Эки мамлекет принциби: Израиль-Палестина тынчтыгын калыбына келтирүүнүн жолу барбы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Мартин Ассер, Ламес Алталеби жана Пол Кусиак
- Role, Би-Би-Си араб жаңылыктар кызматы
- Published
7-октябрда башталган зордук-зомбулук эки өлкө түзүүгө болгон үмүттү күтүүсүздөн кайра жандантты. Бирок ал тынчтык кандай болот жана ага жетүү мүмкүнбү?
ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулу жана Израилдин андан кийинки Газаны бомбалоосу жана ал жакка бастырып кириши Израиль-Палестина жаңжалын токтото турган келишимдин башталышы дегенге эч ким ишенбеши мүмкүн. Бирок эки мамлекет түзүү принцибинин жактоочулары октябрь айынан берки зордук-зомбулук бул максатка жетүүнү парадоксалдуу түрдө алдыга жылдырды деп эсептешет.
7-октябрдагы кол салуудан эки жума мурун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, Израиль жана анын араб коңшуларынын ортосунда "тынчтыктын жаңы доору башталды" деп жар салды.
Чейрек кылымдан бери "эксперт делгендердин" - Израил менен Палестинанын Иордан дарыясы менен Жер Ортолук деңизинин ортосундагы жерди бөлүшүп эки өлкө куруу боюнча сүйлөшүүлөрү - "бир да тынчтык келишимине" алып келген жок деди Нетаньяху.
"2020-жылы мен жактаган ыкманын негизинде... кыска убакыттын ичинде бизде укмуштуудай жылыштар болду. Төрт айдын ичинде төрт араб өлкөсү менен төрт тынчтык келишимин түздүк!" - деп белгиледи Израилдин премьер-министри.
Алар Трамп администрациясы ортомчулук кылган "Ыбрайым келишимдери". АКШнын ортомчулугу менен болгон Израиль-Палестина боюнча тынчтык демилгелери мурункудай эле ишке ашпай калганда Трамптын администрациясынын көңүлү ошол тарапка оогон.

2020-жыл, Ыбрайым келишимдери:
- 15-сентябрь - Израиль-БАЭ ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу келишими жана Бахрейн-Израиль нормалдаштыруу келишими
- 22-декабрь - Израиль-Марокко нормалдаштыруу келишими
- 24-декабрь - Израиль-Судан нормалдаштыруу келишими
- 26-март 1979 - Египет менен Израиль тынчтык келишими
- 1993-жылдын 13-сентябры - Осло I келишими (Израиль-Палестина Боштондук Уюму (ПБУ)
- 26-октябрь 1994-жыл - Израиль менен Иордания тынчтык келишими
- 24-сентябрь, 1995-жыл - Осло II келишими (Израиль-ПБУ)

Макулдашуулардын ылдамдыгы палестиналыктарды "Израилди жок кылуу фантазиясынан баш тартууга жана акыры чыныгы тынчтык жолуна түшүүгө ынандырат" деген болчу премьер-министр. Андан кийин ал "Жаңы Жакынкы Чыгыштын" картасын көрсөтүп: Палестинанын багынып берүү маселеси жана эки мамлекет түзүү принциби мындан ары жоголгонун билдирген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ошол эле учурда Байдендин администрациясы Израил-Палестина маселесине АКШнын мурунку жети президентинин баарына салыштырмалуу эң аз энергия коротту деп эсептелген. Февраль айында Мамлекеттик департаменти эки мамлекет түзүү жолу "узак" экенин айткан, бирок АКШ андай чечимден "үмүт үзбөсүн" билдирген.
Сентябрь айында Энтони Блинкендин Израил жана Палестина лидерлерине жасаган кайрылуусунда бул саясий маселе таптакыр козголгон эмес болчу. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Мамлекеттик катчы 3-ноябрда Израилде: "Кошмо Штаттар эң жакшы жол - чынын айтканда жалгыз жол - эки мамлекет түзүү чечими деп эсептейт", - деди.
