D Billions: Дүңгүрөгөн дүйнөлүк бренд кантип башталган?

Published

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

YouTube порталында 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар

Сүрөттүн булагы, social media

YouTube порталында 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар D Billions тобу Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биринчи жолу калың элдин алдында концерт берип жатат.

Миллиондогон катталуучу, миллиарддаган көрүүчү топтогон кыргызстандык чыгармачыл топ дүйнөдө эң популярдуу YouTube каналдарынын бири. Би-Би-Си D Billions тобунун пиар-директору Чолпонай менен чыгармачыл топтун ишмердүүлүгү, жакынкы айларда АКШга боло турчу чыгармачылык сапары жана алдыдагы пландары тууралуу маектештик.

Анткени биз “Ак шооладан” баштаганбыз

Сүрөттүн булагы, Руфат Эргешов

Чолпонай: Учурда бизде ар башка тилдеги 15 YouTube каналыбыз бар. Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биз эң биринчилерден болуп бриллиант баскыч алдык. Балдар күнүнө карата өтө турган майрамдагы эң чоң өзгөчөлүк бул – D Billions деген бренд. Адегенде биз дүйнөдө атактуу болуп, андан кийин гана Кыргызстанга таанылдык да. Азыр биздин топ концерт берет экен десе баары келгенге даяр. Акысыз дегенибизге карабай, биздин артисттер менен жолугуп, сүрөткө түшүү үчүн акча төлөйбүз дегендер да бар. Эң биринчи өзгөчөлүк ушул. Экинчи өзгөчөлүк бул – масштаб. Кыргызстандагы эң ири концерт болгону жатат, сахнабыз жана экрандарыбыз дагы чоң болот. Көрүүчүлөрдүн саны да 20-30 миңге чейин болору күтүлүүдө.

Коопсуздук эрежелери дагы киргизилди. Бир билет менен ата-энелердин бири, бир баласы менен гана кире алат. Анткени буга чейинки Ала-Тоо аянтында болуп өткөн иш-чараларда бир адам 4-5 баласы менен келип, балдары адашып, кымгуут түшкөн, жоголуп убара тарткан учурлар бар. Мындай болбосун деп коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча эрежелерди киргиздик. Көрүүнү каалагандар эрежелерди карманса баары жакшы болот деп турабыз.

Бул баскычтын салмагы кеминде 3кг болсо керек
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул баскычтын салмагы кеминде 3кг болсо керек

Би-Би-Си: АКШга боло турган чыгармачылык сапарыңыздар тууралуу план кайдан чыкты? Чакыруу кимдерден келди?

Чолпонай: Былтыр эле бизге америкалык эки үч продюсердик компаниядан сунуштар келип түшкөн. "Силерди аябай жакшы көрүшөт экен, АКШнын 11 шатында биз уюштуруу иштерин жүргүзүп беребиз, келип ырдап бергиле" дешкен. Биз ары ойлондук, бери ойлондук, бир жылга чейин так жооп берген жокпуз. Анткени бир аз туура эмес кабыл алып жатканбыз. Анан ойлодук, адегенде Кыргызстандан башташыбыз керек окшойт, өзүбүздүн балдарыбызга бекер концерт-шоу кылып берип, анан башка өлкөлөрдө улантсак болот деген чечимге келдик. Биз 20 жыл ичинде Eka Records болуп абдан көп концерттерди коюп, гастролдорго чыгып келгенбиз. Бул жолкусу эң масштабдуу болот.

Биз дүйнөлүк турга жөнөп жаткан Кыргызстандагы биринчи топпуз. Пландар азыр деле такталып, кайсы шаарларга барарыбызды карап жатабыз. Анткени башка өлкөгө боло турган гастроль оңой эмес. Кыргызстандан АКШга улам эле каттай бербейбиз да, бир эле барып 15-20 концерт берип кетишибиз керек.

 D Billions деген бренд

Сүрөттүн булагы, social media

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: D Billions тобунун видеолорун көпчүлүк абдан мактап, баш көтөрбөй көрүшөт. Ошол эле маалда "булар жеңил-желпи видеолорду чыгарат, жаш балдардын убактысын алып жатат, балдар үйрөнө турган эч нерсе жок" деген сындар да айтылып келет. Муну сиздер да уксаңыздар керек?

Чолпонай: Ооба, биз жыйырма жылдан бери чыгармачылыкта жүргөндүктөн ар кандай сын-пикирлерди көп эле угабыз. Өзгөчө D Billions тобуна сынчылар биздин өлкөдөн көп чыгып жатат. Муну биз мындай деп түшүндүк: сын айткандардын көбү учурда ата-эне боло электер экен. Адам ата-эне боло электе бала музыкалык клиптерди көрүп, эч нерсе үйрөнбөсө анда бул зыян деп түшүнүшөт экен.

Ал эми ата-эне болгондон кийин D Billions тобунун видеолорун коюп алып, шашпай чай ичип, жумуштарын да бүтүрүп алышарын билдик. Ошондуктан ата-энелер муну зыян деп айтышпайт. Анан быйтыйган кичинекей балаң сөздөрдү жаттап, кыймыл аракеттерди туурап, түстөрдүн айырмасын билип, англисче бир-эки сөз үйрөнүп же санап калса, анда муну кантип зыян деп айтабыз?

Ата-эне болгондон кийин муну эч зыян деп ойлобой, тескерисинче өзүң фанат болуп каласың. “Инстаграмдагы” Dbillions_kids_songs деген баракчабыздагы акыркы посторду карап көрсөңүз, жүздөгөн чет өлкөлүк ата-энелер силерди аябай күтүп жатабыз деп пикир жазышат. Өзгөчө бизди Америкадан, Бразилиядан, Мексикадан, Европадан жада кала Австралиядан ата-энелер күтүп, көп жазышат. Өзгөчө ДЦП жана аутизм менен ооруган балдардын ата-энелери көп жазышат. Силердин музыка, бийлер менен көп нерсени үйрөтөсүңөр дешет. Аутист балдардын мугалимдери бизге ыраазычылык билдирип жазышат. Биз ошондуктан сын-пикир айткандарды туура түшүнөбүз, алар балким ата-эне эмес, же жөн эле биз жакпайбыз. Буз муну туура кабыл алганга аракет кылабыз.

Өзгөчө D Billions тобуна сынчылар биздин өлкөдөн көп чыгып жатат.

Сүрөттүн булагы, official

Би-Би-Си: Ошондой болсо да, сиздер контентти мындан да жакшыртуу үчүн балдар психологу же педиатр менен балким башка адистер менен кызматташасыздарбы?

Чолпонай: Бул биздин өзүбүздүн эле күчүбүз экен. Эрнист экөбүз “Ак шоолода” чоңоюп, өсүп калгандыктан, балдар үчүн контентти 20-жылдан ашык убакыттан бери жаратып келебиз. Ошондуктан балдарын психологиясын да билет экенбиз. Биздин апабыз Гүлмира Эсенгулова, "Ак шоола" балдар хорунун жетекчиси. Ал киши балдардын психологиясын айтып, бизге үйрөтүп турат. Негизи дүйнө жүзү боюнча бир жаштан беш жашка чейинки балдардын психологиясы окшош эле экен. Андан сон бакча, ийрим, мектеп деген факторлордон улам аларда айырма көбөйө баштайт. Ага чейин көбү өтө окшош. Ошондуктан биз аларга туура мамиле кылганга аракет кылабыз.

Би-Би-Си: Миллиондогон катталуучусу бар D Billions тобунун уюткусу “Ак шоола” балдар хору деп айтканга болобу?

Чолпонай: Албетте. Анткени биз “Ак шооладан” баштаганбыз. Эрнист апасынын ичинде эле баарын сиңирип алса керек. Ошондуктан биз 20-жыл мурун эле башталган экенбиз деп эми түшүнүп жатабыз.

D Billions бриллиант баскыч алган учурдагы кенен маектин видеосун бул жерден көрүңүз:

  • Бул канал кантип түптөлгөн, кандай сыноолорду башынан өткөргөн, кандай максаттарды коюшкан? Бул жана башка суроолорго кенен жооп аласыз

Би-Би-Си: Эгер жашыруун болбосо, D Billions тобунун жакынкы жылдарга паланы кандай?

Чолпонай: YouTubе компаниясынан бизге чалышып, "үч жылдын ичинде 25 миллион катталуучу топтогон эң биринчи каалсыңар" деп, рекордубуз тууралуу айтышты. Ага чейин деле сунуштар түшчү, андан кийин да ар жактарга чакырган, акча төлөп беребиз, жеке кечелерге келип бергиле дегендер болот. Айтор ар кандай сунуштар бар. Бирок биз өзүбүз үчүн, чоң акчанын артынан кубалабайбыз, эң башкысы биз тажырыйба топтошубуз керек деген чечим кабыл алганбыз.

Ошондуктан биз жаңы аянтча тандап алдык, бул IT тармагы. Эки үч IT продукт даярдап койдук. Буюрса концерттерибизди бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга Google Play алып келгенге аракет кылалы деп жатабыз. Бул үчүн Google компаниясына чалып, тиешелүү элчиликтер менен сүйлөшүп жатабыз. Кечээ күнү өкмөт башчы Акылбек Жапаров бизге ардак грамота берип, “Кыргызстандын сыймыгысыңар” деп айтып, жардам бере турганын убада кылды. Буюрса Google Play келсе өзүбүздүн оюндарды, окуутуу боюнча тиркемелерди кыргызстандан чыгарып, өлкө казынасына салык төлөгөнгө салымыбызды кошобуз. Биздин өлкөдө таланттуу программисттер көп, алар оюндарды, тиркемелерди башка өлкөлөрдө туруп алып жасап, салыкта да башка өлкөлөргө төлөшөт. Биз өзүбүздүн өлкөбүзгө салык төлөйлү деп жатабыз. Буюрса баары даяр болуп калды.

Би-Би-Си: "Акыядан" баштап улуттук ырларды да сунуштап көрдүңүздөр. Ошолорду дагы да жайылтуу планыңыздар барбы?

Чолпонай: Жаңы баштаганда каяктан экенибизди айткыбыз келген эмес. Мисалы АКШ десе амекрикалык балдар угуп, кызыгат. Ал эми Азиянын бир өлкөсүнөн десе таанышпайт деле да. Көп деле кызыгуу жок болот деп ойлогонбуз. Ошондуктан эки-үч жыл мурун Кыргызстанды дагы айтчу эмеспиз. Чет элдик сайттарда биз тууралуу талкуулар болуп турчу. Айрымдар "арасында орус кыз бар, бул ФСБнын долбоору окшойт, биздин балдардын башын айлантып жатышат" деп чыккандар да болду. Инстаграммы жок экен, өздөрү тууралуу айтышпайт деп шектенишчү.

Анан биз кой, айтышыбыз керек экен деген чечимге келип, баарына жарыя кылдык. Ошондон бери акыя, калпак сыяктуу өзүбүздүн ар кандай улуттук символдорубузду кошуп, өлкөбүздү да тааныштыра баштадык. Биздин 15 каналыбыздын ичинде видео блог каналыбыз бар, ошого Кыргызстан тууралуу, өлкөбүздүн кооздугун, тарыхый фактыларды, маданият ж.б баарын кошуп, балдар үчүн оңой анан маалымат берүүчү блогдорду тарталы деп турабыз. Булар албетте чет өлкөлүк балдар үчүн кызык болот деп ишенебиз.

Би-Би-Си: Disney менен достошо элексиздерби?

Чолпонай: Бизге бир-эки өлкөдөн сунуштар түшүп жатат. Силердин тематикаңар менен парк жасайлы деген. Азырынча кайсы өлкөлөр экенин айта албайм, бирок өнүккөн сонун өлкөлөр. Бизден да сунуштар түшүп жатат, ошондуктан ойлонуп көрөбүз.

Би-би-Си: D Billions канча кишинин башын бириктирип, канча жумуш орун түздү?

Чолпонай: Учурда 70ке жакын адамдан турган командабыз бар. Баштаганда 5-6 адам анан төрт актер эле болчубуз. Алгачкы бир жылда, эч кандай акча алып келген жок. Жалаң энтузиазм менен бир нерсеге жетебиз деп иштеп жатып ушул деңгээлге жеттик. Азыр болсо баары акырындан бутуна туруп, кыймылсыз мүлк алып, ата-энесин бакканга жарап калышты. Бул биз үчүн эң башкы сыймык.