗОдо бош камералар турганын, ага которуу керектигин айткан Навальный менен Татарченконун талабынан администрация дайыма баш тартып келген.
2022-жылы адвокат Татарченкого жолугууга аракет кылган, бирок Татарченко анын кызматынан баш тартканын айтышып, түрмө кызматкерлери адвокатты киргизбей коюшкан. Адвокат бул баш тартууну өзүнүн оозунан угушу керектигин айтып, доо арыз менен кайрылган. Татарченко видеоконференция аркылуу адвокаттын кызматына муктаж эмес экенин тастыктаган.
Андрей Татарченко кайсы кылмышы үчүн түрмөдө отурат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Андрей Татарченко 40 жашка да чыга элек, ал 1986-жылы туулган. Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон, алты бир туугандын төртүнчүсү. Александров шаарынан анча алыс эмес жердеги Владимир облусунун Спорново айылында жашачу.
Ал киши тракторист кесибине окуган, ошон үчүн аны түрмөдө тракторист деп аташат экен, бул тууралуу Навальный билдирген. Айылдаштарынын айтымында, Татарченконун үй-бүлөсү эптеп эле жан баккан кишилер.
Татарченконун атын атагысы келбеген кошунасы Би-Би-Сиге буларды айтты:
"Чоңдору отуруп чыккан, Андрейдин иниси Эьдка да отурган, баары аракеч. Апасы тирүү кезинде анын эсебинен эптеп жан багышат эле. Андрей Татарченко кылмышты мас абалында жасаган. Ал мушташып, шеригин өлтүргөн".
2021-жылдын 12-майында Андрей Татарченко жети жылдык катаал режимге кесилди. Ал 111-берененин 4-бөлүгү (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап оор залал келтирген) боюнча соттолгон.
Би-Би-Синин колуна тийген сот өкүмүнө караганда, Татарченко шеригинин башына бир нече жолу урган, чыканагы менен моюнга урган, жерге басып алган. Жабырлануучу жерде бышылдап жаткан, тирүү болгон. Бирок эртең менен анын өлгөнү аныкталган.
Татарченко күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен кызматташкан. Бул ага карата ачылган биринчи кылмыш иши эле.
Андрейдин иниси Эдуард бир нече жолу камалып чыккан, анын ичинде ошол эле 111-берене да бар. 2018-жылы сот аны бир катар уурулук үчүн үч жарым жылга эркинен ажыраткан. Сот өкүмүнө ылайык, мас абалындагы Эдуард жана анын шериктери үйлөрдүн терезелерин талкалап, баалуу нерселерди уурдап кетишкен. Уурдалган буюмдардын арасында газон чапкыч, телевизор, мультиварка жана бир бөтөлкө арак бар экени сотто айтылган.
Дагы бир тууганы Сергей уурулук үчүн соттолгон, ал 2010-жылы эле камалып чыккан. Алгач ал түзөтүү жумуштарына айдалган, андан кийин жаза катаалдап, үч айга түзөтүү колониясына жөнөтүлгөн.
Башында Сергей түзөтүү жумуштарына келбей калганын ичкилик ичкени менен түшүндүргөн. Бирок ал арызында кылмыш-аткаруу инспекциясынын кызматкерлеринин кысымынан улам өзүн жаман сезип, ооруп калгандыктан жумушка келбей калганын айткан.
Сотто Сергей оорулуу апасынын жалгыз багуучусу экенин билдириптир.
"Алардын апасы жакшы киши эле, көзү өтүп кеткенине көп болду. Толя менен Илья да мурда эле каза болгон, алар да ичкиликтен улам өлүп кетти. Ал эми Сергей контракт боюнча аскерге кетип, жакында эле жаракат алып кайтып келди", - дейт айылдашы.
Би-Би-Си Эдуард жана Сергей Татарченко менен байланыша алган жок. (ErA)
Редактор: Ольга Шамина, Анна Попованын катышуусу менен