Бирок 25 жыл мурда тынчтыктын орношуна тоскоол болгон карама-каршылыктар жана тоскоолдуктар ошол кездегиден да татаалдашып кетти.
Тынчтык орнотуу үмүтү кантип өчтү?
1993-жылы Норвегиянын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдөн соң Израил менен Ясир Арафаттын ФАТХ фракциясы жетектеген ПБУнун өз ара таануусунан кийин эки мамлекет түзүү келишиминин схемасы түзүлгөн. Бирок, Осло деп аталган процесс эч качан өзүнүн логикалык аягына жеткен эмес жана маселелерди кайра мурдагыдан да оорлоткон.
"Жерди тынчтыкка алмашуу" келишимдери 1967-жылдагы согушта Израиль басып, ээлеп алган аймакта Палестина автономиясынын (ПА) өз алдынча башкаруусун орнотту. Бирок аскерий басып алуу жана жөөттөрдүн отурукташуу иш-аракеттери уланып, "туруктуу статус маселелери" кийинки сүйлөшүүлөргө калтырылган.
Ал маселелер 1948-жылдагы биринчи араб-израил согушунда жана 1947-жылы БУУ Израил менен Палестинаны бөлүү үчүн добуш бергенден кийин Израилден качкан палестин качкындарынын статусун камтыган. Израил 1967-жылы Чыгыш Иерусалимди аннексиялап алган жана бул дагы бир туңгуюк маселеге айланган, анткени эки тарап тең ыйык жерлерден баш тарткысы келген эмес.

Сүрөттүн булагы, AFP
Көп жылдык дипломатиялык талаш-тартыштардан кийин бул маселелер 2000-жылы Кэмп-Дэвидде президент Клинтон жабык эшик артында өткөргөн саммиттке келип такалган, бирок Израилдин премьер-министри Эхуд Барак менен ПАнын президенти Арафат бир пикирге келе алышкан эмес.
Эки тарап сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болгонуна бирин бири айыптаган. Израилдик жана АКШлык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Арафат өзүнө эң пайдалуу келишимден баш тарткан. Палестиндер аны жараксыз келишим деп аташкан, анткени келишим алардын Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору кылуу сыяктуу талаптарын аткарбаган.
Сынчылардын айтымында Израиль өзүнүн негизги душманын алсыратуу максатына эбак эле жеткен. Демек, айрыкча палестиндер отурукташкан аймактарда коопсуздукту көзөмөлдөө ПАга берилгенден кийин, эмне үчүн Израиль мынчалык көп инвестиция салган аймактан баш тартышы керек эле?
Сүйлөшүүлөрдө Арафаттын позициясы алсыз болчу, ал эми ортомчулук кылган АКШ Израил менен эң жакын мамиледе болгон. Эки мамлекет түзүүнүн жолунда башка дагы олуттуу тоскоолдуктар бар эле.
1987-жылы Газада негизделген Ислам Каршылык Кыймылы ХАМАС атаандашы ФАТХтын тынчтык үчүн чегинүүгө барганын макул көргөн эмес жана 1994-жылдан баштап жанкечтилердин жардыруулары аркылуу сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга мүмкүнчүлүк тапкан. Көчүп келген динчил жөөтөр да "Кудай убада кылган" жерди кеңейтүү жана бекемдөө үчүн бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышкан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Осло сүйлөшүүлөрүнөн кийин эмне болду?
2000-жылы Экинчи Интифада деп аталган палестин көтөрүлүшү башталганда Израилдин саясий таразасы оң тарапка кыйла оогон. Ослонун кыймылдаткыч күчү болгон Израилдин Эмгек партиясы маанисин жоготуп, отурукташууну жактаган ар кандай оңчул кыймылдар басымдуулук кылды.

