Атамбаев менен Султанбеков баш болгон саясатчылардын камактагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев жана "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баштаган ондой адамдын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Алар 2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында кармалган. Анын алдында ИИМ Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки киши менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.
Милиция кармалгандарды жапырт "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Массалык башаламандыктар" беренелери менен айыпталып жатат.
"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.
ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган.
Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Адахан Мадумаров бул иште күбө катары сурак берген.
Ушул тапта Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Эрмек Эрматов камакта.
Калгандары, анын ичинде, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Урмат Барктабасов, Шайлообек Атазов үй камагына чыккан. Жакында Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев тил кат менен бошотулду. Былтыр 22-ноябрда жапырт кармалган бул кишилердин айрымдарынын иши өзүнчө тергелип жатат.
Буга чейин айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков журналисттердин суроолоруна учкай жооп берип, алар негизсиз айыпталып жатканын билдирген эле.
"Сот жабык өтүп жатат. Себеби эч кандай далил жок, мыйзамсыз. Мына, 62 тергөөчү биздин ишти сегиз ай тергеди. Өзүңөр салыштырып көргүлө. Ташиевдердин ишин эки ай тергеп, соту бир ай болду. Биздин ишти сегиз ай 62 тергөөчү тергеди. Сегиз айда 62 тергөөчү тергей турган бул кандай иш? Сотто биздин күнөөбүздү далилдеп беришсин. Биз эч нерседен качпайбыз", - деген Темирлан Султанбеков.





























