АКШ менен Британия Йемендеги хуситтерди бомбалады

Published

АКШ менен Улуу Британия Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы дагы бир жолу сокку урушту. Бул Кызыл деңиздеги кемелерге кол салууга карата жооп болуп калды. Пентагон баардыгы тогуз объектиге сокку урулганын билдирди, анын ичинде ракеталык куралдар, радарлар, жер астындагы курал кампасы бар.

Америкалык аскер башчылары сокку уруу операциясына аскердик кемелердеги, суу астындагы кемелердеги Томагавк ракеталары жана истребителдер колдонулганын билдирип, ар кай жакта бир нече бута болгонун айтууда.

Аскердик расмий булак заманбап куралдар сакталып турган жер астында кампа тууралуу да билдирди.

Козголоңчу-хуситтер Кызыл деңиздеги жана Аден булуңундагы соода кемелерине кол салып, Израил менен согушуп жаткан палестиндиктерге колдоо көрсөткөн болуп, дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз каттамдарынын бириндеги жүк ташуу ыргагын бузууга аракет кылууда.

Хуситтердин лидерлери Израил Газа тилкесин бомбалоону токтотмоюнча алар дагы чабуулун уланта берерин билдирүүдө.

Кызыл деңиздеги кыйчалыш кырдаал

Хусит козголоңчулары ХАМАС менен тилектештик билдирип ноябрдан бери Баб эль-Мандеб кысыгында коммерциялык кемелерге кол салууда. Хуситтер Йемендин чоң бөлүгүн көзөмөлдөп, Ирандын колдоосуна ээ жана Сауд Арабияны, АКШны жана Израилди душман деп эсептешет. Алар Израилдин соода флотун бутага алып жатканын айтууда, бирок Израил менен байланышпаган кемелер да дрондор жана ракеталар менен аткыланууда.

Натыйжада, дүйнөнүн көпчүлүк кеме ээлери, анын ичинде MSC, Maersk, CMA CGM гиганттары, контейнер ташыган кемелерин Африканы айланып өтүүчү узак жолго салышты. Эгерде алардын артынан жук ташыгычтар жана танкерлер да бул жолго сала турган болсо, Суэц каналы аркылуу кеткен эң маанилүү маршрут боюнча деңиз каттамы токтоп калат.

Kuehne+Nagel жүк ташуучу компаниясынын айтымында, азырынча кеме ээлери бортунда бир жарым миллиондон ашык контейнери бар 120дан ашык контейнер ташуучу кемелерди артка кайтарышты.

Танкерлер жана газ ташыгыч кемелер аларды ээрчип Илгери үмүт тумшугун карай Африканы айланып өтүүгө азырынча шашылбайт. Британ мунай компаниясы BP жана норвегиялык Equinor кырдаал жөнгө салынганга чейин Кызыл деңиз аркылуу мунай жана суюлтулган газ ташууну убактылуу токтотту.

Жүктү дүңү менен ташыган кемелер жана чийки зат ташыган танкерлер жолдогу кыска кризистин өтүп кетишин күтө алышат, анткени ири компаниялар өз убагында келбеген мунайдын же суюлтулган газдын ордун башка жеткирүүлөр аркылуу толтурууга жөндөмдүү. Ал эми контейнердик кемелер негизинен эл керектеген товарларды жана жабдууларды ташыйт. Алар үчүн жеткирүү мөөнөтү жана өз убагында түшүрүү абдан маанилүү.

S&P Global Market Intelligence компаниясынын аналитиктеринин айтымында, Европа бардык товарлардын жана чийки заттын дээрлик 15% Азиядан жана Перс булуңунан деңиз аркылуу импорттойт, ага бардык мунайдын 13% жана мунай продуктуларынын дээрлик 22% кирет.

Орусиянын Украинага кол салуусунан улам жана Батыштын санкцияларынан кийин бул жол орус мунай экспорту үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп калды.

Суэц каналы жана Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу күн сайын ташылган 7 миллион баррель мунай жана мунай продуктуларынын 4 миллион баррели Орусиянын Азияга кеткен эспортуна туура келет, деп билдирет FT гезити Goldman Sachs аналитиктеринин Kplerin маалыматтарына таянып чыгарган эсептөөлөрүнө шилтеме жасап.

Блокаданын коркунучтары кандай?

Хуситтердин чабуулдары Кызыл деңиздеги жүк ташууну камсыздандыруунун жана анын коопсуздугун камсыздоонун баасын жогорулатты. Натыйжада бир жуманын ичинде жүк ташуунун баасы 4%га кымбаттады. Ал эми хуситтердин дрондорун айланып өтүү жолу Түштүк Африкадагы Илгери үмүт тумшугу аркылуу өтөт. Ал 10 күнгө жана 3,5 миң деңиз милиге көп.

Жаңы транспорттук жана камсыздандыруу чыгымдары, жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы жана порттордогу кезектер керектөөчүлөр үчүн баанын жогорулашына алып келет – май куюучу жайдагы бензин дагы, дүкөндөрдөгү товарлар дагы кымбаттайт.

Ковид пандемиясынан жана Орусиянын Украинага басып киришинен кийин ансыз деле инфляция жаңы рекорддорду көрсөттү. Ага каршы күрөшүү үчүн борбордук банктар кредиттик ставкаларды көтөрүштү, бул экономиканы начарлатат жана дүйнөдөгү бакубаттуулуктун ансыз да солгун өсүшүн басаңдатат. Инфляция жаңы эле салкындай баштаган, бирок хуситтердин чабуулдары баалардын жаңы өсүшүнө алып келсе, ал чендерди төмөндөтүү жана экономикалык активдүүлүктүн жандануу мөөнөтүн кечеңдетүү коркунучу бар.

Хуситтер канчага чейин жүк ташуучуларды Европа менен Азиянын ортосундагы негизги соода жолунан оолактатып, коркутуп турат болду экен? Бардыгы ошого жараша болот.

Батыштын алдыңкы бизнес гезити FT буга чейин хуситтердин блокадасын "Орусия Украинага басып киргенден берки дүйнөлүк сооданын эң ири кайра бөлүштүрүлүшү" деп атаган. Bloomberg учурдагы кризис 2021-жылы, Ever Given гиганттык контейнердик кемеси Суэц каналында тыгылып калган учурдагы кризистен ашып өтөт деп болжолдойт. Ал кемени бир жума дегенде араң чыгарышкан, ал эми анын кесепети дүйнөлүк соодага дагы бир нече ай бою сезилип турду.

Хуситтердин чабуулу кимге пайда, кимге -зыян?

2019-жылы хуситтер Сауд Аравиядагы дүйнөдөгү эң ири мунай иштетүүчү заводдун жардырылышына жоопкерчилик алышкан, андан кийин падышалыктын мунай өндүрүүсү бир аз убакытка эки эсеге кыскарып, мунайдын дүйнөлүк баасы 10% жогорулаган.

Хуситтердин чабуулдары Иран үчүн да, Орусия үчүн да пайдалуу, анткени ал чабуулдар Жакынкы Чыгыш аймагындагы глобалдык сооданын жана Батыш кызыкчылыктарынын коопсуздугунун кепили катары АКШнын беделине доо кетирүүдө. Жаңы кризис Украина менен Израилге аскердик жардам берүү түйшүгү менен убара болуп жаткан НАТО өлкөлөрүнө кошумча баш оору болот.

Америка Кошмо Штаттары менен НАТОнун негизги экономикалык жана аскерий атаандашы Кытай азырынча четте байкап турат. Бирок, эгер кризис созулуп, дүйнөлүк соодага доо кетирип, энергиянын кымбатташына алып келсе, хуситтер менен Иранга Бээжин тарабынан кысым болушу мүмкүн. Анткени, Кытай экономикасы оор күндөрдү башынан кечирүүдө жана анын өсүп-өнүгүшү Европа менен тоскоолдуксуз соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз көз каранды. (DO)

Кыйчалыш кырдаал создукса, эскалация болот

Фрэнк Гарднер

BBC News, коопсуздук маселелери боюнча кабарчы

Хуситтерде ракета менен дрондордун чоң запасы бар, алар АКШ абадан сегиз бутага сокку урганына карабай, кемелерге кол салууну токтотпой турганын көрсөтүүдө.

АКШ менен Улуу Британиянын хуситтердин позициясына сокку ургандан башка жолу жок. Хуситтер Кызыл деңиздеги кол салууларын токтотпойт. Аларды жайына коюу - абдан маанилүү глобалдык деңиз каттамын Иран колдоп жаткан террордук топтун көзөмөлүнө өткөрүп берүү дегенге барабар.

Буга чейин АКШнын жетекчилиги менен урулган соккулар хуситтердин ракеталары менен каражаттарына так, туура багытталып, адам курмандыктары аз болуп жатты.

Эми бул кырдаал өзгөрүшү мүмкүн. Сүйлөшүүлөр создуккан сайын, эскалациянын коркунучу күчөй берет. Хуситтер батыштын аскердик учагын атып түшүрүп, колго түшкөн учкучту Сананын көчөлөрү менен алып өткөндөн башканы каалабайт.

Бул азыркы убакта чындыктан алыс сценарий болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок бара-бара бул аба чабуулдарынан Йемендин карапайым калкынын каны төгүлүшү мүмкүн. Бул бүтүндөй Жакынкы Чыгыш боюнча батышка каршы кыжырданууну ого бетер күчөтпөй койбойт. (КС)