Шайлоочулар оңчул Ликуд партиясынан чыккан Ариель Шаронду бул башаламандыктан алып чыгып кетет деп добуш беришкен. Палестинанын көтөрүлүшкө чыккан калкы Израилдин аскердик күчүнө туш болгон. Ал арада Шарондун өкмөтү Батыш Жээктеги кээ бир конуштарды жана Израиль менен Палестинаны бөлуп туруучу дубал кура баштаган. Ал эми Ясир Арафат 2005-жылы каза болооруна аз калганда Рамалла шаарына камалган болчу.
Күтүлбөгөн жерден Ариель Шарон Газадагы 1,5 миллион палестиналыктардын арасында жашаган бир нече миң калкы бар жөөт конуштарын көчүрүп, Газаны тегерете жоокерлер менен курчады. Батыш Жээктеги обочолонгон төрт калктуу конуш да эвакуацияланды. "Бөлүп салуу" планынын натыйжалары абдан чоң болгон, анын максаты - палестин калкы жыш жайгашкан аймактан Израилдин аймагындагы жөөттөрдү бөлүп салуу аркылуу коргоо болгон.
Шарондун башкы кеңешчиси журналистке "бөлүп салуу" планы саясий сүйлөшүүлөрдү токтотуунун жолу экенин айтты. Ошого карабастан, бул кадам абалды жөнгө салууну жактагандарды иренжитти, Ликуд партиясы экиге бөлүндү. Шарон 2006-жылдагы шайлоого жаңы партия менен аттанды. Бирок, добуш берүүгө бир нече жума калганда анын мээсине кан куюлуп, комага түшүп калган.
Андыктан Батыш жээкти да дал ошентип бөлүп салуу планы болгонбу же жокпу, белгисиз бойдон калды. Андай план бар болгон болсо, аны аткарууга Шарондун гана күчү жетмек. Арафаттын ордуна келген Махмуд Аббас Осло принциптерине чыккынчылык деп сындаган "бөлүп салуу" саясатын Газадагы ХАМАСтын өкүлдөрү каршылык көрсөтүүнүн жеңиши катары майрамдашты.
Бирок Египеттин кызматташуусу менен Израил Газанын блокадасын бекемдеди. Согушчандардын Израилге жасаган рейддери жана ракеталык аткылоолору жана Израиль тараптан бомбалоолор жана кол салуулар зомбулукту күчөттү. Ошол эле учурда ХАМАС Батыш Жээкте да таасирин күчөтүп жаткан.
Палестинанын 2006-жылдагы мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоодо ХАМАС көпчүлүк добушту алган. ФАТХтын Палестинаны эгемендүүлүккө жеткире албаганына жана коррупциясыз ачык-айкын башкара албаганына нааразы болгон шайлоочулар ХАМАСка добуш беришкен.

ХАМАСты ПАнын мурдагы милдеттенмелерин аткарууга, зордук-зомбулукту токтотууга жана Израилди таанууга мажбурлоо үчүн эл аралык кысым да жасалган, бирок уюм андай кылууга даяр эмес болчу.
ХАМАС Палестин Администрациясын Газадан күч менен чыгарып жиберди, бул Газаны куралдуу каршылык көрсөтүү борбору катары ФАТХ башкарган Батыш жээктен бөлүнүүсүнө алып келди.
Бирок, ХАМАСтын позициясында зомбулукту узак мөөнөткө токтотуу боюнча сунуштардын белгилери бар эле. Уюм 1967-жылы Израил басып алган аймакта мамлекет түзүүгө шарт жаралса келечекте саясий мамиле түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин кыйыткан болчу.
Ошентсе да Хамас Израилди тыптыйпыл кылууну талап кылган уставын өзгөрткөн жок, Израиль болсо өз кезегинде Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги конуштарды көлөмү жана калкы жагынан кеңейтүүнү улантып жаткан.
Убакыттын өтүшү менен ХАМАС Газада көзөмөлдүн жетишсиздигин пайдаланып Ливандагы Хизболла сыяктуу союздаштарынын колдоосу менен аскердик потенциалын өрчүткөн.
