"Тарыхый сапар". Кыргыз парламентинин башчысы Лондонго барды

Published

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британияда расмий иш сапар менен жүрөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Кыргызстан эгемендүү болгондон бери парламент жетекчисинин Лондонго биринчи жолку расмий сапары экенин билдирип, аны "тарыхый сапар" деп атады.

5-мартта төрага Британиядагы кыргызстандыктар эмгектенген G’s Fresh айыл чарба фермасына барды. Жолугушуу убагында Британия кыргыз жарандарына сезондук жумуштарга квотанын санын көбөйтүп жатканы тууралуу сөз болду.

"Саясий-экономикалык алакалардан тышкары, жарандарды иш менен камсыздоо жаатында алгылыктуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кыргызстандыктарга бөлүнгөн квотанын саны он миңге көбөйтүлдү", - деди Нурланбек Шакиев.

ЖК басма сөз кызматынын кабарына караганда, ошондой эле жолугушууда кыргызстандыктар Англияда жумушка орношууда келишимдер так аткарылбай жаткан учурлар арбын экенин айтып арызданышты.

Нурланбек Шакиев көйгөйлөрдү чечүү багытында тийиштүү мекемелер менен керектүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

ЖК төрагасы барган G’s Fresh айыл чарба фермасында 400дөй адам иштейт, анын жүздөн ашууну кыргызстандыктар.

Кыргызстан- Кембридж билим көпүрөсү

Нурланбек Шакиев баштаган кыргыз парламентинин делегациясы расмий иш сапардын алкагында Кембридж университетине барып, анын эски кампустарын кыдырып, администрациясы жана окумуштуулары менен жолукту.

“Тарыхый улуу жолду басып өтүп, Исаак Ньютон, Чарлз Дарвин өңдүү бүтүрүүчүлөрү менен таанылган Кембридж университетинде 121 Нобель сыйлыгынын ээси, Улуу Британиянын 14 премьер-министри билим алган. Жалпы адамзатты кызыктырган бул университетке окууну каалаган кыргыз жаштары да арбын. Алсак, университетте окуу мүмкүнчүлүгүн алып, “Кембриджде окуган” деген ардактуу наамга ээ мекендештерибиз да бар. Алардын катарында, вакцинаны муздатпастан сактоо боюнча уникалдуу ыкманы ойлоп тапкан кыргыз кызы Асель Сартбаева Кембридж университетинин аспирантурасында тажрыйбасын арттырса, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов да бул окуу жайда билимин жогорулаткан. Буйруса, ушундай мекендештерибиз дагы көбөйүп, Кыргызстан менен Кембриджди байланыштырган билим көпүрөсү түзүлөт деген ишеничтемин”, – деди Нурлан Шакиев университеттин окутуучулары менен болгон жолугушууда.

Кыргыз парламентинин башчысы ошондой эле Кембридж университетинин профессору Сиддхарт (Монту) Саксена жетектеген Борбор Азия форумунун жыйынына катышты.

Борбор Азия форуму экологияны сактоо, тоо системасын коргоо, жаратылышты калыбына келтирүү, тоо-кен иштетүү тармактары боюнча изилдөөлөрдү да жүргүзүп келет.

Кембриждеги кыргыз тарыхын изилдеген окумуштуулар Кыргыз каганаты жөнүндө китепти Төрага Нурланбек Шакиевге белек кылышты.

Батыштын өзгөргөн стратегиясы

Жогорку Кеңештин төрагасынын Улуу Британияга расмий сапары Украинада согуш создугуп, анын айынан Кыргызстандын эң башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы Россия менен Батыштын мамилеси курчуган геосаясий татаал кырдаал түзүлгөн учурда болууда.

Батыш менен Москванын санкциялык эрегиши күчөгөн шартта Борбор Азиянын геосаясий мааниси жана кадыры өсүүдө. Батыштын лидерлери биринин артынан бири бул региондун президенттерин чакырып, бооруна тартып жаткан убак. Ошол эле убакта Түркия менен Кытай да Борбор Азияны өзүнүн орбитасына тартуу саясатын активдүү жүргүзүп келатат.

Өткөн жылы сентябрда президент Садыр Жапаров федералдык канцлер Олаф Шольцтун чакыруусу менен Германияга иш сапар менен барып кеткен.

2023-жылы ноябрда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британияга иш сапар менен барып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытында бир катар документтерге кол коюлган эле. Мисалы, Кыргызстан менен Улуу Британиянын геологиялык кызматтары кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ошондой эле ICBC Standart bank менен "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасы келишимге кол коюшкан, бул кыргыз алтынын Лондон биржасында жогорку баа менен сатууга өбөлгө түзөт деген билдирүү болгон.

"Эгер баары жакшы кетсе, биздин алтын биринчи жолу эң жогорку баа менен сатылып баштайт. Бул көп мамлекеттер менен ишканалар жете албай келаткан чек",-деген "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бактыгул Абжалиев.

Эми минтип Кыргызстандын парламентинин башчысы биринчи жолу Улуу Британияга расмий сапар менен барды.

Кыргызстандык эксперт Денис Бердаковдун пикиринде жазында Борбор Азия менен Кытайдын саммити өткөндөн кийин Батыш дагы бул региондо стратегиясын өзгөртүп баштады.

"Батышта Борбордук Азия менен карым-катыштын сапаттык жаңы парадигмасын киргизүү керектигин түшүнүштү. Бул парадигмага карасак, биринчиден, БА лидерлеринин Нью-Йоркто Байден менен жолугушуусунда адам укуктарынын, этникалык азчылыктардын укуктарынын сакталышы ж.б. жөнүндө талаптар болгон жок. Экинчиден, жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурулууда. Аны өнүктүрүүгө гранттар жана арзан кредиттер менен кеңири каржылоо жүрүүдө. Үчүнчүдөн, Борбор Азияга тоо-кен байлыктарын казууга немис, жапон, түштүк кореялык, канадалык, британдык жана америкалык компаниялар көп келген жатат",-деп жазды Денис Бердаков өзүнүн Телеграм-каналында.

Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы болгон Москванын маанайын карап иш кылбаса болбойт. Ошол эле убакта Батыш менен болгон мамиленин да бузулушун каалабайт.

"Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Алар Россия менен бир аскердик уюмда болгон менен экономикалык кызыкчылыктары биринчи кезекте",- дейт эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулу.