ХАМАСтын лидеринин орун басары Бейруттагы жардыруудан набыт болду

Салех ал-Арури (солдо) оккупацияланган Батыш жээктеги чабуулдарды уюштурган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салех ал-Арури (солдо) оккупацияланган Батыш жээктеги чабуулдарды уюштурган
Published

Израилдин душмандары ал-Аруринин өлүмү үчүн "өч алабыз" деп эскерткенден соң Израиль ХАМАСтын лидеринин Бейрутта өлтүрүлүшүн Ливанга каршы жасалган чабуул эмес деп ырастады.

Израилдин басма сөз катчысы Салех ал-Арури "ХАМАСтын жетекчилигине каршы таамай урулган соккудан" каза болгонун билдирди.

ХАМАС чабуулду айыптады, ал эми анын өнөктөшү “Хезболла” муну Ливандын эгемендигине кол салуу деп билдирди.

Ливандын премьер-министри болсо Израилди "Ливанды ... конфликтке тартууга" аракет кылып жатат деп айыптады.

ХАМАСтын саясий лидеринин орун басары Арури бул топтун эки аскер командири жана төрт мүчөсү менен бирге Бейруттун түштүгүндө дрондун соккусунан каза тапканын Ливандын маалымат каражаттары кабарлашты.

Ал ХАМАСтын куралдуу канаты болгон “Кассам” бригадасындагы негизги фигура жана ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын жакын өнөктөшү болгон. Арури Ливанда болуп, өз тобу менен “Хезболланын” ортосунда байланыш түзүп келген.

Израилдин басма сөз катчысы Марк Регев кол салууну Израил жасаганын ырастаган жок, бул Израилдин аткаминерлери үчүн стандарттуу позиция, бирок ал MSNBC телеканалына “Мындай чабуулду ким жасабасын, бул Ливан мамлекетине кол салуу эмес экени анык болушу керек.” деп билдирди.

“Бул, жадагалса “Хезболла” террордук уюмуна да кол салуу эмес. Ким муну жасаса да, бул, ХАМАСтын жетекчилигине таамай урулган сокку болду. Ким муну жасаган болсо, ошонун ХАМАСка нааразычылыгы бар болгон. Бул айдан ачык." – деди ал.

Ливандын тез жардам кызматкерлери аба соккусу болгон жерди карап жатышат

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ливандын тез жардам кызматкерлери аба соккусу болгон жерди карап жатышат
AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

57 жаштагы Арури 7-октябрдагы чабуулдан кийин башталган Израил – ХАМАС согушунда өлтүрүлгөн ХАМАСтын эң жогорку даражалуу өкүлү.

Ошол күнү ХАМАС согушкерлери Израилге бастырып кирип, чек арага жакын жайгашкан жамааттарга кол салышып, 1200дөй, көбүнесе карапайым тургундарды өлтүрүп, 240ка жакынын Газага барымтага алып кетишкен.

Израил жооп иретинде ХАМАСты жок кылуу максатын жарыялап, аскердик чабуулун баштады.

Газанын ХАМАС башкарган саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин Газага жасаган соккуларынан 22 миңден ашуун палестиналык – көбү аялдар жана балдар – набыт болду.

“Хезболла” Израилге көптөгөн ракеталарды атып, Газа согушу учурунда израилдик күчтөр менен бир нече жолу кагылышкан.

Ливандын мамлекеттик маалымат агенттиги Арури Бейруттун Дахийе аймагындагы ХАМАСтын кеңсесине жасалган Израилдин дрон чабуулунан каза болгонун билдирди.

Бир күбө Reuters маалымат агенттигине өрт өчүргүчтөр менен медициналык кызматкерлер көп кабаттуу үйдүн айланасында чогулуп турганын, ал үйдүн үчүнчү кабатында чоң тешик пайда болгонун көргөнүн айткан.

Социалдык түйүндөрдөгү видеоматериалдарда автоунаанын күйүп жатканын жана эл көп жашаган аймактагы имараттар чоң зыянга учураганын көрүүгө болот.

Дахие “Хезболланын” негизги аймагы катары белгилүү.

ХАМАСтын саясий канатынын башчысы Хание мырза кол салууну “коркоктук ... террордук акт, Ливандын эгемендигин бузуу жана агрессияны кеңейтүү” деп атады.

“Хезболла” Аруринин өлүмүн "Ливанга, анын элине, анын коопсуздугуна, эгемендигине жана каршылык көрсөтүүсүнө карата олуттуу кол салуу жана бул чабуулда абдан символикалык жана маанилүү саясий жана коопсуздук боюнча билдирүүлөр камтылган" деп эсептейт.

Билдирүүдө, кол салуу "согуштун жүрүшүндөгү коркунучтуу окуя экенин ... жана биз “Хезболла” бул кылмышты эч качан жоопсуз жана жазасыз калтырбоого сөз беребиз" деп айтылат.

"Уюмдун көзү милтеде, ал эми жоокерлер эң жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат", - деп кошумчалады ал.

Эки топтун тең негизги колдоочусу болгон Иран Аруринин өлтүрүлүшү “каршылык көрсөтүүдөгү дагы бир толкунду тутантат” деп билдирди.

Газа тууралуу согуштан кийинки планды талкуулоо боюнча шейшемби күнү кечинде өтүүчү Израилдин коопсуздук кабинетинин жыйыны жокко чыгарылды.

Ливандын тышкы иштер министри Абдаллах Бу Хабиб Би-Би-Си 4 радиосуна анын өкмөтү “Хезболла” менен сүйлөшүп, аларга "өздөрү жооп бербеши керек" деп ынандырып жатканын билдирди, бирок, "биз аларга буйрук бербейбиз, биз бул жаатта алар менен диалог гана жүргүзөбүз" деди.

Кийинки 24 сааттын ичинде "алар жооп береби же жокпу" айкын болот, деди ал жана мындай деп кошумчалады: "Биз абдан тынчсызданып жатабыз, ливандыктар конфликтке кошулууну каалабайт, жада калса “Хезболла” да аймактык согушка тартылууну каалабайт.”

Министр "Израилдин Ливанда, Бейрутта гана эмес, Газадагы бардык зордук-зомбулуктарын жана бардык аракеттерин токтотуу үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө" Батышты чакырды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху мурдараак ХАМАСтын лидерлери кайда болбосун, жок кылынарын убада кылган.

Арури ошондой эле ХАМАСтын Батыш жээктеги аскерий канатынын иш жүзүндө лидери катары эсептелип, ал жердеги чабуулдарды көзөмөлдөгөн, деп маалымдайт Израиль маалымат каражаттары.

Маалыматтарга караганда, ал 2014-жылы оккупацияланган Батыш жээкте үч израилдик өспүрүмдү барымтага алууга жана өлтүрүүгө катышкан жана башка кол салуулар үчүн Израилдин түрмөлөрүндө отурган.

The Times of Israel гезити ал ХАМАСтын Иран жана “Хезболла” менен эң жакын байланышы бар лидерлеринин бири болгонун жазып чыкты. (DO)