Жаңы парадигмалар
7-октябрь жана андан кийинки окуялар көп жылдык Израиль-Палестина маселесин бүткүл дүйнөнүн көңүл чордонуна кайра алып чыгып, бир нече жаңы факторлорду айгинеледи.
Израил тарапта Газа тилкесинде жайкын тургундар жабыр тартып жатканына карабай ХАМАСты жок кылуу керек деген бирдиктүү пикир бар.
Оңчул Нетаньяхунун жактоочулары Газанын тургундарын ал жерден биротоло көчүрүлүшүн жактайт. Палестина тарап үчүн бул дагы бир Накбаны, арабчадан которгондо "кырсык" дегенди билдирет, ал 1947-жылдын акыркы айларынан 1949-жылдын башына чейин 700 000ге жакын палестиналык Израил өлкөсүнө өткөн жерлерден качууга мажбур болгон мезгилди эске салат.
Нетаньяхунун саясаты бирдиктүү апартеид өлкөсүнө алып барат деп кооптонгон Израилдин солчулдары үчүн ХАМАСтын жоюлушу ПА жана Израилдин ортосундагы эки тараптуу гана теңдемени калыбына келтирет. Бул эки мамлекет түзүү маселесин кайрадан алдыга чыгармок.
Ошол пикирди колдогондордун бири, жазуучу, мурдагы лейборист Авраам Бург израилдиктер менен палестиндерге "үрөйү учкан абалдан" калыбына келүүгө убакыт керек, бирок алар акыры аягы кан төгүүнү биротоло токтотууну сунуш кылган эки мамлекет түзүү вариантын тандашат деп ишенерин Би-Би-Сиге билдирди.
"Кандай гана саясий формула болбосун, акырында узак мөөнөттүү бейпилдикти убада кыла турган чечим израилдиктердин көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат", - деди ал.
Газада чабуулга кабылып, Батыш Жээкте жер ээлеген жөөттөрдүн зомбулуктарынын жана аскерий кысымдын күчөп жатканына туш болгон палестиндер менен мунун баарын сыналгыдан жана социалдык медиадан көргөн палестиндердин пикири эки башка болушу мүмкүн.
31-октябрдан 7-ноябрга чейин Газа жана Батыш Жээкте жашаган палестиндердин арасында Араб дүйнөсүн изилдөө жана өнүктүрүү (AWRAD) уюму тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо ага катышкандардын 68 пайызы эки мамлекет түзүү чечимин колдоо азайганын айтышкан.
Палестиндер ошондой эле аларды колдоо эл аралык деңгээлде өсүп баратканын сезе башташты. Reuters/Ipsos сурамжылоосу көрсөткөндөй, жаш америкалыктар мурунку муундарга караганда Израилди колдошпойт, 40 жашка чейинки респонденттердин 40% АКШ бейтарап ортомчу болушу керек деп жооп беришкен.
30 жылдан бери тынчтык келишимин камсыздап келген Вашингтондун коргоосу астындагы Израилге 2023-жылдагы окуялар кысымды күчөтө алабы же жокпу, айтуу али эрте.
Бирок дагы эле тынчтыкка умтулуп жаткан палестиндер ачык сүйлөшүүлөргө кайткысы келбейт. Анткени ал сүйлөшүүлөр болгону келечектеги Палестина мамлекетинин жерлерин ээлеп алууга жөөттөргө дагы көбүрөөк убакыт утуп берерин билишет.
"Эгер алар маселени олуттуу түрдө чечкиси келсе биринчи кезекте Израил тараптар чек араларын аныктоо жана оккупацияны токтотуу боюнча конкреттүү аракеттер болушу керек," - дейт чыр-чатакты чечүү боюнча адистешкен илимпоз Далал Ирикат.
"Иш-аракеттерге өтпөй эле тынчтык жараяны деген АКШнын кооз риторикасын кайталай берүү жарабайт." (ДО)























